Шайлоо — 2011: Атамбаев басма сөз беттеринин көпчүлүгүндө басымдуулук кылып келет

Кыргыз Республикасынын медиа-полис институтунун изилдөөсү боюнча премьер- министр Алмазбек Атамбаев шайлоо алдында өзүнүн атандаштарынан айрымаланып басма-сөз беттеринде басымдуулук кылган.

26-сентябрда башталган шайлоонун биринчи жумасында Кыргызстандын көпчүлүк гезит беттеринде Алмазбек Атамбаев жөнүндө макалалар жарыяланып, жалпы сан менен 52 макала жазылып, изилдөөдө каралган.

Массалык маалымат каражаттарынын кызыгуусуна ээ болуп келе жаткан талапкер Адахан Мадумаров жөнүндө Алмазбек Атамбаевге караганда эки эсе аз макала жарыяланган. Өткөн учурдагы мурунку Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы жана Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровго 31 макала арналган.

Ал эми талапкерлердин арасындагы үч илтиктин катарын толуктап келе жаткан «Ата-Журт» партиясынын лидери жана парламенттик депутат Камчыбек Ташиевге карата 21 макала жарык көргөн.

Ошого карабастан примьер-министр жөнүндө жалаң гана оң жакта жазылган материалдар жарык көрүүдө деп билдирет изилдөөнүн негизинде.

Атамбаев жөнүндө жазылган 52 макаланын ичинен 29 макала ал жөнүндө мактоо темасында болгон, ал эми 18 макалада эки жактуу нейтралдуу негизде жазылган, калган 5 макалада примьер- министрди критикалап жазган.

ИМПнын отчетунда примьерди эмне максатта критикалап жазгандыгы айтылбаган. Калган талапкерлер боюнча терс жактары жазылган. Мадумаров жана Ташиевдин көпчүлүк макалалары критика жана терс көрүнүштөр.

Аталган үч илтиктен тышкары генпрокурор Кубатбек Байболов да четте калбастан ал жөүндө 13 макала жарыяланган. Калаган талапкерлер жөнүндө аз-аздан гана баш багылып жазылып турган.

Бир жумалык изилдөөдүн негизинде басма сөз беттеринде талапкерлер жөнүндө 50 жакшы маанидеги макала жарыяланган. Анын ичинен 24 макаласы шайлоочунун казынасынан төлөнгөн буйуртма макала болгон деп билдирет ИМП

Айрым бир гезиттерде Атамбаевге караштуу тийиштирме же ал жөнүндө буйртма макалалар жарык көргөн. Мунун баары аталган инсандын шайлоо фондунан төлөнгөн.

Медиа- полис институнун айтуусунда өтмөк маанидеги агитация бул интервью түрүндө серепчилерден жана саясатчылардан алынган, алар талапкерлерди мактап гана айтып беришкен.

Борбордук Шайлоо Камитети мурун эле Атамбаевге шайлоонун айрым бир мыйзамдарына баш ийбестен агитацияны басма сөздөрдөн эрте баштаганы тууралуу эскертме берген эле.

Атамбаевге болгон башка эскертүүлөр 11 октябрда «Дизель» форумунда – колдонуучулар тарабынан «АКИпресс» сайтында россиялык кесиптеши Владимир Путин менен болгон сүрөтү чыккандан кийин айтылып жазылган болчу.

Шайлоо негизине жазылган мыйзамдын негизинде талапкер башка элдин лидерлери менен түшкөн сүрөттөрүн колдоно албастыгы көрсөтүлгөн. «АКИпресс» алардын сүрөттүн жарыяланган соң алып салган.

Сөз эркиндиги - эркиндикте

Массалык маалымат каражаттарынын серепчилеринин айтуусу боюнча шайлоо алдында журналистерге болгон басым катталган эмес жана өткөн 2009-жылдагы Курманбек Бакиевдин президенттикте жеңип чыккан шайлоодон айрымаланып турат.

«Бакиев 100 % басмырлап турган жана эч кандай шайлоо болгон эмес, ал эми азыр шайлоо бар»-деп эсептейт Мария Раснер, Кыргыз Республикасынын «Интерньюс Нетуорк» өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

«Ошондой эле ар бир телеканалдарда тең салмактык болгон эмес, азыркы кезде аны байкоого болот» -деп билдирди Мария Раснер

2011-жылдын шайлоосунда «Журналистер» коомунун жетекчиси Мара Токоевдин айтуусу боюнча талапкерлердин ММКда катышуусу алардын финасылык абалына байланыштуу деп билдирет.

«Ким көп төлөсө, ошол сүлөйт жана жаңылык буйруйт»- деп билдирди Токоев. Быйылкы жылдын ичинен талапкерлер тарабынан журналисттер коомуна журналистерге болгон кысым тууралуу эч кандай арыз түшкөн эмес.

Автор: Бектур Искендер жана Эльдияр       Арыкбаев                                 

Редактор жана которгон: Айгуль Атабекова