Ош шаарында бөбөктөргө арналган 80 балдар аянтчаларынын куруу иштери башталды

Шаардык мэриясынын билдирүүсүндө, балдар аянтчалары шаар тургундарынын сунушутарынын негизинде жүрүп жатат. Жалпысынан курулуш иштерине 15 миллиондон ашык каражат бөлүнгөн. Жергиликтүү тургундар бөбөктөргө арналган аянтчаларды куруу үчүн мыйзамсыз негизде гараждарынын алынып жатканын айтып нааразы.

Ош шаардык мэриясынын маалыматында көп кабаттуу турак-жайлардын короолорунда азыркы тапта аянтчалардын он беши курулуп, дагы алтымышы курулуу максатында турат.

«Көпчүлүк аянтчалар жергиликтүү тургундар өз макулдуктарын берген короолорду курулуп, ал эмии кээ бир жерлерде мурун балдар аянчалары турган жерди гараж коюп ээлеп алгандардын курулуштары алынып, жаңыртылган»,- деди Ош мэриясы алдындагы шаар курулуш бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Айылчиев.

Пенсионер айым Ольга Богданованын айтымына караганда, азыр балдар аянтчасы курулуп жаткан жерди жеке дүкөн салуу максатында сатып алууну каалагандар көп болгон. Көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүк тургундары каршы чыгып, жаш бөбөктөргө арналган аянтчаларды курууну колдогон кол тамгаларды чогулта баштаган.

«Бул гараждар экологиялык нормаларга төп келбейт, андан тышкары алар айлана-чөйрөнүн тышкы көрүнүшүн бузат. Эгер тургундар бөбөктөргө арналган атайын аянтачалардын курулушуна макулдугун көрсөткөн, кол тамгалары коюлган арыздарын беришсе , биз мыйзамсыз курулган гараждарды алып салабыз», — деп эсептейт Айылчиев.

«Аянт чоң жана кичине балдар үчүн өтө ыңгайлуу. Жок дегенде алар волейбол жана баскетбол оюндары менен алек болуп жатышат», ― деп кубанычын билдирди пенсионер айым.

 Гараждардын алынышына айрым жашоочулар каршы

 Турган ордунан алынган гараждардын биринин ээси Кенжегүл Мамытова мындай чечим туура эмес экендигин билдирип, ар бил жашоочунун балдар аянтчаларынын ордуна гараждары турушу керек деп эсептейт.

«Ашыкча оокаттарымды, буюмдарымды мен гаражга алып кирип коет элем. Алар бизге гараж койгонго орун берсе жакшы болмок. Эми мен гараж курууга уруксаат берүүгө багытталган тиешелүү документтерди чогултуп мэрияга сураныч менен кайрылам», — дейт Мамытова.

Дагы бир бузууга дуушар болгон гараж ээсинин айтымында, анын азыр ашыкча оокаттарын коюуга орун жок болгондугуна байланыштуу, ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жер бөлүп берүү боюнча арыз менен кайрылаарын баса белгиледи.

«Биз бир бөлмөлүү жатаканада чоңоюп калган балдарыбыз менен жашап жүрүп, айла жоктон улам кээ бир батпай жаткан оокаттарды гаражга чыгарып койчубуз», — деп билдирди атын атагысы келбеген айым.

Бирок, дагы бир гараждын ээси Болот Курманбек уулу бийликтин ишине түшүнүү менен карап, тоскоол болбоо максатында өз гаражын башка орунга көчүрүп койгонун айтат жана бир эки гараж деп курулуш иштерин токтотуп коюу туура эмес деген оюн билдирди.

«Гараж ээлеринин баардыгы бош орундарга гараждарын көчүрүп кое алат», — деген сунушун билдирди kloop.kg порталынын кабарчысы менен болгон маегинде Курманбек уулу.

Абдумухтар Сардаловдун айтымында мурун гараждардын жанында дайыма жык-жыйма тазаланбаган таштандылар турган болсо, аянтчаларды куруу менен алардын баардыгы алынып, айлана тазаланып калган.

Автор:Асель Талантбекова

Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Редакторлор: Айгуль Гуламидин кызы, Александр Ким  жана Диана Рахманова,