ТИМ: Турцияда болгон жер титирөөдөн улам үч Вандык кыргыз каза болду

7,2 баллга жеткен жер силкинүү  23-октябрда Турциянын Ван аймагында катталган. Жер титирөөнүн кесепетинде үч кыргыз каза тапкан. Дагы бир адам дайынсыз жоголуп, 6 адам оор жаракатка туш болгон . Жалпы жонун эсептегенде кырсыктан наабыт болгондордун саны 200 киши болуп,  миңден ашык адам жаракат алган.

Жергиликтүү  убакыт боюнча жер титирөө күндүзгү саат 13:41 чамаларында Эрджиш шаарынан алыс эмес Ван аймагында болгон.

Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, каза тапкан үч этникалык кыргыздар бир үй-бүлөдөн  экени аныкталган. АларЭрджиш шаарында жашашкан. Ал эми калган алты адам ооруканага жеткирилип, азыркы тапта тиешелүү  деңгээлдеги медициналык жардамды алып жатышат.

Министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей, бүгүнкү  күндө Эрджиш айылынан алыс эмес жерден орун алган,  Улуу-Памир айылында Турциянын жараны катары эсептелинген, эки миңден ашык кыргыздар жашашат.

«Улуу-Памир айылынын жетекчиси Касымбекова Вароланын айтымында Эрджиште отузга чамалуу этникалык кыргыз үй-бүлөлөрү  бар.  Алар менен биз байланыш түзө алдык», — деп  билдирди аталган министрликтин кызматкерлери .

Турциядагы жер титирөө

Би-Би-Синин орус кызматы кабарлагандай, турциядагы жер титирөө 20 чакырым жер алдындагы тереңдикте болуп, Ван аймагынан түндүк-батышка чейин 16 чакырым алыстыкта жайгашкан.  Анын кесепетинен улам Эрджиш шаарында ондогон турак-жайлар, мекемелер урап калган.

«Ван аймагынан түндүккө карай 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Эрджиш шаарында сексенге жакын үйлөр жана жатакана кыйроого дуушар болду. Ал эми Ван аймагынын өзүндө он турак-жай жараксыз деп табылды», — деп билдирет Би-Би-Си кызматты Турциянын премьер-министри Реджеп Тайип  Эрдогандын сөзүнө таяна.

Жер титирөөнүн негизинде 200 адам курман болуп 1000 адам жаракат алган. Экинчи жолку жер титирөөдөн коркон жарандар үйлөрүнө барбай, түнү  бою  эшикте жүрүшкөн. Азыркы тапта урандылардын алдында калгандарды издөө иштери жүрүп жатат.

АКШнын геологиялык коомунун маалыматында, жер титирөө Аравия жана Евразия платформаларынын ортосундагы кагылышуудан улам болгон.

Турциядагы эң катуу жер титирөө 1939-жылы катталып, анын баллы 7-8ге жеткен. Анда наабыт болгондордун саны 33 миң кишини түзгөн. 

Автор: Диана Рахманова

Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Редактор: Айгуль Гуламидин кызы