Бажы кызматынын жетекчисинин «алты паспорту бар» деп айыпташууда

Бажы кызматынын башчысы алты жарандык паспорту бар деген маалыматты четке какты. «Республика» партиясынын парламенттеги депутаты Тынчтык Шайназаров, бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган 3 паспорту жана Орусиянын 3 жарандык паспорту бар экенин айтты.

Ал эми Кулматов, «чынында эле эки тараптуу жарандыгым болсо, өз эрким менен ээлеген кызматымды бошотуп бермекмин»,- деген оюн билдирди.

Шайназаров өз сөзүндө, бажы кызматынын башчысында эки тараптуу жарандыгы бар дегендигин, ага далил катары башкы прокуратуранын берген маалыматын мисал келтирет.

«Бажы кызматынын өкүлдөрү башкы прокуратурага атайын арызы менен кайрылышкан, анын негизинде эки тараптуу жарандык тууралуу текешерүүлөр өткөн. Жыйынтыгында Кулматовдун Орусиянын жарандыгын тастыктаган 3 паспорту жана Кыргызстандын жарандыгында деген 3 паспорту бар экендиги аныкталган», — деди парламенттин өкүлү Kloop.kg маалымат порталынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Бажы кызматынын башчысынын ишин, Шайназаров 2011-жылдын февраль айында ушул эле маселе боюнча козгогон. Ошого байланыштуу, өкмөт алдында атайын комиссия түзүлүп, эки тараптуу жарандыкты аныктоо боюча суроолорду чечүүгө аракеттенген. Орусия Федерациясынын миграция кызматы тарабынан «Кулматовдун Москва шаарында катталган» деген так маалымат бергендигине карабастан, өкмөт алдында түзүлгөн атайын комиссия парламент өкүлдөрү чыгарган айып негизсиз деп билдирип, ишти андан ары уланткан эмес.

«Орусиянын паспортун Кулматов биринчи жолу 1995-жылы, экинчисин 2005-жылы, ал эми акыркысын 2008-жылы алган», — деди Шайназаров.

Кулматов өз кезегинде, бул маселенин аныгын билүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, алар карап чыкканын белгиледи. Ошондой эле, ал эки тараптуу жарандыгы болгондо жумуш ордунан өз эрки менен кетип кала тугандыгын айтты.

«Бирөөнү айыптоо болбойт. Эгер анын бул маселе боюнча фактылары болсо каалашынча колдоно берсин. Менде өкмөт тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын чыгарган чечими бар»,— деп кошумчалады Кулматов.

«Мамлекеттик кызмат» тууралуу мыйзамбын бешинчи статьясына ылайык, өкмөт кызаткерлери эки өлкөнүн жараны боло алышпайт. Кыргыз Республикасынын конституциясынын 50-статьясынын экинчи беренесине ылайык «Кыргызстан курамында турган эл аралык мыйзам жана келишимдердин нигизинде» гана Кыргызстандыктар эки өлкөнүн жараны боло алышат.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Анварбек Артыков коррупция менен күрөшүү жана мыйзамдуулук боюнча 17-октябрда өткөрүлгөн комитеттин отурумунда, эки өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн мамлекеттик кызматкерлерди 10 жылдан 15 жылга чейинки кылмыш жазасына тартуу керек деген оюн билдирсе, комиеттин төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров жаза мөөнөтүн үч жылдан жети жылга чейин кылыш керек дейт.

«Чет элдик жарандардын баары эле келип мамлекеттик кызмат ордун ээлеп алса боло береби? Норма иштеп баштаганда баарынын дити тартпай калат»,— деди Шайназаров.

Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Автор:Любовь Шевченко
Редактор: Айгуль Атабекова