«Эппл» компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобс жарык дүйнө менен кош айтышты


Дүйнөдөгү эң белгилүү компьютердик гигант деп аталган «Эппл» компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобстун жаркын элесин Кыргызстандык колдонуучулар «Твиттер» микроблог платформасында эскеришти.

Стив Джобс — «Эппл» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана анын мурдагы башкы мүдүрү Стив Джобс 5-октябрь күнү рак оорусунан улам көз жумду.

Стивдин рак оорусуна чалдыкканын дарыгерлер 2003-жылдын башталышында эле аныктап, 2009-жылы боорун алмаштыруу боюнча өтө оор операциялардын бирин жасап беришкен. Анда медицина кызматкерлери Джобстун ден-соолугу жакшы экенин билдирип, кубанткан.

Бирок 2011-жылдын август айында Джобс «Эппл» компаниясынын башкы директорлук кызматын аткаруудан баш тартып, директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп жүргөн.

АКШ президенти Барак Обама Джобстун өлүмү менен байланыштуу окуяга терең кайгырып жатканын билдирип, «Эпплды» негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Стив Американын белгилүү новаторлорунун бир болгонун айтат.

«Майкрософт» компаниясынын жетекчиси Билл Гейтс дагы өз кезегинде жакын досунан айрылганын айтып, терең кайгыга батканын билдирди.

«Өзүнүн артында дагы көптөгөн муундарга үлгү катары көрсөтүлүп, ага болгон кызыгуусун арттырган адамдар көп болбойт. Стивдин коомчулук үчүн жасап кеткен иштери дагы көп жылдарга эл үчүн кызмат кылат», — деп Гейтстин сөздөрүн Британиялык Би Би Си жазган.

Ал эми азыркы тапта «Эппл» компаниясынын башкы конкуренти болуп келе жаткан Түштүк Кореялык «Самсунгдун» жетекчилери төмөнкүлөргө токтолду.

«Анын жетишкен ийгиликтери жана заманбап технологияларын убакыт алдыга жылган сайын артта калбастан чыгарып турганы элдин эсинде өмүр бою сакталып калат», — дейт «Самсунгдун» директору Чой Ги-Суна.
Баарына белгилүү болгондой  бүткүл дүйнө жүзү боюнча «Самсунг» жана «Эпплдин» ортосунда сот териштирүүлөрү болуп жаткан.   Бир нече соттук териштирүүлөрдөн кийин «Эппл» компаниясынын  пайдасына оңунан чечилген.

«Эппл» белгилегендей, «Самсунг» өзүнүн аппараттарында iPhone жана iPad түрүндөгү майда техниканын жабдыктарын «Эпплдан» мыйзамсыз алып, колдонгон. Бирок андан көп убакыт өтпөй эле «Самсунг» компаниясына каршылашына каршы арыз жазып, анда жогоруда аталган компания патенттерди легитимсиз колдонуп жатканын билдирген.

«Стив Джобстун элесине арналган флешмоб»

Белгилүү укук коргоочу жана активдүү Илья Лукашев 6-октябрь күнү өзүнүн интернет баракчасында «Стив Джобстун элесине арналган флешмоб» уюштурган. Анын башкы максаты дүйнөлүк кыймылда Стив Джобстун өлүмүнө болгон кайгырууну билдирүү жана анын биз жашап жаткан эпохада эбегейсиз зор салымын жасап кеткенин унутпай жүрөктө сактап калуу керек деген.

«Биз бир гана саясат жана экономика өкүм сүргөн дүйнөдө жашабайбыз. Адамдын жан дүйнөсүнөн чыккан сезимдерге дагы бул дүйнөдө орун болушу керек», — деп акциянын уюштуруучусу билдирди.

Жогоруда аталган платформага nomer555 аттуу колдонуучу «Эппл» компаниясынын башкы жетекчисинин дүйнөдөн кайтыш болгону чындыгында эле абдан кайгылуу окуя экенин жазган.

«Мен татыктуу адам катары сыйлап, баа берип келген адамдардын бири Джобс болгон. Жаткан жериң жайлуу болсун Стив», — деп колдонуучу билдирди.

Кыргызстандык Banda Studio компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Баратов дагы Стивди эскерүүдө төмөнкүлөргө токтолду.

«Макиштондо 4 жылдан бери иштеп келе жатам. Мен ар дайым Apple компаниясынын жетекчиси Стив Джобсту урматтап-сыйлап келгем. Азыркы күндө деле менин ага болгон суктануум менин жүрөгүмдө жашай бермекчи!», — деп Баратов өзүнүн интернет баракчасында жазган.

«Фэйсбук» социалдык тармагынын бир нече колдонуучулары дагы Стив Джобстун жаркын элесин эскерип коюу үчүн өзүлөрүнүн интернет баракчаларынан сүрөттөрүн алышты.

«Достор аватарды бир күнгө алмаштырып, атакатуу адамды бир күнгө эскерип коелу!», — деп колдонуучу Батыр Бот жазган.

«Эппл» «Сити Компьютер» расмий диллеринин сатуу боюнча менеджери Бегенч Гурбансахатов Kloop.kg порталына берген маалыматында, колдонуучулар же кардарлардын көбү өндүрүлүп чыгарылган техниканын көпчүлүгү сапаттуу жана өзгөчө дизайны менен айырмаланып тургандыгы үчүн сатып алышат деп билдирди.

Автор: Эльдияр Арыкбаев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева