Виза тууралуу чечим жакында кабыл алынбайт

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, «башка мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга визасы жок кире алат»,- деген мыйзам кабыл алына элек. Негизинен чечимди кабыл алуу 10-октябрга белгиленген.

Дүйнөнүн 57 өнүккөн өлкөлөрүнөн, Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз кирүүгө уруксаат берүү тууралуу суроо азыркы күнгө чейин өкмөттүн кароосунда экенин тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди..

«Биз чечим качан кабыл алына тургандыгын билбейбиз. Бул тармакта эмгектенген серепчилер карап жатышат. Азырынча болгону ушуну эле айта алам», — деп кошумчалады пресс-катчы.

Визалык режимди алып салуу демилгесинин автору Экономикалык Өнүгүү минстрлиги болуп, акыркы чечим ушул жылдын 10-октябрында кабыл алына тургандыгын, сентябрь айында вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Экономикалык Өнүктүрүү министри Учкун Ташбаевдин жолугушуусунда айтылган.

Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин алдыга койгон максатына ылайык, визалык режим 2012-жылдан тартып алынат, ошондой эле Евробиримдигиндеги АКШ, Автстралия, Швейцария жана Канада сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө мүмкүнчүлүк жаралат..

Тышкы иштер министрлиги каршы

Орто Азиядагы Базар эркиндиги институтунун (CAFMI) башчысы Мирсулжан Намазалиев маселени чечүү процесси, тышкы иштер министрлигине байланыштуу кармалып жатат деген ойду айтып, бул министрлик визалардын аркасы менен каржыланып тураарын билдирди.

Ушундай эле оюн «КГИнформ» маалымат агенттиги билдирди.

«Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги консулдук жыйындарга токтоо көз карашын билдирет. Кирешенин жакшы жолу ушундай», — деп билдирген басма сөз өз барактарында.

Өз кезегинде тышкы иштер министрлиги визалык режимди алып салуу демилгесин колдоорун билдирип, бул өлкөгө келип жаткан туристтердин санын көбөйтүп, киреше азыркыдан да бир нече жолу көп болоорун айтат.

Азыр Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз 15 мамлекеттин жарандары кире алышат, алардын көбүнчөсүн мурунку СССРдин курамына кирген мамлекеттер түзөт. Ошондой эле бул тизмекти Турция, Монголия, Куба, Түндүк Корея жана Вьетнам толуктайт.

Батыш өлкөлөрү үчүн, Кыргызстан башка жарандардын кирип-чыгуусу үчүн эң жөнөкөй өлкө болуп саналат.

Коңшу турган мамлекеттерден айырмаланып, башка өлкөлөрдөн келе жаткна конокторго, Кыргызстан визалык каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Кыргызстанда визанын баасы киши башына 70 АКШ долларын түзөт.

Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактор: Айгуль Атабекова