Орусиянын премьер-министри Владимир Путин «Евразиялык Биримдик» түзүү максатында экенин билдирди. Биримдикке кийинчерээк Кыргызстан да кошулушу мүмкүн. Премьердин оюн президентик тактыга талапкерлердин төрттөн бир бөлүгү колдоду. Бирок, серепчилер Орусиянын премьеринин ойюн жактырышкан жок.
Төрт талапкер Путиндин оюн туура көрүштү. Айрымдары, «биримдик элдин көйгөйүн чечүүгө жардам берет»,- деп эсептешет.
Президенттик тактыга аттангандардын бири Кубанычбек Исабековдун айтымында, эгер президент болуп калса сом акча бирдигин Евразиялык биримдикке киргизээрин айтты.
«Улуттук акча бирдигинин баасы жогору болушу зарыл. Аны камсыздоого бизде каражат жетиштүү. Эгер сом ЕАБнин улуттук акча бирдигине айланса, бизге ар тараптан инвесторлор келет»-деп кошумчалады Исабеков.
Ал эми Курманбек Осмонов ЕАБне кошулууну туура көрөт. Анын айтымында, Орусия Кыргызстандын саясий-экономикалык жана стратегиялык жактан өнөктөшү экенин билдирди.
Президенттик шайлоодо Курманбек Осмонов жеңилсе-жеңилбесе да, Евразиялык биримдикке кирүү сунушунун ишке ашуусуна жардам берээрине сөз берди.
Сооронбай Дыйканов жана Жумабек Токтогазиевдин ойлору бири-бирине дал келген. Себеби, ар түрдүү экономикалык жана саясий биримдиктер, элдин биригишине жардам берет-деп эсептешет.
Ал эми, президенттике талапкерлер Алмамбет Матубраимов жана Кубатбека Байболовдун оюу боюнча, биринчиден «оң» жана «терс» тараптарын карап көрүп, андан соң гана ЕАБке кошулуу керек.
«Албетте, ЕАБке кошулуу мамлекеттер арасында соода-сатык, карым-катнаш жактарын жеңилдетет. Бул нерсе экономикалык жактан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзмөк. Бирок, баардык келишимдерди үйрөнүп чыгуу зарыл. Жөн эле бардык макулдашууларга ойлонбой туруп кол коюнунун кереги жок»,-деп айтты Матубраимов Kloop.kg. маалымат порталына берген интервьюсунда.
«Евразия биримдигин» түзүү демилгеси Назарбаев жана Путинге тешелүү. Бул жерде биримдиктин оң жана сол жактарын карап көрүп, чечим кабыл алуу калды»,-деп Матубраимовдун сөзүнө кошумчалады Байболов
Саясатчы Марат Казакбаев, Кыргызстандын ЕАБне кошулуу маселесине кылдаттык менен карайт. Анын айтымында, Евразиялык биримдик келечектеги иш жүзүнө ашырылбай турган, «болгону Путиндин шайлоо алдындагы оюу».
«Советтер союзунда канчалаган биримдикер болгон – алардын баары «жараксыз». Мен бул нерсеге көп деле көңүл бурбайм. Баары бир бул иш жүзүнө ашпайт»,-деп айты саясаттчы.
«Полис-Азия» аналитикалык борбордун жетекчиси Эльмира Ногойбаева кесиптештери менен оюн бөлүшкөн жана ЕАБ-бул Евразия алкагындагы жаңы башкаруучулуктун жаралышы, өткөн СССРдин жаңы варианты деп билет.
«Бул нерсе президенттик шайлоо алдындагы иш деп кабыл алам. Менин оюмча Советтер Союзуна кайтуу маселеси болуш керек»,-деп билдирет серепчи
Ал эми экономистердин оюу боюнча, Кыргызстан ЕАБне кошула албайт, себеби мамлекет ЕАБне кошулуш үчүн Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунан чыгыш же «эки тарапта тең иш алып баруусу зарыл болот» ошондой эле Бажы биримдигине кошулбоосу керек.
Борбордук Азиядагы базар эркиндиги институтунун мүдүрү Мирсулжан Намазалиевдин айтымында, ЕАБнин көйгөйлөрүнүн бири- бүт жактан чектоо болуп эсептелет. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунан айырмасы ушунда.
«Эгер, эки жакты тең кабыл алсак Кыргызстан утулуп калат. Бул жерде саясий эркиндиктен ажырайбыз. Бажы тармагына караганда биз буткүл дүйнөлүк соода уюмунун негизинде соода-сатык жакшы кылабыз»,-деп билдирет мүдүр.
Базар ассоциасынын мүдүрү Сергей Понамаревдун билдирүүсүндө, Кыргызстан биринчи Бажы биримдигине кошулушу керек. Бирок, азыркы кезде мамлекет даяр эмес. Анын оюнда бул нерсе бир-эки жылга созулушу мүмкүн. Кыргызстан Бажы биримдигине кошулаардан мурун, Буткүл дүйнөлүк соода уюму жана башкалар менен эки жактуу тең иш алып барышы керек.
«Казакстандан айрымбыз, биз Буткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсүбүз. Биз эки тараптуу оюн алып барышыбызга туура келет»,-деп айтат Понамарев.
Кыргызстан Бажы биримдигине кошулуу алдында көйгөлөр менен иштей турган стратегиялык өнөктөштөр жана жумушчу күчүн талап кылынат.
«Жумушчу тобуна бизнес , жеңил өнөр жай, банктык иш, айыл чарба жаатындагы өкүлдөр катышышы керек. Баардык катышуучулар бажы биримдигине кошулуу алдында өз көйгөйлөрүн талкуулоосу зарыл»,-деп сунушун айтты Пономарев.
Евразия Биримдиги
Евразиялык биримдиктин максаты- маданият, гуманитардык, бажы, аскердик, экономикалык, саясий жактан биримдик болуп эсептелет. ЕАБ демилгеси 1994-жылы Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан сунушталган. Долбоор 2010-жылы күчүнө кирген.
Орусия премьер-министри Владимир Путин, 2012-жылы президенттике талапкердигин коюсуна макул болду. Бажы бирикмесинин жана Бирдиктүү экономикалык аймактын негизинде ЕАБ сунуштаган, - деп билдирет Би-Би-Си орус кызматы
Орусия премьеринин билдириминде, ЕАБне Кыргызстан жана Тажикстан кошулат.
Азыркы кезде бажы биримдигине Орусия, Белоруссия жана Казакстан гана кирген.
Кыргызстан Бажы биримдигине кошула элек. Бирок, 19-октябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов, КМШ мамлекеттер аралык сегиз өлкөнүн ичинде эркин соода-сатык болушу тууралуу келишимге кол койгон. Келишим качан күчүнө кириши азырынча белгисиз.
Кыргызстандан сырткары эркин соода-сатык кызматташтыгына жети өлкө кирген. Алар Армения, Белоруссия, Казахстан, Молдавия, Орусия, Таджикистан жана Украина.
«Келишимге ылайык, жиберилүүчү жана сыртан кирүүчү товарларга болгон бааны алып салуу жана айрым товарларга жеңилдетүүлөр киргизилет»,- деп билдирет Би-Би-Си орус кызматы.
Би-Би-СИ орус кызматынын билдириминде Путин ЕАБнин түзүүдө Советтер Союзунун көчүрмөсүн жасабайт.
Орусиялык саясатчынын айтымында Казакстан жана Белоруссия мамлекеттеринен сырткары, кайсы гана өлкө ЕАБне кирсе келечекте бардык тармактарда эркин иш алып баруусуна ээ болот. Мисалга билим алууда, бизнес жүргүзүүдө жана башка тармактарда.
Редактор жана которгон : Айгуль Гуламидин кызы
Автор фото: Myrzich Cyril
Авторлор: Диана Рахманова жана Айкөл Болотбекова