Шайлоо-2011: Талапкерлер саны азайууда


Азыркы кезде жарышка 20 адам аттанууда, ал эми бюллетенде 23 талапкер көрсөтүлгөн. Президенттик талапкерлерден баш тарткандарды такталган тизмеден шайлоо учурунда калем сап менен чийип коюшат.

«Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү бюллетендерден талапкерлердин ысымдарын шайлоого үч күн калганда кол менен чийип чыгышат»- дейт Боршайком төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева.

Баардыгы биригип 2 млн 870миң бюллетен даярдалат.

«Шайлоого саналуу күндөр калганда талапкерлердин жарыштан чыгышы ашыкча түйшүк алып келүүдө. Ошондой эле басмаканадан алып жасап салганы да мүмкүнчүлүк жок жана тизмеге түшкөн талапкерлер жоопкерчиликсиз мамиле кылууда»,-деп билдирди БШК.

Шайлоо туралуу мыйзамга ылайык эгер талапкер шайлоого катышпай тургандыгын билдирсе, бирок добуш берүү бюллетенине жазылып калган болсо, анда анын аты-жөнү түз сызык менен бир гана калем саптын жардамы менен чийилет.

Бюллетенге жазылган талапкерлер

Азыркы тапта президенттик шайлоодо, өлкө башчылыгынын ордуна ат салышып жаткан талапкерлердин 23 чү шайлоо бюллетенине киргизилген. Бирок борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматтына ылайык шайлоого алардын ичинен 20 талапкер гана катышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо бюллетени аныкталгандан кийин, «7-апрель жаштар кыймылынын» лидери Нариман Тюлеев, «Коммунисттер» партиясынын лидери Исхак Масалиев жана «Эл бийлиги» партиясынан талапкер катары көрсөтүлгөн Шамшыбек Медетбековдор мындан ары шайлоого катышуудан баш тарткандыктарын кеч билдиргенинен улам, алардын аты-жөнү бюллетенге кирип калган.

«Ар-Намыс» партиясынын өкүлү Акылбек Жапаров  мындан бир аз мурун шайлоого катышуусун токтоткондугу туралуу билдирип, бирок бул туралуу БШКга расмий арызын киргизе элек.

Шайлоо күнү келгичекти бул талапкерлердин арасынан дагы бир нечеси өз талапкерлигин алып салышы  мүмкүн деген оюн билдирди Журабаева.

2011-жылдын 10-октябрында атайын чучу кулак өткөрүлүп, талапкерлердин тизмеги аныкталган.

Азыркы тапта шайлоо бюллетени «Учкун» басмаканасында жарыкка чыгууда, аларды басып чыгаруу процесси 19-октябрда аяктайт. .

Бюллетендеги талапкерлердин жайгашуу ирээти:

№ 1 — Нариман Тюлеев — талапкерлигин алып салды
№ 2 — Курманбек Осмонов
№ 3 — Камчыбек Ташиев
№ 4 — Анарбек Калматов
№ 5 — Жумабек Токтогазиев
№ 6 — Кубанычбек Исабеков
№ 7 — Исхак Масалиев — талапкерлигин алып салды
№ 8 — Шамшыбек Медетбеков — талапкерлигин алып салды
№ 9 — Турсунбай Бакир уулу
№ 10 — Акылбек Жапаров — Шайлоого катышуусун токтото тургандыгын билдирди
№ 11 — Торобай Колубаев
№ 12 — Кубатбек Байболов
№ 13 — Марат Иманкулов
№ 14 — Алмазбек Атамбаев
№ 15 — Арстанбек Абдылдаев
№ 16 — Сооронбай Дыйканов
№ 17 — Омурбек Суваналиев
№ 18 — Роман Оморов
№ 19 — Алмамбет Матубраимов
№ 20 — Адахан Мадумаров
№ 21 — Акбаралы Айтикеев
№ 22 — Темирбек Асанбеков
№ 23 — Алмазбек Каримов
№ 24 — Баарына каршы

Автор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактор: Айгуль Атабекова