Өлкө башчысы «Бешинчи каналды» улутташтыруу боюнча мыйзамга кол коюудан баш тартты


Аталган каналды улутташтыруу боюнча мыйзамга президент Роза Отунбаева кол койбогондугуна карабастан, конституцияга ылайык парламенттин төрагасы мыйзам долбоорун өз чечими менен ишке ашырып коюшу толук мүмкүн. Серепчилердин айтымында каналдын айланасында болгон талаш-тартыштар бийликтин эки бутагынын ортосундагы жаңжалдын чыгышына алып келиши ыктымал.

17-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын жөнөткөн расмий катына, Роза Отунбаева «Бешинчи каналды» улутташтыруу тууралуу мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, өз колун койгон жок.

«Жогорку Кеңеш кандай гана болбосун бул мыйзамдын кабыл алат, президент атайын мыйзамга өз кол тамгасын коюп берген жок», — деп билдирди  президенттин басма -сөз катчылыгынын башчысы Султан Каназаров .

Отунбаеванын айтымында; мамлекеттик чыгымдын санын көбөйткөн мыйзамдарды, парламент атайын камсыздоо булагы табылган соң кабыл ала алат.

«Парламенттик каналды уюштуруу үчүн 300 миллион сомдон ашык каражат сарыпталат»-деп белгилейт өлкө башчысы.

Мындан мурун бул каналды улутташтыруу демилгесине терс көз карашта болгон өлкө башчысынын оюу менен тең бөлүшпөгөн парламент өкүлдөрү, мыйзамды кайра кароого 4-октябрда жиберген. Бирок Роза Отунбаева мыйзамга кол койбостон аны кайра парламентке жөнөтөн.

Конституяга ылайык эгер өлкө башчысы 14 күндүн ичинде кабыл алыган мыйзамга кол койбосо, парламенттин төрагасы Ахматбек Келдибеков жеке өзү документке кол коет.

Парламент тарабынан кол коюлган соң «Бешинчи каналдын» эфиринде бир гана парламенттеги болгон жаңылыктар чагылдырылып турат.

Азыркы тапта аталган телеканал мурунку эле калыбында иш алып барып жатат. Анын эфиринде саясатчылардын жана серепчилердин катышуусунда «Майдан» аттуу аналитикалык программасы, күндөлүк жаңылыктар жана ар тармактагы социалдык программалар берилип жатат.

Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында «Бешинчи каналдын» айланасында болгон маселелер, бийликтин эки бутагынын ортосундагы жаңжалдын чыгышына алып келиши мүмкүн.

«Парламент президенттик башкаруу бийлигинин аброюн түшүрүп жатат десек да болот. Азыр эми президенттик жана парламенттик башкаруунун арасында талаш-тартыш пикирден улам, түшүнбөстүктөр келип чыгышы ыктымал. Каналды парламенттик кылуу кайсы бир саясатчылардын кызыкчылыгы. Алар шайлоо алдында өздүк канал аркылуу жасай турган иштерин өзүнө карата ийгиликтүү кылып ишке ашырууну пландап жатышат», — деп эсептейт серепчи.

Серепчи Токтогул Какчекеевдин маалыматында каналды улутташтырууда парламент өкүлдөрү жеке менчик мыйзамын бузушууда.

«Конституцияда биз жеке менчик тууралуу укуктарга өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек деп берилген. Бирок ага карабастан парламент эрке балага окшоп, «Бешинчи каналды» алгысы келип жатат. Каналды ким каржылайт, редакциянын чыгармачыл жана руханий укуктары менен ким эсептешип, аларга ким баа берет?», — деген суроолуу оюн айтты серепчи.

Какчекеевдин айтымында парламент жана президент маселени чечүүдө бир ойго келиши керек.

«Албетте, президенттин каршылыгы акырындык менен жеңилип, парламенттин өкүлдөрү өз оюн ишке ашырат. Бирок, бул маселени эл аралык укуктун жана мамлекеттик көз караштын негизинде чечүүгө умтулуу кажет», — дейт Какчекеев.

«5-каналды» парламенттик теле-берүү кылуу, социал-демократтар партиясынын мүчөсү Исмаил Исаковдун сунушу болгон.

«Долбоордо улуттун, мамлекеттин саясаттык маалыматтына кам көрүү жана копсуздук жактан сактоо болуп эсептелген», - деп билдирет Исаков.

Депутатын оюу боюнча «5-канал» эң бир пайдалуу ишкана жана анын кирешелерин сөзсүз түрдө мыйзамдаштыруу керектигин билдирди.

Баары болуп мамлекеттештирүүгө 102 депутат добуш берди.

Телеканалдын жетекчиси Евгения Бердникова мындай деген оюн ортого салган «эгерде, биз мамлекеттин жаңылыктарын бере турган болсок, анда парламент депутаттары атайын мамлекеттик телеканалдын өнүгүүсү жана иш алып баруусу боюнча сунушун берсин".

«Биз кантип өсүп-өнүгүшүбүз керек, парламенттик канал болуу үчүн? Эфир берүүсү кандай болот? жана башка нерселери тууралуу өз сунуштарын беришсин анда»-деп айтып өттү каналдын жетекчиси.

Ошондой эле «5-каналдын» жетекчиси билдиргендей, парламенттик канал болсо анда, депутаттардын жумушунун жүрүшүн түз эфир аркылуу берүүсү он-лайн берилиши шарт.

«Жогорку Кеңештин отурумдарын түз эфир аркылуу бере албайбыз, себеби бизде андай аппаратуралар жок. Баары тартылып, анан бир сыйра каралып, тазаланып, эфирге берилет»- деп айтат Бердникова

14-сентябрда аталган каналдын журналисти ЖК ишин  туура эмес чагылдырууда айыптап, каналдын  парламентик аккредитациясы токтотулган. ««5-каналдын» аккредитациясы ошондой эле телеканалдын белгисиз статусунан улам болгон,- деп билдирет басма сөз кызматынын жетекчиси.

«5-канал Тунгуч президент Аскар Акаевдин 2005- жылы төңкөрүлүшүнөн соң «КООРТ» телеканалынын диапазонунда ачылган.

Аталган каналдын жетекчилигинин башында 2009-жылга чейин экс-депутат Оксана Малеванная турган, кийин ал Курманбек Бакиевдин өкмөтүнүн астында иштегени кеткен.

"Телеканал үстүнөн, Бакиевтердин көзөмөлү бар» деген имиштерден улам  2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин каналды улутташтыруу маселеси келип чыккан.

Аталган телеканал өлкө ичинде эң ири каналдардын катарында жана бүт региондорду камтыйт.

Авторлор: Диана Рахманова жана Айбек Жумабеков
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактор: Айгуль Гуламидин кызы