Британдык басма сөздүн билдирүүсүндө Кыргызстандык кыздардын үчтөн бир бөлүгү мажбуролоо менен турмуш курат

«Кыргызстандык кыздардын үчтөн бир бөлүгү мажбурлоо менен турмуш курат»-деп билдирет ала качуу боюнча изилдөөнүн жыйынтыгында «Индепендент» Лондондук басма сөзүнүн билдирүүсүндө.

Материалдын автору – журналист Эмили Даген. Ал кыргыз калкынын тогуз айылында жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде жыйынтык чыгарып жазган.
Изилдөөнүн негизинде 1332 үй-бүлөнүн жарымы ала качуу менен турмуш кургандар болуп чыккан. Анын үчтөн бири гана өз каалоосу менен ала-качууга макул болгондор, качан кана өздөрү ала-качууга макул болуп баргандар жана салттын сакталып калышына мүмкүнчүлүк тузгөндөр.

Ал эми калган учурларда кыздын көңүлү эске алынган эмес жана аларды мажбурлоо жолу аркылуу турмуш кургандар. Айрым айылдарда үй-бүлө кургандардын 80%ы ала качуу аркылуу турмуш кургандар-деп жазат Лондондук басма сөздө.

Журналист Дагендин айтуусу боюнча Советтер Союзу кулагандан кийин ала качуу көбөйгөн. «Ала-качуу кылмыш иши экендиги мыйзамда көрсөтүлгөн жана үч жылдан ашык эркинен ажыратылуусу да жазылган. Бирок ага карабастан ала-качуунун айрымдары гана соттко чейин жетет»-деп жазат Даген.

Ошол эле учурда кыргызстандыктар бул нерсени кылмыш иши катары эмес, салт катары карашат-деп жазат басма сөздө. 21-кылымда бул нерсенин кесепетинен канчалаган ажырашуулар болуп, бир топ үй-бүлөлөр кураган-деп билдирет «Индепендент».

Гезит мисал катары активист жана жети жыл мурун өзү ушул ахвалга кабыл болгон инсан катары Газбүбү Бабаярованы карайт. Бирок Бабаярова өз жарын алдоо менен качып кеткен.

«Бирок, үйүнө кайткан соң, анын үй-бүлөсү телефон аркылуу байланышып, турмуштан баш тарткандыгынан уятка калтыргандыгы туралуу айтышкан»-деп жазат британдык журналист.

Ала-качууга болгон таасир

Ички иштер министрлиги бул макала туралуу коментария беришинен баш тарты жана ала качуу алардын кызматына карабсатыгын билдирди.

«Сезим» аттуу кризистик борбордун аялдарга болгон кош көңүлдүктүн алдын алуу боюнча кызматкердин айтуусунда, ала качуу менен турмуш кургандардын көпчүлүгүнүн жашоосу ажырашуу менен аяктайт.

«Биздин борборго көптөгөн жаш келиндер кайрылат, алардын көпчүлүгү ала-качуунун негизинде турмуш кургандар. Аларды мажбурлоо аркылуу калтырышкан, акыр акыбети алардын турмушу ажырашууга алып келди»-деди биз менен маектешкен борбордун жетекчиси.

Кыргызстандагы ала-качуунун көлөмүн жана санын «Сезим»кризистик бобрбору да, өкмөттүк жетекчилер да толугу менен айтып бере алышпайт.
Ошондой экен «Индепендент» гезитинин изилдөөсү тууралыка жакын экени айгинеленип турат.

«Гугл» интернет уюлу боюнча биринчи орунда Будапештеги борбордук-европалык университетин профессору Питре Ломдун изилдөөсү биринчи орунда турат. Ал Кыргызстанга келип ала-качууга күбө болуп, ал туралуу кино тартып кеткен.

Анын изилдөөсүндө айтылгандай ала-качуунун негизинде жаш кыздар өз өмүрлөрүнө коркунуч тудуруу менен аяктаган.

Ошондой эле Лондондук гезитин билдирүүсүндө, Ысык-Көл облусунда 20-жаштагы эки кыз быйылкы жылда ала-качуунун негизинде өз өмүрлөрү менен кош айтышкан жана өз жеринде чоң таң калууну жараткан.
Бирок аз гана нерселер өзгөрду деп билдирет гезит.

Сурөт Питер Ломанын тасмасынын үзүндүсүнөн алынды..
Автор: Бектур Искендер
Которгон жана Редактор: Айгуль Атабекова