Шайлоо-2011: Талапкерлердин саны 21ге чейин кыскарды

 

Президенттик тактыга өзүн өзү көрсөткөн талапкер Акылбек Жапаров менен «7-апрелдеги жаштар кыймылынан» талапкер Нариман Тюлеев болочок тактыдан баш тартышты. Депутат Акылбек Жапаровдун айтуусунда мамлекеттин абалын өзгөртүү максатында болсо, экс- мэрдин билдирүүсүндө 20 күн үгүтөө ишин  жүргүзүүгө аздык кылат. Ошентип президенттик тактыга ат салышкандардын саны эки адамга азайып, 21 талапкер болуп калды.

11-октябрь күнү Акылбек Жапаров өз талапкерлигинен баш тартканы туралуу жарыялады. Өз сөзүндө өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту колдоорун билдирди.

«Азыркы кезде мамлекетибиздеги экономикалык жагдай оор абалда, экинчиден финасылык кризистин каптап келе жатышы  коркунуч туудурат. Ошон үчүн  абалды турукташтыруу максатында мен кайра өз багытыма кайтым»-деп билдирди Акылбек Жапаров.

 Мындан ары депутат катары, бюджет жана финансы комитетинин жетекчиси боюнча кала беришин билдирди.

Депутат кимдир бирөөнү колдоосун билдирген жок. Бирок анын көз карашы азыркы кезде шайлоо менен алек болуп жаткан премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен дал келери билинип турду.

«Үгүтөө иштерине убакыт жетишпей жатат»

Дагы бир талапкер Нариман Тюлеев президенттик тактыдан баш тартты. Ал өзүнүн «Твиттеринде» билдиргендей, үгүтөө иштерине убакыт аздык кылат деген.

«Достор! Шайлоого аябагандай аз убакыт калды, үгүттөө иштерин толук кандуу жүргүзө албаган соң,  мен талапкерликтен баш тартууну туура көрдүм »-деп билдирди экс-мэр.

Борбордук шайлоо комитетинин билдирүүсүндө тогуз талапкер  кол топтоону комиссия тарабынан атайын аныкталган  тартипте эмес, өзү билгендей толтургандыгы үчүн аны жараксыз деп тапкан.  Бирок, сегизи Аскарбек Абышевден башкасы, БШК менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган, ошондой эле комиссия чогулган кол топтоо боюнча кагаздарды эсептөөсун талап кылган.

«Биз  жыйналган кагаздарды эсептеп карап чыктык, жыйынтыгында биринчи караганга караганда көп кагаздар туура толтурулгандыгы далилденди»-деп айты БШК жетекчиси Туйгуналы Абдраимов.

Нариман Тюлеев мыйзамдуу түрдө 6-октябрда Турсунбай Бакир уулу, Төрөбаев, Колубаев, жана Акбаралы Айтикеев менен биргеликте каталган.

Тюлеев, Бакир уулу, Колубаев жана Айтикеевдин катоолору үгүтөө иштери башталгандан 11 күн өткөн соң болгон.

Дагы төрт талапкер шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алган жок. Алар, Токтайым Үмөталиева, Салмоорбек Дыйканов, Калыбек Арабаев жана Уланбек Сооданбеков.

Турсунбай Бакир уулунун Kloop.kg. Интернет порталына берген интервьюсунда анын талапкер катары кеч каталгандыгынан капа экендигин билдирди.

«Биз үгүтөө иштерине болго 11 күндү жоготтук, ал эми БШК менин шайлоону дагы алдыга жылдыруу боюнча сунушумду колдогон жок»-деп айтат Бакир уулу.

«Ошондой эле талапкер катары 90-жолугушуудан кур калдым»- деп билдирди

«Азыр үгүтөө иштерин баштайм жана шайлоочулар менен жолугушам. Баари бир көп жолугуушулардан кечиктим, өткөн шайлоодо жети жолугушуудан өткөргөн элем. Андан сыңары шаар ичиндеги баннерлерди тандоодо да четте калдык, себеби көпчүлүк баннерлер башка талапкерлердин үгүтөөсү менен бош эмес»-деп айтат «Эркин Кыргызстан» партиясынан талапкер.

Ал эми Өмүрбек Суваналиев калган төрт талапкердин катоосу жөнүндөгү кабарды туура  менен кабыл алды.

«БШК кандай жол менен булардын багытын тосуп койгонун билбейм, ошого карабастан алар мыйзам негизинде шайлоого болгон катышуу укугун ала алышты»- деп билдирди Суваналиев.

Кубанычбек Исаевдин билдирүүсүндө, шайлоо убактысын 13-14 ноябрга жылдырыш керек, себеби баардык талапкерлер бирдей үгүт иштерин жүргүзүүсү зарыл.

Теледебаттарга катышуусу

Телеканалдардан берилүүчү дебаттарда Нариман Тюлеев, Алмазбек Атамбаевдин атаандашы болгон.

БШКнын 10-октябрда болгон чогулушунда талапкерлер арасында кайрадан чучу кулак кармоо зарыл болду, себеби Атамбаевдин жаңы атандаашы ким болорун тактоо керек эле. Бирок БШК дебатта беттешүү  тизмесин бузбоону туура көрдү.

«Атамбаев дебатта өзү сүйлөйт, биз бул жерде жаңы чучу кулак кылбайбыз»-деп айты БШК мүчөсү Жеңишбек Акматов.

Ошол эле чогулушта талапкерлердин бюллетендерде катарлаш жайгашуусу чучу кулак аркылуу чечилди. Тюлеев биринчи орунда болду.

«Биз чучу кулакты жаңыдан кылбайбыз, ар бир шайлоо бөлүмдөрүндө шайлоочуларды кабарлап туруучу кабарчылар болот. Алар Тюлеевге добуш бербесин айтып турушат»-деп айты БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров жана Гульнара Джурабаева.

Биринчи улуттук телеканалда 17-27- октябрда өтүүчү теледебатта катышуучулардын тартиби.

17 октябрь – Адахан Мадумаров, Сооронбай Дыйканов жана Марат Иманкулов;

18 октябрь – Камчибек Ташиев, Турсунбай Бакир уулу жана Алмазбек Каримов;

19 октябрь – Анарбек Калматов, Кубанычбек Исабеков жана Кубатбек Байболов;

20 октябрь – Темирбек Асанбеков жана Курманбек Осмонов;

24 октябрь – Арстанбек Абдылдаев, Алмамбет Матубраимов жана Акбаралы Айтикеев;

25 октябрь – Алмазбек Атамбаев;

26 октябрь – Шамшыбек Медетбеков, Омурбек Суваналиев жана Роман Оморов;

27 октябрь – Жумабек Токтогазиев, Исхак Масалиев жана Торобай Колубаев.

ЭлТР каналынан 12-27- октябрда өтүүчү теледебатта катышуучулардын тартиби.

12 октябрь – Адахан Мадумаров, Алмамбет Матубраимов жана Сооронбай Дыйканов;

14 октябрь – Торобай Колубаев, Омурбек Суваналиев жана Роман Оморов;

17 октябрь – Исхак Масалиев, Курманбек Осмонов жана Арстанбек Абдылдаев;

19 октябрь – Алмазбек Каримов жана Турсунбай Бакир уулу;

21 октябрь – Кубатбек Байболов жана Шамшыбек Медетбеков;

25 октябрь – Марат Иманкулов жана Темирбек Асанбеков;

27 октябрь – Камчыбек Ташиев, Алмазбек Атамбаев жана Кубанычбек Исабеков.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Анна Лелик

Редактор жана которгон Айгуль Атабекова