Шайлоо күнү Ош облусун миңден ашуун милиция кызматкерлери коргоодо

30 октябрда шайлоо учурунда Ош шаарындагы милиция күчөтүлгөн режимде иштөөдө.Ош мэринин айтуусунда, милиция кызматкерлери шайлоодо элдин нараазычылыгын чыгарбоосу зарыл.Президентикке талапкерлер шайлоо таза эмес өтсө, митингдер болуушу мүмкүн деген ойдо.

24-октябрда мэрияда болуп өткөн жыйында, Ош шаарынын ИИБнүн башчысы Марат Орозбаевдин билдириминде 2011-жылы 30 -октябрда, Ош жергесинде боло турган президенттик шайлоо учурунда бузуку күчтөр коомдук саясый абалды өзгөртүүнү көздөөдө.

«Мына ушул аракеттердин алдын алуу үчүн, кошумча ыкчам отряддары иш алып барып жатышат»,—деди Орозбаев.

Бирок, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов коопсуздук кызматкерлерине «өзүбүздүн элден корккула» деп эскертти.

«Эгер, административдик ресурс колдонулса,таза шайлоо болбосо, эл нааразы болуп чыгат, аны кантип токтосунар»,-деп суроо узатты мэр.

Ош облусунда 1000 ден ашуун милиция, 400 шайлоо участокторуна коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн жиберилет. Аларга күн сайын шайлоо эрежелери жөнүндө окуу-сабактары жана машыгуулары өткөзүлүүдө.

«Себеби,эгер добуш берүүчүлөр келип коопсуздук кызматкерлеринен сурап калган учурлар болсо, жооп бере алгандыгы жакшы»,- деп түшүндүрдү ИИБнин басма сөз кызматчысы Бакыт Нышанов.

"Шайлоо таза эмес болсо чыр-чатактар болуушу мүмкүн"

Президентикке талапкер Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, таза эмес шайлоо болсо, чыр-чатактар чыгуусу мүмкүн.

"Бирок бийлик жанагындай чыр-чатакка барса,административдик ресурсту каттуу колдонсо,таза шайлоо болбосо анда ситуация да оорлоп калышы ыктымал[...].Элдин баары бүгүнкү күндө чоң үмүт менен бул шайлоону күтүп жатышат",—деп айтты Суваналиев Kloop.kg порталына берген маалыматында.

Президентикке талапкер Кубатбек Байболов Суваналиевдин сөзүнө кошулгандыгын билдирди.

"Эгерде, бийлик шайлоонун жүрүшүн туура эмес чагылдырса, анда эл нааразы болот",—деди Байболов.

Президентикке талапкер Адахан Мадумаровдун басма сөз катчысынын айтымында, эгерде, талапкер шайлоодон өтпөй калса, анда ал «нааразы болгон элди» токтото албайт.

«Эгерде эл Адахан Мадумаровту колдосо жана эл өзү чыгып нааразычылыгын билдирсе, ал адамдарды токтото албайт. Эл көтөрүлүшү мүмкүн, алар эч кимди угушпайт»,-деп эсептейт талапкердин басма-сөз катчысы.

"Биз коркпой шайлоого барабыз"

Оштун айрым тургандары коопсузданып тынчсызданууда, ал эми айрымдары коркпой эле барышаарын айтышты.

«Кыргызстанда абал стабилдүү эмес,ар нерсе болуп кетиши мүмкүн, бирок Кыргызстандын келечеги үчүн шайлоого коркпой барам»,-деп айтты студент Нурали Табалдиев.

Ал эми студент Жумагүлдүн ата-энеси шайлоо учурдагы абалдан тынчсызданып, кызын тезинен үйүнө (айылга) келип калуусун айткан.

Өзүнү таныштырыгысы келбеген студент шайлоо учурунда митингдер болуушу мүмкүн экендигин айтты.

"Азыркы учурда, айрыкча түштүктө милиция кызматкерлери коопсуздук менен камсыздап жатышат. Мен ойлойм элдин чыр-чатактардан жадаганына карабастан, бир нерсе болуушу мүмкүн",-божомолдоп айтты студент-кыз.

Эксперттердин оюу

Тышкы жана ички иштер боюнча серепчи Токтогул Какчекеевдин айтымында, шайлоо убагында милиция кызматкерлери жетиштүү деңгээлде алдын-ала иш-чаралар көрүп жатышакандыгын билдирди.

«Тартипти бузууну көздөгөн адамдар, андай көпчүлүктүн алдында тополоң чыгара алышпайт»,-деп баса белгиледи серепчи.

Бирок, серепчи Мирослав Ниязов кесиптешине кошулбастыгын бидирип, коопсуздук кызматкерлеринин тартипти сактоого күчү жетет, бирок эрки жетпегенин түшүндүрүп жана өлкөдөгү болгон көйгөйлөргө коопсуздук органдарын күнөөлөдү.

«Кимди,кайсыл бийликти коргоону билишпейт. Алардын «чын жүрөктөн Кыргызстанды коргоп беребиз» деген оюнан алысмын»,-деп ишенбестигин билдирди Ниязов

Редактор: Айзат Шакиева