Бейөкмөт уюмдар парламенттин төрагасына ыктыярдуу элдик кошундарды курал-жарак менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоорун карап чыгууну өтүндү. Данияр Тербишалиев; мыйзамда ыктыярчыларга курал берүү тууралуу эч кандай нерсе көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.
«Интернет саясат боюнча жарандык демилге» коомдук уюму, «Адилет» укуктук клиникасы жана «Перемена» инновациялык билим - берүү борборлору Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо негизинде кат жолдошкон.
«Биздин көз карашыбыз боюнча, даярдыгы жок жарандарды курал-жарак менен камсыздоо күтүлбөгөн жерден коомчулукун арасында кырсыктарга алып келиши мүмкүн», — деп кайрылууда жазылган.
«Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорун туура эмес чечмелеп алышкан»,- дейт мыйзам долбоорунун автору Данияр Тербишалиев.
«Бул мыйзамда биз полиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен жардам бере турган адамдар тууралуу сөз кылганбыз. Ал аягына чейин иштелип чыга элек. Анын негизинде долбоор боюнча биз ыктыярчы полиция кызматкерлерине курал берип, өз өмүрүн коргоо үчүн гана колдонушу керек экендигин айткыбыз келген», — деп түшүндүрмө берди депутат.
«Маалымат укуктук борбору» коомдук бирикмесинин юристи Нуржан Масаеванын айтымында, бул мыйзам долбоору Кыргызстандын конституциясын аша чаап кеткен.
«Конституциянын сегизинчи беренесинин, бешинчи пунктуна ылайык ар түрдүү аскердик негизде уюмдарды түзүүгө тыюу салат. Ошондой эле кылмыш-жаза кодексинин 229-беренесинде, мыйзамсыз түрдө куралдуу кошун (бирикме, отряд, дружина же башка топ) түзүү, ошого тете мындай кошунга жетекчилик кылуу мыйзамсыз деп эсептелинет»,-деп түшүндүрдү юрист.
«Ыктыярчыларга курал берилээрден мурун 2-3 айлык окуу курсунан өтүшү керек. Окутуу ИИМнин окутуу мектебинде өтөт», — деди парламент депутаты.
Тербишалиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун мааниси ыктыярчы жардамчыларды даярдоо болуп эсептелет.
Долбоор азыркы тапта Жогорку Кеңештин талкуусунан өтө элек. Тербишалиевдин айтымында ыктыярдуу элдик кошундарын курал менен камсыздоо идеясы Эстонияга болгон иш сапарынан кийин келип чыккан.
«Аларда «Полиция кызматкерлеринин жардамчылары» тууралуу мыйзам бар. Бул мыйзамда алардын коомдчулуктун арасында жардамчы катары кандай иштерди аткарышы керектиги жана жоопкерчилик кандай деңгээлде болору тууралуу жазылган», — деп билдирди Тербишалиев Kloop.kg порталынын кабарчысы менен болгон маегинде.
Полиция кызматкерлеринин өздүк курамына кирбеген, бирок алардын ишине катышып, чогуу иш алып барган элдик ыктыярчы кошундары бош убактысын иштерге багыттай алат.
Тышкы коопсуздук иштери боюнча серепчи Леонид Бондарецтин айтымында, өзүнчө структураларды пайда кылуу керексиз нерсе.
«ИИМде жетишээрлик деңгээлде укук коргоо кызматкерлери бар. Башка структураларды курал-жарактар менен камсыздоодо ар ким өз ишин курал аркылуу чечип калышы ыктымал. Элдин колунда канчалык көп курал-жарак болсо, ошончолук коркунуч боло турганы ачык билинип турат», — деп белгиледи серепчи.
Бондарецтин айтымында Тербишалиевдин көтөргөн демилгесине таянып, ар бир саясатчы өз жанына шамдагай сакчыларын даярдашы мүмкүн. Ансыз да алар жандарына сакчыларын алып жүргөнү адаттанган.
«Андан көрө советтер союзу учурунда колдонулуп келген ыктыярчылардын кызматын жандандырып алуу көп жыйынтыктарды берет»-деп белгилейт серепчи.
«Азыр ар бир саясатчы бир нече кишиден турган өздүк жан-жөөкөрлөрүн түзүп алууга даяр. Ал эми советтик мезгилдеги ыктыярчыларды алып карасак, алар полиция болушкан эмес. Бирок алар коомдук тартипти сактоого куралсыз жардам берип келишкен», — деди ал өз сөзүндө.
Дагы бир серепчи Токтогул Какчекеев мыйзамда эч кандай терс нерсе жок экенин айтат.
«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзүн коргой алат. Биз өз ыктыяры менен биригип, коомдук тартипти сактайбыз деген адамдарга курал бере албайбыз? коомдо жарандык укук коргоо органдарынын болушу керек», — деди Какчекеев.
Серепчинин билдирүүсүндө бул мыйзам кошумча күч бойдон калышы мүмкүн.
Кыргызстандагы элдик ыктыярчылар кошуну 2005-жылдын 24-мартындагы элдик төңкөрүш жана 2010-жылдын июнь айында өлкөнүн түштүк аймагындагы улуттар аралык кагылышуудан кийин белгилүү болгон.
«Бүгүнкү күндө миндеген куралдарды урдап кетишкен. Эл коомдук тартипти сактоого жардам бериши керек. Куралы бар ыктыярлуу коопсуздук куызматкерлер укук-коргоо органдарына жардам бериши шарт »-деп кошумчалады Какчекеев
«Ыктыярдуу элдик кошундарды» түзүү декрети убактылуу өкмөт тарабынан 2010-жылдын 12-июнунда кабыл алынган.
Улуттар аралык кагылышуудан кийин ИИМ өз эрки менен курал-жарактарын өткөрүп бергендер үчүн акчалай сыйлык берилээрин жарыялаган. Бул учурда өткөрүүнү каалагандар кылмыш ишине тартылбайт деп белгиленген.
Ош ИИБнүн башчысынын орун басары Таалай Нурбаевдин маалыматына караганда Ош шаары боюнча 619 курал-жарак катоодо бар экенин белгилеп, бирок алардын он бирин эл өз эрки менен өткөрүп бергенин айтты. Алар төрт АК-74 бегисиндеги автомат, беш Макаров пистолети жана эки ИЖ-17 аңчылыкка колдонуучу 31 калибрадагы мылтык болуп эсептелет.
Сүрөт: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Автор: Айкөл Болотбекова
Редакторлор: Айгуль Гуламидин кызы жана Диана Рахманова