Республикалык спартакиада: Спортчулар тамак-ашка бөлүнгөн акчага нааразы

Өлкөнүн баардык облусуна  эки миңге жакын спортчулар катышууда. Алардын ар бирине бир күндүк тамак-ашына мамлекеттик агенттик тарабынан 109 сом бөлүнгөн. Катышуучулардын жана машыктыруучулардын көпчүлүгү берилген акча аздык кылаарын айтышууда.

4- 10 октябрга чейин борбордук А. Суюмбаев атындагы стадиондо спартакиаданын ачылышы болуп  өттү. Жакын арада спартакиадада спорттун 13 түрү боюнча 9 команда мелдешет.

Алардын бирине дзюдо-самбо кирет. Нарын облусунун ушул күрѳш боюнча машыктыруучусу Бакыт Чороевдин айтымында, тамак-ашка бөлүнгөн акча жетерлик эмес.

«Ѳкмѳттѳ бул жѳнүндѳгү  маселени карашы керек. Бир күнгѳ, бир спортчуга 109 сом бѳлүнгөнү туура эмес. Жок дегенде 300 сомдон  кем эмес  каралышы керек»,-деп нааразычылыгын билдирди.

Ошондой эле Чороев спартакиадага катышуу үчүн акча каражаты жетишпегендиктен, жалпы спортчулардын саны планда 190 болсо, алардан 70 ши келген.

«Мисалы, дзюдо боюнча 16 адам келиш керек эле, а биз жетѳѳнү алып келдик»,-деди машыктыруучу.

Бирок Бишкек шаарынын Октябрь райондук спорт комитетинин жетекчиси Марат Усенов да, мамлекеттик агент тарабына тамак-ашка бөлүп берген акчасына канаттанбаганы менен, мелдештердин бардык түрүнө 190 спортчу катышканына сыймыктанат.

«Быйыл алдын ала окуу-машыгуу тандоолорду ѳткѳрүп спорттун бардык түрү боюнча 190 спортсмен алып келдик. Мына көрүп турасынар, биздин формалар эң жакшы»,-деди Усенов.

Оштук спортчуларга кошумча -250 сом каралды

Юнус Махмудов Ош шаарынын «Алыш» ден-соолукту чындоо комлексинин машыктыруучунун айтуусу боюнча,Ош шаардык мэриясы өзүнүн спортчуларына тамак-ашка 300 сомдон бөлүп берген.

«Жергиликтүү болгонубуз үчүн бизди тамак-аш боюнча эки күнгѳ аз каржылашат»,-деп айтты Махмудов.

Бирок шаардык спорт комитеттин төрагасы Замирбек Аскаровдун маалыматында, спартакиаданын  Ош шаардык катышуучуларга жергиликтүү бийликтен 250 сом «витаминдештирүүгө» берилген.

«Спартакиадага катышуу учун даярдануу керек, ошого витамин, тамак-ашына 250 сом»,-деп сөзүн жыйынтыктады.

Ар бир облустун жергиликтүү бийлиги республикалык спартакиаданын спортчуларынын жол акысын жана спорттук формасын камсыздашкан. Ал эми жатакана менен камсыздаган жергиликтүү мэрия. Мэриянын маалыматында, спартакияда уюштуруу үчүн шаардын казынасынан, 16 спорттук залдардын жабдууларына жана оңдоо-түзөө иштерине жалпы 800 000 сом жумшалган.

№ 2- мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Шангүл Абылкасымова спорттун каратэ түрүнө кызыккандыгы үчүн келген. Ал эми Азизбек уулу Адилбектин айтымында, Тайландка күрөш боюнча барып келген досун колдоп келди.       «Эгер Мухамадалы Омурзаков досу жеңсе Лондондогу олимпиадага жолдомо алат деп укканбыз» ,-деди ал.

Спартакиаданын тарыхы

Республикалык спартакиада 1991-жылы борбордо башталган.  Башында ар эки жылда өткөрүлүп турган. 2003-жылдан бери ар төрт жылда өтө турган болуп калган. Негизги максаты массалык спортту элдин бардык терең катмарына жеткирүү жана өнүктүрүү. Ош шаарында үчүнчү жолу өткөзүлүп жатат. Спартакиадада негизги спорттук оюндарга дзюдо-самбо күрөштөрдүн түрү, волейбол, баскетбол, футбол, греко-рим жана греко-рим эркин күрөшү, бокс, стол үстүндө теннис, шахмат, шашки, жеңил атлетиканын түрлөрү жана оор атлетика кирет. Жеңүүчүлөр медалдар, акчалай сыйлыктар, граммота жана дипломдор менен сыйланышат


Редактор: Айзат Шакиева