Ош шаардык мэриясынын сайтты үч жылдан соң кайра жандануу жолунда

Ош шаардык мэриясы oshcity.kg, сайттын кайра жандандырды. 2008-жылдан бери каражаттын жоктугунан аталган сайт иштебей келген. Бийликтин айтуусу боюнча сайт элдердин керектүү маалыматтар менен кабардар болушуна мүмкүнчүлүк түзөт. Кээ бир шаар тургундары сайт эл үчүн иштешинен күмөн санашат.

Бул сайт 2007-жылы «Сорос Кыргызстан» фондунун жардамы астында түзүлгөн. Тилеке каршы, каржы тармагынын тартышсыздыгынан иштөөсүн токтоткон. Бирок, кайрадан Европанын эл аралык коопсуздук жана кызматашуу уюмунун жардамы алдында сайт камсыздалып жатат.

«Сайт бир гана жашоочулар менен бийлик бутактарын байланыштырып турбастан, тургундарга так маалымат берип турат»-деп билдирди шаардык мэрия.

Мэрдик басма сөз-катчы Гульжан Ажиматованын билдиргенине караганда, 2010-жылы болуп өткөн улут аралык келишпестик жөнүндө туура, так маалымат жетишпестиги болгон.

«Улут аралык кагылышууда массалык маалымат каражаттары маалымат берүүсүн токтоткон. Себеби, туура такталган маалыматтардын жоктугунан, эл арасында ызы-чуу башталган»-деп билдирди басма-сөз катчысы Kloop.kg. Маалымат порталына берген интервьюсында.

Кыргыз-өзбек улут аралык кагылышуу 2010-жылы түштүк жергесинде болгон. Саламаттык-сактоо министрлигинин билдирүүсүндө кагылышуудан 426 адам каза тапкан.

Ажиматованын айтымында, мындан ары сайт күн сайын жаңыланып, такталган маалымат менен камсыздалып турат.

«Сайтка Ош шаарына тиешелүү кабарлар жана сүрөттөр жайгаштырылат. Андан сырткары шаар тургундары түздөн-түз мэрге жана башка жетекчилерге суроо узата алышат»-деди катчы.

Сайт толук түрдө иштелип бүтө элек

«Гражданская инициатива Интернет политики» фондунун кызматкери Эркин Мамасалиевдин айтымында, сайт колдонуучулары онлайн аркылуу Ош шаардык мэриясынын кызматтарынан кодоно алышат.

«Сайттан онлайн-кеңештерди алса болот жана документтер, справка кагаздарынын көчүрмөсүн ала алышат.Ошону менен биргеликте Ош шаары тууралуу маалыматты башка эл тургундары жана кызыккандар окуй алат»-деп билдирди Эркин Мамасалиев.

Жаңы медиа институтунун кызматташы Толкун Үмөталиеванын айтымынды, учурдун талабына ылайык, баардык жактан сайт толугу менен иштелип бүткөн жок. Айрым онлайн-терезечелери бош бойдон. Так кызмат менен камсыз кылуучу бөлүктөрү да толукталган жок.

«Бирок, азыркы кезде Ош шаардык мэринин сайтты колдонууга бериле элек», -деп билдирди Толкун Үмөтлиева жаңы медиа институтунун кызматташы.

Башка жашоочулардын оюнда, биз жиберген суроолор мэрге жетеби же башка адамдар оңдоо түзөөлөрдү киргизип коебу деген да күмөнсүнгөн мисалдар бар.

Ош шаарынын тургуну Бекназар Абдылкерим уулу айтымында, башка региондордун жашоочылары сайттын кызматынан колдоно алышпайт.

«Айыл жергесинде интернет жакшы өнүкөн эмес. Айрымдары таптакыр интернетти колдонушту да билишпейт. Алар мэрияга түз эле келип ишин бүтүрүп кетишти ыраа көрүшөт», -деп айтат Бекназар.

Гүл сатуучусу Любовь Русинанын айтымында; Мелис Мырзакматов сайттын активдүү колдонуучусу болушуна ишенбейт.

«Биз бул сайттын иштешин каалайбыз. Шаар мэри жок дегенде жумасына бир жолу же айына бир нече жолу окуп карап коюшун өтүнүшөт. Ошону менен биргеликте жиберилген суроолорго жооп берип, айрым өтүнүчтөргө көңүл коюп, мэр катары иштесе»-деп оюн билдирди Любовь Русина.

Ош шаарынын тургуну Гулипа Самиева, сайттын кайрадан жанданышына кубангандыгын билдирди.

«Заманбап жашоонун шартында техника тармагы өнүгүп отуруп, ар бир үйдө интернет пайда болду. Бул сайттын жардамында интернет аркылуу мэр менен байланыша алабыз. Сайт иштеп баштаганы – эң жакшы»,- деп билдирди Самиева.

Редактор жана которгон: Айгуль Гуламидин кызы, Айзат Шакиева