Кыйнап-кыстоо иши соттордун көмүскөсүндө калып келет

Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан ырайымсыздык мамиле кылгандыгы туралуу «Эркиндик үнү» фондунун кыстап-кыйноо боюнча күрөшүүнүн отчеттунда жарыялаган. Мекеменин билдирүүсүндө ар бир кайрылган иштин аягында соттун чечими чыккан эмес.

«Эркиндик үнү» берген жыйынтыгында депутат Бахтияр Кадыровдун ишине байланыштуу дакументердин негизине таянган. 2009-жылдын август айынан тартып 2010-жылдын аягына чейин Кыргызстанда укук коргоо органдары тарабынан 186 кыйнап-кыстоо иши каталган.

«93% кыйнап-кыстоо бул убактылуу кармалуучу жайларда болгон болсо, жабыр тарткандардын арасынан 10 аял жана 6 жашы жетелек курактагы балдар кабыл болгон. Айрым учурларда кыйнап-кыстоо өлүм менен аяктаган учурлар да каталган»-деп билдирди Кадыров.

«Эркиндик үнү» фондунун укук коргоочулары укук коргоо органдарына каршы ачылган 11 ишти көзөмөлдөшүүдө. Мекеменин билдирүүсүндө бир дагы ачылган иш кыйнап кыстоо боюнча каралган күнөлүүгө чечим чыгаруу менен аяктаган жок.

«Кайрылган иштер боюнча соттордун көмүскөсүндө калып, жабырлануучуларга чындыкты далилдөөгө эч кандай шанс калтырбаган бойдон калууда »-деп билдирет фонд.

«Кыстап-кыйноодон жабыр тарткандарга документтештирилген далилдер да жардам бербей жатат»- деп билдирди «Эркиндик үнү».

«Күбөлөөрдүн берген далилдеринен соң да, кыстап кыйноонун негизинде чыккан медициналык экспертизанын баракчаларынан кийин да, сотко келгенде кадалып калууда »-деп билдирди мекеме.

Кыйнап кыстоо боюнча мисал катары жеке ишкер менен жана бажы кызматкери Фируза Физиевди кароого болот, себеби арыздын негизинде мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 16 кызматкерлеринин кыстап кыйноосунда каза болгон.

Айтылган мисалды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасынын орун басары Мусаев Колбай жалган экенин айтып четке какты. «Фазиевге карата мамиледе эч кандай күч колдонулуп, кыйнап кыстоо болгон эмес, ал өзү мыйзамсыз делген курал жарактарды алып бараткан жерден кармалган кезде биздин кызматкерлерден качып кетүү максатында баратып экинчи кабаттан кулап түшкөн»-деп билдирди.

Бул нерседен бир гана кыргызстандык жарандар гана жабыр тартпайт

2011-жылдын башында коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан Филиппин жараны деп табылган жеке ишкер Немоэль Балага салыктарды өз учурунда төлөбөгөн деген айыпталуунун негизинде кармалган.

Филиппин жаранынын котормочусу Седел Бозгунбаеванын Kloop.kg сайтына берген интевьюсунда, 17-мартта Балаганы Чүй облустук коопсуздук комитетинин кызматкерлери кармап, ур-соккуга алып, андан салыкты төлөөсүн талап кылган.

Ошол учурда коопсуздук комитетин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев өзүнүн дарегине болгон күнөөнү четке кагып, «Коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан эч кандай чектен чыгуулар болгон эмес»-деп билдирди.

Андан сырткары улуттук коопсуздук комитеттинин кызматкерлерин укук коргоочулар кыйнап-кыстоодо күнөөлөп келет ошондой эле милиция кызматкерлерин дагы. Себеби бул туралуу 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, август айында болуп өткөн россиялык жаран Усманжан Халмирзаевдин өлүмүн айтууга болот. Ошол учурда «Эркиндик үнү» фондунун айтуусунда туугандарынын билдирүүсүндө, Усманжан ошол жердик милициялардын күч колдонуусунда жана ур токмоко алуусунда каза тапкан. Бир ай өткөн соң Базар-Коргондук прократурасу тарабынан төрт кишиге кылмыш иши козголгон. Бирок азыркы учурга чейин бир да жыйынтык чыга элек.

Кыйнап кыстоолорго каратта мыйзам долбоор

Адам укуктары боюнча комитети жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам долбоордун жетекчиси катары сөз сүйлөгөн комитетин жетекчиси жана депутат Дастан Бекешев болду.

«Мен балдардан милиция кызматкерлеринин баш аламандыктары боюнча көп угуп калам, мисалы убактылуу кармалуучу жерлердеги, колонияларда, ошондой эле эркиндиги чектелген жерлердеги кылыктар боюнча»- деп белгилеп өттү Бекешевдун сөзүн «Эркиндик үнү» фонду.

Депутат улуттук борбор түзүүсүн билдирди. Анын айтымында бул борбор кыстап-кыйноо боюнча кызматкерлердин ишин көзөмөлгө алып турат деп билдирет.

2008-жылы Кыргызстан көп тармактуу макулдашууга кол койгон. Ал эми конвенцияга 1997-жылы кошулган, ошондой эле 2003-жылы кылмыш жана жаза кодексинде жаңы мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын негизинде орто эсеп менен беш жылдык өмүрүнөн ажыратуу каралган.

Сүрөттө убактылуу кармоочу жай.

Сүрөттүн автору: Эльдияр Арыкбаев.

Автор: Эльдияр Арыкбаев

Редактор жана которгон Айгуль Атабекова