Сузак районундагы көпүрөнүн курулуш иштери 2011-жылдын кыш айларында бүтөт

 

 

Сузак районундагы Көк-Арт көпүрөсүнүн курулуш иштери аяктоо ченинде турат. Көпүрөнү ондоо иштери 1980-жылдары каралган жана дарыянын эки жагындагы айылдарды бириктирип туруучу эң негизги жолдордун бири болуп эсептелет.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясынын басма сөз катчысынын айтымында, узундугу 60 метр болгон көпүрөгө жалпы эсеп менен 56 млн.сом бөлүнгөн.

«Көпүрөнүн узундугу 54,6 метр»,- деп айтты мамдирекциясынын жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча серепчиси Заирбек Сабиров.

Серепчинин айтымында, жаңы курулган көпүрө бир топ айылдардын жана Көк-Жаңгак шаарынын жол маселесин чечет. Мисалы, дарыянын оң жагында Кыз -Көл, Кызыл-Туу айыл өкмөтү, сол жагында Кара-Алма, Курманбек, Көк-Арт, Багыш, Ленин айылдары жана Көк-Жаңгак шаары жайгашкан. Айылдардагы жашоочулардын жалпы саны 100 миңди түзөт.

«Бул айылдарды түз байланыштырып турган жол жок. Көпүрө курулуп бүткөн соң Көк-Арт дарыясын айланып өтүүчү жол 40 чакырымга кыскарат»,-деп айтты Сабиров.

Сузак райондук акиминин орун басары Төрөгелди Туркбаевдин айтымында, көпүрөнүн бүтүшү медицина жана өрт өчүрүүчү кызматынын жумушун жеңилдетет.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмү, өрт өчүрүү кызматы жана оорукана Октябрь райондук борборунда жайгашкан, эгер, көпүрө курулуп бүтсө аталган бөлүмдөрдүн иши бир топ алга жылат»-деди Туркбаев Kloop.kg. маалымат порталына берген интервьюсунда.

Акимдин орун басары; «айыл тургундарына жол кире жагынан да үнөм болот»-деп билдирет.

«127 чакырым аралыкты басып өтүүнүн ордуна, 30 чакырым аралыкты басып өтөт, муну менен жол 50 чакырымга кыскарат жана 26 калктуу конуштардын карым-катышы жакшырат»,-деп кошумчалады акимдин орун басары.

Райондогу элдин өкмөткө кайрылуусу

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясынын билдирүүсүндө, Сузак районунжашоочулары көпүрөнүн курулуш иштерин бүтүрүү тууралуу көп ирет өкмөтккө кайрылган.

«Айыл аксакалдарынын айтымында, 1980-жылдары эле бул курулуш боюнча маселелер козголгон. Акаев үч жолу, Бакиев эки жолу көпүрөөнү бүтүрүү тууралуу сөз берген»,-деп билдирди мамдирекциясынын басма-сөз катчысы.

Туркбаевдин айтымында көпүрөнүн курулуш иштери каржы жагынын алсыздыгынан бүтпөй келген.

«Совет учурунда бул маселе каралган. Бирок, акчанын жоктугунан бүтүрүлбөй турган»,- деп кошумчалады Туркбаев.

Мамдирекциянын билдирүүсүндө, көпүрөнүн курулуш иштери 2011-жылдын 10 декабрына бүткөрүлөт.

«Сузак районуна дагы эки көпүрө курулуу максатында турат»,-деп айтты Сабиров.

«Айыл тургундары дагы эки көпүрөнү куруп берүү боюнча өтүнүчтөру менен кайрылышты. Азырынча бул долбоорлорду карап жатабыз»,-деди Сабиров.

Редактор жана которгон : Айгуль Гуламидин кызы

Автор: Диана Рахманова жана Айбек Жумабеков