Курман-айт майрамы бул жылы октябрь революциясына туш келет


Мусулмандардын Курман- айт майрамы 7-ноябрь, октябрь революциясынын жеңиш күнүнө туш келди. Дин жаатындагы серепчи Икбол Мирсаидовдун айтымында, Курман- айт майрамынын белгилөө маалын, убакыттан эрте аныктоо, орозо айтта болгон башаламандыкты кайра болтурбоо максатында белгиленген.

Өткөн жылдарга салыштырмалуу Курман-айт майрамы быйыл 9 күнгө эрте — 7 ноябрда белгиленет. Бул туралуу Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Саясат Асанов билдирди.

«Ай жыл-наамасы белгиленген жана айдын башталышы бизге маалым болду. Ошол себептен биз Курман-айт майрамы 7-ноябрга туш келди, деп айта алабыз», — деди Асанов.

7-ноябрь Кыргызстандын аймагында расмий негизде дем алыш күн катары каралып, бул күнү октябрь револяциясынын күнү белгиленет. Ал эми жыл сайын өткөрлүүчү Курман-айт майрамы өткөн жылы 16-ноябрда белгиленген.

Элди жумуш менен камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиргендей, эгер Курман-айт майрамы быйыл октябрь революциясы менен биргеликте белгиленсе, анда өлкөдө майрам күнгө туш келген дем алыштардын саны бир күнгө кыскарат.

Намаз окуу убактыларын баардык өлкөлөрдө жарыялап турган «Намаз Вакти» интернет сайтында көргөзүлгөндөй, Кыргызстанда Курман-айт майрамы, 2011-жылдын 6-ноябрында өткөрүлүшү керек.

Курман-айт — бул ислам дининдеги ай жыл-нааасына ылайык келген, ар бир жылдын 12 айынын онунчу күнүндө белгилене турган мусулмандардын майрамы. Бул күнү таң атканда жамаат намазы окулуп, андан кийин курмандык чалуу болот.

Башаламандыкты токтотуу

Кыргызстандын муфтияты Курман-айт майрамын белгилөөнү мөөнөтүнөн эрте жарыялоосу, орозо-айтта болгон башаламандыкты болтурбоо аракетинде болгон. Мындай ойду дин жаатындагы серепчи Икбол Мирсаидов билдирип, Курман-айт белгилөө күнү майрамга он күн калганда билиниши керек дейт.

«Божомол менен муфтият Курман-айт майрамын белгилөө күнүн 20-октябрларда айтат. Балким азыр айтылган күн бир күнгө эрте же бир күнгө кеч коюлуп калышы мүмкүн», — деп кошумчалады серепчи.

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов бул жылы рамазан айтынын бүтүшүн жана орозо-айт майрамынын башталышын, улуу күнгө жарым саат калганда гана жарыялаганына байланштуу, көпчүлүк ишканалар жана уюмдар башаламандыкта калып, башталган иш күнүн уланта берүүгө аргасыз болгон.

Kloop.kg порталына берген маалыматында келээрки жылы мусулмандардын диний башкармалыгы рамазан айынын аяктаганын жана орозо-айт майрамын белгилөө күнүн бир нече күн мурун жарыялаганга аракет кылаарын билдирди.

«Рамаз айынын жыйынтыкталышына 5-6 күн калганда, биз орозо-айт майрамын белгилөө күнүн жарыялайбыз», — деди кыргызстан мусулсмандар диний башкармалыгынын орун басары Асанов.

Мирсаидов белгилегендей, майрамды белгилөөнү бир нече күн мурун аныткап алууга толук мүкмүнчүлүктөр бар. Маселен ай жыл-наамасы бир ай мурун иштелип чыгат.

«Орозо-айтты майрамдоо күнү келээрки жылы так аныкталат. Анткени бул жылы рамазан айынын бүткөн убагы 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгына дал келип калды. . Ошол себептен бул жылы орозо-айт бир күн эрте белгиленди», — деп эсептейт Мирсаидов.

Кыргызстанда биринчи жолу ороза-айт майрамын белгилөө күнү анын башталышына жарым саат калганда жарыяланган.

Быйыл муфтий майрамды өткөрүү күнүн так аныктоо максатында 29-август күнү түндө айдын көрүнүшүнө карап аныктоону чечти.

Автор: Айкөл Болотбекова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактор: Айгуль Атабекова