«Кыргызстан» аба жолдору жүргүнчүлөргө суу ордуна уксус бергендигин моюнуна алган жок

Айтылган авиакомпаниянын жетекчилиги Стамбулдан учуп келе жаткан аба катамында жүргүнчүлөргө суу ордуна уксус берилгени жөнүндө жарыяланган «Жаңы Агым» гезитиндеги макаланы «чылк чалган» экенин айтууда.

7-октябрь күнү Стамбулдан Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен биргеликте учуп келе жаткан журналисттерге стюардессалар кокустан суу ордуна уксус куюп берген деп жазылган «Жаңы Агым» гезитинин ошол санында.

«Суусап турган журналисттер суу ордуна уксус ичип алып бул жашоодон аркы жашоого кетип калышына аз калды»-деп жазат гезит.

«Кыргызстан» аба катамынын жетекчисинин орун басары Александр Березенцев бул нерсени «чылк жалган» деп билдирди.

Анын айтымы боюнча уксус самалётто болушу мүмкүн эмес, себеби ал жакта болуучу  ар бир тамакты атайын врачтар текшерген соң гана алып барылат.

«Жаңы Агым» гезитинин редакциясы Kloop.kgнин корреспондентерине болгон айтуусу боюнча, гезиттин журналистери аба катамдын кызматкерлери менен макала жазуунун алдында тактоо максатында байланышкан эмес .

«Менин угуум боюнча «Баракелде» интернет жанылыктар баракчасынын журналисттери ушундай абалга туш болгонун биздин журналистерге айткан »-деп билдирген корреспондент менен болгон маегинде өзүн тааныштырбаган гезиттин редактору.

Бирок «Баракелде» интернет жаңылыктар баракчасы алардын журналистеринин «Кыргызстан» аба катамында уксус ичкендиги боюнча болгон окуяны четке какты.

«Бул туралуу биз эч нерсе билбейбиз»-деп билдирди «Баракелде» редакциясынан.

«Баракелде» өз журналистеринин Стамбулдан келе жаткан катамында төрага менен биргеликте келгенин жана «Жаңы Агым» гезитинин журналистери менен самалёт конгон соң байланышпаганын билдирди.

Макала биринчи «Жаңы Агым» гезитинде 7-октябрда кыргыз тилинде жарыяланып, эки күн өткөн соң орус тилинде «Гезиттер» сайтында жарыяланган.

«Институт медиа-полис»(ИМП) жетекчиси Бегаим Усенованын айтымында, айрым кыргыз гезиттеринде бир топ такталбаган жаңылыктардын жарык көрүшү байкалат деп билдирет.

Аталган уюм сентябрь айында Кыргызстан басма сөздү боюнча маниторинг жүргүзүп, 101 жарыяланган булактан 42си гана такталган.

Андан сырткары кырк экисинин так булагы көрсөтүлгөн эмес, ал эми 17 жарыяланган макаланын авторлору жазылган макалалары ушактын негизинде жазылганын моюндарына алган.

 Сүрөттүн автору: Сабор Габо, airliners.net

Автор: : adinay

Редактор жана Которгон Айгуль Атабекова