Президенттикке талапкерлерге каршы жасалган иштерди милиция кызматкерлери көзөмөлдөбөй жатат


«Демократия жана жарандык коом үчүн» укук коргоо коалициясы билдиргендей, Камчыбек Ташиев жана башка президенттикке талапкерлердин баннерлери ар кандай кол салууларга дуушар болгон. Уюмдун билдирүүсү боюнча, «мындай учурларда эч кандай чараларды көрбөй жатат»- деген маалымака ИИМ макул эместигин билдирген.

Президенттик тактыга талапкерлердин бири Камчыбек Ташиевдин штабдарынын бири Чүй облусунун Сосновка айылында орун алган. Штаб орун алган үйдүн башкаруучусунун айтымында анын үйүндөгү өрт 6-октябрда катталган.

30-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо азыркы премьер-министрдин башкы каршылашы болуп келе жаткан Камчыбек Ташиевдин штабында чыккан өрт атайын жасалган, дешет Ташиевдин колдоочулары.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиргендей, өрт кокустуктан коңшу жайгашкан сарайдан чыгып, андан ары уланып кеткен.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы үйдүн ээсинин атын атаган эмес. Штабдын жетекчиси Вести.кgге билдиргендей аны белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүшкөн.

«Ага бийликке түштүктөн чыккан адамдардын келишине жол бербей турганын айтып, өрткө учураган штабдан кийин анын жетекчиси да өрттөлүп кетээрин айтышкан», — деп коалициянын берген отчетунда көрсөтүлгөн.

Коалициянын жетекчилери мындай учурларда милиция кызматкерлери бир дагы чараларды колдонбой жатканын айтат.

«Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде укук коргоо органдары коопсуздук менен камсыз кыла албаса, ИИМ эмне менен алектенип, кандай иштерди алып барып жатат?- деген суроону козгоп чыгыш керек», — деп уюмдун башчысы Динара Ошурахунова 12-октябрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ички иштер министрлиги коалициянын дооматтары менен макул эместигин билдирип, таркаткан пресс-катында шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан бери 3 кылмыш иши козголгонун билдирет, ошол эле убакта козголгон кылмыш иштеринде кайсы талапкерлердин жабыркаган иштери каралып жатканын так билдирген эмес.

Баннерлерге кол салуу кимдин иши экени табышмак

Мындан тышкары коалиция тарабынан дагы башка талапкерлердин чыгарган баннерлерине кол салуу учурлары катталган.

Берилген жыйынтыка ылайык Кант шаарынан орун алган президенттикке талапкер, Бакиевдин башкаруусу учурунда Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп турган Адахан Мадумаровдун баннери белгисиз амадар тарабынан өрттөлгөн, ал эми Токмок шаарында дагы бир баннери сыра менен куюлган.

Чүй облусунун Гавриловка айылдык өкмөтүнүн башчысы мурун түзүлгөн келишимге карабастан Адахан Мадумаровдун өрнөк-жарнак тактайчасын айыл ичине жайгаштырууга макулдугун бербей койгон.

Дагы бир президенттик тактыга талапкер Кубатбек Байболовдун Манас айылындагы штабынын өкүлдөрү нааразычылыктарын билдиришкен. Алардын айтымына караганда, айыл өкмөтү атайын өчүрүп салган электр жарыгынан улам, Байболовтун  шайлоочулары менен болгон жолугушуусу өтпөй калган.

Коалициянын маалыматтында сентябрь айынан тартып Бишкек шаарында Кубатбек Байболовдун 3 баннеры илинип турган жеринен мыйзамсыз чечилип, өрттөлгөн.

«Ар-Намыс» партиясынан талапкер Анарбек Калматовдун 3 баннери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жок кылынган.

Мыйзамсыз кол салуулардын көпчүлүгү Алмазбек Атамбаевдин башкы каршылаштары менен байланыштуу деп эсептешет.

«Штабдардын көпчүлүгү Алмазбек Атамбаев тарабынан административдик ресурстар колдонулуп жатканын билдиришүүдө», — деп айтты «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын координатору Медер Талканчиев.

Атамбаев дагы жапа чекти

Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Кадыр Токтогулов, Атамбаев тарабынан кандайдыр бир административдик ресурстар колдонулган жок деп белгилейт.

«Биз тараптан талапкерлерге каршы эч бир чаралар колдонулган эмес. Мындай иштерге баруунун зарылчылыгы жок. Бул тууралуу текшерүүлөрдү укук коргоо органдары алып барсын», — деди Токтогулов Kloop.kg маалыматтык порталынын кабарчысы менен курган маегинде. Анын айтымында Атамбаевдин баннерлери да жапа чеккен.

Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Заирбек Масиров «АКИпресс» маалымат агенттигине билдиргендей, анын шаарында белгисиз адамдар президенттикке талапкер Атамбаев, Мадумаров, Калматов жана Өмүрбек Суваналиевдердин баннерлерин жок кылуу аракетин көргөндүгүн айтат.

Автор: Мээрим Назарова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактор: Айгуль Атабекова