Оштогу өзбек мектептеринин мугалимдери жумушсуз калуудан кыжалат


Ош шаарынын мэри өзбек мектептерин кыргыз тилине өтүү сунушун, мугалимдер колдогону менен, бир топ кыйнчылык жаратып келет. Эксперттердин айтымында, мэрдин мындай сунушу адам укугун бузуу болуп эсептелет.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматында, азыркы учурда Ош шаарында 52 мектеп бар, алардын ичинде 19 мектеп өзбек тилинде окутат. Ошондой эле мугалимдердин саны 987ге жетет.

№ 21 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин мугалими Махинур Абиджанова өзбек тилдүү мектептерди кыргыз тилинде окутууга өткөрсө, анда мугалимдер «жумушсуз калат» деген ойду билдирди.

«Өзбек тилдүү мугалимдер кайда барат, Андай болсо аларды кайра окутуу зарыл . Окуучуларга сабакты туура түшүндүрүш керек . Анан өзбек тили менен биз кайсыл жака барабыз?»,-деп кабатыр болду мугалим.

Ал ошол эле учурда, өзбек тилиндеги китептер жетишпестигин билдирип.
№ 10 мектебинин мугалими Озода Абдулфайзиева Абиджанованын сөзүн кубаттады.

«Өзбек тилинде окуганыбызда китеп боюнча кыйынчылык болуп жатат, Өзбек китептеринин жетишсиздигинен, былтыр кыргыз тилиндеги китептерди окутканбыз»,-деди Абдулфайзиева kloop.kg маалымат порталына берген интервьюсунда.

№46 мектебинин директору Азиза Саипжанованын айтымында, окуучуларга так илимдерди тилге көз карандысыз окутса болот. Бирок ал дагы мугалимдерди кайра окутуу зарыл экендигин кошумчалады.

«Математика, физика сыяктуу сабактарды кайсы тилде өтсө да түшүнөт. Себеби кошуу, бөлүү, бул өзгөрүүсүз нерсе»,-деди ал өз сөзүндө.
Ал эми Рустам Салимов Ош Кыргыз-Өзбек университетинин мугалими Саипжанованын сөзүнө кошулбастыгын билдирип, этникалык өзбектерге мамлекеттик тилде окуу «кыйынчылык» жаратат деп белгиледи.

«Анткени алар канча жылдан бери өзбек тилинде окуп келе жатышат. Кыргыз тилинде окутуп койсо алар кыйналышат. Өзбек тилинде окуткан агай-эжекелерге да кыйын болот, алар кыргыз тилин билишпейт жана өзбек тилинде окуткан эжекелер жумушсуз калат»,-деген ойду билдирди.

«Кыргыз тилинде окутуу жөнүндө талкууга азырынча эрте»

Билим берүү министрлигигинин пресс-катчысы Керээз Жукееванын маалыматында, өзбек тилдүү мектептерин кыргыз тилинде окутууга, балдардын ата-энелери өздөрү сунуш кылууда.

«Сабактардын кыргыз тилинде өтүлүшү ата -энелердин сунушу жана алардын арыздарынын негизинде ишке ашып жатат»,-деп айтты пресс-катчы kloop.kg маалымат порталына берген интервьюсунда.

Ошондой эле учурда Жукеева, өзбек мектептеринде бирден кыргыз класстары бар экендигин билдирип. Бирок, Ош шаарындагы өзбек мектептерди кыргыз тилине окутуу жөнүндө талкуу кылуу азырынча «эрте» экенин айтты.

«Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү мыйзамында, ар бир жаран бекер жана каалаган тилине жараша билим алганга укуктуу. Анан ал жараанды тигил же бул тилде билим алсын деген туура эмес»,-деп сөзүн жыйынтыктады пресс-катчы.

Укуктардын бузулушу

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын айтуусунда, Ош шаарынын башчысынын сунушу, конституциялык адам укуктарынын бузулушу болуп эсептелинет. Бул демилге менен «улутчул адамдардын добушун алгысы келет» деген пикирди билдирди.

«Мырзакматовтун укугу жок, өзүнчө эле жарыя кылган. Мен ойлойм бул нерсеге көп көңүл бурбаш керек, ал билим министрлиги эмес, демек бул маселелерди чечпейт. Ал Ош шаары менен алек болсун»,- деп айтты Исмаилова.

Ал эми укук коргоочу Сардар Багишбеков мындай демилгеге кошулбастыгын билдирип, ар бир кыргызстандык жаран өз тилин сактап жана өнүктүрүүгө укугу бар деп белгиледи.

«Конституция көп улуттуу Кыргызстандын элин түзгөн этностордун тилинин сакталышына жана өнүгүүшүнө кам көрөт жана ар бир ушул өлкөнүн жараны мүмкүн болушунча кыргыз тилин билүүгө аракет кылуу зарыл»,-деди Багишбеков.

«Албетте мамлекеттик тилди окутуу маселеси аябай маанилүү. Ар бир жаран мүмкүн болушунча кыргыз тилин билиш зарыл жана керек болгон учурда колдонуш абзел. Бирок сөзсүз конституциага шилтеме кылышы шарт»,-деп сөзүн жыйынтыктады укук коргоочу.

«Заман талабы»

Ош шаардын башчысы Мелисбек Мырзакматов, өзбек мектептеринин окуутусу кыргыз тилине өтүүсү «замандын талабына»караштуу деп түшүндүрөт. Бул жөнүндө 1-октябрь күнү мугалимдер майрамында мэр жарыялаган. Ошондой эле шаардын башчысынын айтуусунда, көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, өзбек улутундагы мектеп окуучулары өздөрүнүн билимдерин жогорулатууда, орто жана жогорку окуу жайларда билим алууда бир топ ыңгайсыздыктарга туш болушат. Ушундай эле көрүнүш жумушка орношууда да кезигет.

Автор: Раиса Киргизова
Редактор: Айзат Шакиева