Бишкекте эч кандай өткөрүүсүз интернет форматы пайда болот

 

«Саймателеком» компаниясы "3G" интернет баланышынан айырмаланган "LTE" деген аталыштагы, эч бир байланышты талап кылбаган интернетке туташуу системасын ушул жылдын декабрь айынан тартып киргизүүнү пландаштырууда. Абоненттер LTE-байланышына ылайыктап сатылып алынган USB-модемдин жардамы менен туташа алышат. Телекоммуникациялык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Максим Катковдун айтымында интернетке туташуунун жакшыртылган түрүн колдонууга киргизүү жаңы жылга жакын башталат.

«Бүгүнкү күндө биз биринчилерден болуп колдонууга аталган стандартты киргизүүнү ойлонуп жатабыз. Буюрса жаңы жылдан кийин болуп калат», — деп белгиледи Катков.

LTE –байланышын киргизүү биринчи өлкөнүн борбор калаасы Бишкек шаарында ишке ашып, андан соң 2012-жылдан тартып аймактарга таркатылат.

«Келе жаткан жылы биз Чүй жана Ыссык-Көл облустарын толугу менен интернетке байланыштыруунун жаңы түрү менен камсыз кылабыз. Ал эми бир- эки жылдын ичинде бул система өлкөнүн түштүк аймагына колдонууга берилет, деген терең ишеничтебиз. Ошондой эле "LTE" байланышына туташып, интернет менен колдонуу үчүн модем керек», — деп компаниянын өкүлү кабарлады.

Катков" LTE" байланышына туташуу үчүн канча каражат кетээрин маалымдаган жок. Бирок компания бул байланыш элдин калың катмарына жеткиликтүү болот деген ойдо.

Кыргызстандын аймагында жогорку сапаттагы 3G-интернет байланышын камсыз кылып турган эң күчтүү компаниялардын бири, «Билайн» уюлдук байланышы эсептелинет.

Массалык маалымат каражаттары менен байланышуу боюнча «Билайн» компаниясынын менеджери Олеся Кущенкова, интернетке туташтыруунун сапатын жакшыртуунун үстүндө алгылыктуу иштерди алып барууда,  «Билайн» ошондой эле 3G –интернет байланышын лимити жок кылып өзгөртүүнү максат кылууда.

«Лимитсиз интернетке туташтыруу боюнча биринчи кадамды биз жасап, азыркы тапта биздин 3G –модем менен колдонуп жаткан кардарларыбызга сунуш кылдык», — деп кошумчалады Кущенкова.

LTE-байланышы  дүйнө жүзүндө колдонулуп келет

2009-жылы "LTE"-байланыш технологиясы биринчи жолу Норвегия жана Швециянын аймактарында ишке киргизилип, колдонула баштаган. Ошол тапта Норвегиянын «ТелиаСонера» телекоммуникация байланышынын оператору интернеттин бул түрүнө туташуу үчүн атайын USB-карталарын колдонгон.

LTE-байланышын колдогон уюлдук телефондордун арасынан биринчилерден болуп «Самсунг» уюлдук байланышын чыгарган компания эсептелет.  Калган маркадагы компаниялар бул интернетке туташуунун жаңы түрүн уюлдук телефондорго кошуп чыгара элек. Ошол эле учурда «Эппл» компаниясы өз товарларында "LTE" байланышын кошууну каалаган эмес.

«Дүйнөлүк уюлдук байланышты камсыз кылуу ассоциациясынын» отчетуна ылайык өткөрүүсүз интернетке туташуунун жаңы түрүн азыркы тапта дүйнө жүзүндө 14 өлкө колдонуп келет. Ал эми алтымыштан ашууну" LTE" технологиясын киргизүү максатында бир топ иштерди алып барууда.

Автор: Фируза Фынчина

Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактор: Айгуль Атабекова