«Мегакомдун» абоненттери жабдыктарды алмаштыруу учурунда байланышсыз калды

23-октябрда, төрт саат аралыгында аталган компаниянын абонеттери байланышсыз калган. Эскирген жабдыктарды жаңысына алмаштырган кезде байланыш токтоп калганын компаниянын жетекчилиги билдирди. Ал эми абоненттер өз кезегинде баланстарында акча жоктугунан жана сим-карталары блогко түшүп калганын айтып нааразычылыктарын билдирди.

Уюлдук байланыштын үзүлүшү жаңы жабдыктарды орнотуп жаткандан улам келип чыккан. Анын негизинде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары төрт саат бою байланышсыз калган.

Компания бул ишке байланыштуу кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүү максатында атайын комиссиялык топ түзүп,  бүгүнкү  күндө уюлдук байланышты кайра калыбына келтире алды..

Бул окуя абоненттердин арасындагы   нааразычылктарды жаратпай койгон жок. «Мегакомдун» кардарлары баланстагы акча каражаты өзүнөн-өзү жок болуп, сим-карталар блогко түшкөнүн билдиришүүдө.

«Менин сим-картам такыр эле иштебей калды, бул эмнеси? Менин сим-картам кайра качан иштейт, ошону мага бирөөңөр айткылачы?», —деп «Дизель» форумуна Gerion аттуу колдонуучусу жазган.

«Менин балансым 0,81 тыйын болуп калыптыр деген билдирүү келди. Мен таңкалып жатам», — деп дагы бир колдонуучу Darvin билдирүү жасаган.

Абоненттердин калган бөлүгү компаниянын мындай көрүнүшүн түшүнүк менен кабыл алды.

«Албетте,  байланыштын жоктугу көптөгөн ыңгайсыздыктарды алып келди.  Бирок, бул «Мегаком» компаниясынын кызматынан баш тартуу дегендик эмес. Азыр ал биздин мамлекет боюнча биринчилерден болуп келе жаткан компаниялардын бири. Мындай ыңгайсыздыка биринчи жолу кабылып жатам », — деди «Акча жана Бийлик»  басма сөзүнүн кабарчысы Нүргүл Койлубаева.

«Мен байланыштын үзгүлтүккө учураганын билбей да калдым. Мындан ушунчалык дуу көтөрүштүн кажети деле жок, ар бир өндүрүштө катачылыктар, кемчиликтер болот. Күндө эле ушинтип кардарлар бири-бири менен байланыша албай калган жери жок да», — деп ark@diy билдирди.

2008-жылдын февраль айынан тартып март айына чейин «Мегаком» байланышы 2700 жолу үзгүлтүккө учураган. Мындай учурлардын башкы себеби электр жарыгы менен камсыз кылуудагы өйдө-төмөндүктөрдүн көп болушу .

«Мегаком» компаниясы Кыргызстандагы эң белгилүү уюлдук операторлорунун бири. Анын кызматы менен 2,5 миллион абонент, тактап айтканда өлкөнүн 50 пайыздан ашык жарандары колдонот. Мегаком компаниясы өзүнө Кыргызстандын калкы отурукташкан аймактарынын 90% камтыйт.

Редактор: Айгуль Гуламидин кызы

Автор: АйкөлБолотбекова

Которгон: Кундуз Сырдыбаева