11 октябрда Ош шаарындагы «Келечек» чыгармачылык борборунда 3 жаштан баштап бардык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу окутуу борборунун ачылышы болду.
Бул окутуу борборунда акысыз тигүү, тамак - аш даярдоо, сүрөт тартуу жана бала- бакчасы бөлүмдөрү бар. Коомдун негизги максаты окуучулардын шыгын жана бири бири менен мамиле түзүүсүн өркүндөтүү. Орто Азиядагы Евразия жана «Кош Аракет» коомдук фондунун демилгеси менен бул долбоор ишке ашырылды.
Иш чарага бей өкмөттүк уюмдар, Ош облусунун жана шаардын мүмкүнчүлүгү чектелген интрернаттарынын мугалимдери, окуучулары жана шаардык мэрия катышышты. Аларга бардык атайын жасалган төрт бөлүмдүн көрсөтмөсү болуп өттү.
«Кош Аракет» КФнун жетекчиси Эркингүл Каракозуеванын маалыматында, окутуу борборуна 25 000 тегерегинде АКШ доллары жумшалды. Бул жерге бардык аймактардан келген жарандарды кабыл алат.
Ар бир келген окуучуну диагнозуна карап, бир бөлүмдө 10 адамды, эки мугалим окутат. Мөөнөтү график менен 1 саат 30 мүннөттөн өтүлүп, жалпысынан бир күндө 50 окуучу билим алат.
«Бул атайын келип, окуп эле кетет деген эмес, дайым келип бири –бири менен достошуп дегендей»,- деп айтты Каракозуева.
Ошондой эле окутуу борбордун бүтүрүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылууну экинчи максатка коюшкан.
Ал эми башка калоочулар болсо, акча каражатын төлөп окуса болот. Азыркы учурда, акы төлөмү толук чечиле элек.
«Үй -бүлө – ар бир наристеге» коомдук фондунун жетекчиси Сейден Бешмуратова, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесин жумуш менен камсыз кылуу маселесин карашаарын үмүт кылып келген.
«Бизде ар кандай категориадагы, түрдүүчө колдоого муктаж болгон балдар бар. Алардын ата- энелери иш менен эмес , балдарын кароо менен алектенишет ,ошол ата-энелерди жумуш менен камсыз кылуу маселеси да каралса жакшы болмок»,- деди Бешмуратова.
«Келечек» чыгармачылык борборунун жетекчиси Турат Муратов, ар бир жаш бала билим алууга укуктуу болгондуктан окутуу борборун колдогон.
«Дүлөй, дудук, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ыңгайлуу шарт түзүлдү. Азыр биздин коомдоогу ар бир бала жакшы жашоого толук билим алууга укуктуу», – деп билдирди Муратов.
Редактор: Айзат Шакиева