Ош шаары эки күнгө суусуз калды


Ош шаарында 18-20 октябрга чейин таза суу өчүрүлөт. «Ош шаардык суу чарба» башкармалыгынын кабарына караганда 18-октярбрдан тартып эки күнгө түштүк аймакта суу өчүрүлөт.

«Мындай өчүрүүлөр жыл сайын эки жолу болуп турат, жаз жана күз мезгилинде сууну өчүргөн учурда түтүктөр жаңыланып жана резервуарлар хлор менен жуулат. 20-окятбрдан баштап кайра түтүкчөлөргө суу келе баштайт»,- деди башкармалыктын жетекчиси.

«Кышка даярдык көрүү максатында сууну өчүрүп жатабыз, анын үстүнө мындай иш-чаралар биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок. Бир топ күн мурун биз телеканалдар аркылуу суу өчүрүлө тургандыгы жөнүндө жарыялайбыз, элдер суу топтоп алышы керек», — деп Kloop.kg маалымат порталынын кабарчысы менен болгон маегинде Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын кызматкери Данияр Турдыбаев билдирди.

Ош шаарынын тургундары Гульмира Шамшиева жана Гуля Мухаева мындай учурга түшүнүү менен карашат.

«Эгер сууну өчүрүп, аны тазалайбыз дешсе биз каршы эмеспиз. Анын үстүнө суу өчөт деген маалыматтар гезит бетине чыгып, телевизор аркылуу да айтышкан», — деди шаар тургундары.

Раиса Понакова шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайт. Анын айтымында алдын ала топтолгон суу жетишсиздик кылышы мүмкүн. Эртелеп топтолуп алынган суу жетпей калышы ыктымал.

«Макул, биз суун чогултуп коебуз, бирок ошо алынган суу эки күнгө жетеби? Бир күнгө өчүрсө болмок. Сууну аргасыз арыктан алабыз го», — деп Раиса өз сөзүн жыйынтыктады.

Авторлор: Асель Талантбекова жана Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактор: Айгуль Атабекова