Таиландтагы суу ташкынынан улам, Кыргызстанда хард дисктерге болгон баалардын өсүшү байкалууда


Таиландтагы болгон суу ташкынынан улам хард дисктерди иштеп чыгарып жаткан дүйнөлүк өндүрүшчүлөр өз ишин токтотууга мажбур болушту. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү хард дисктердин аздыгына байланыштуу баалардын жогорулашы кескин түрдө байкалды. Анын ичинде Кыргызстанда хард дисктерге болгон баа орточо эсеп менен алганда мурунку баасынан 40-50 пайызга жогорулаган.

Таиландтагы ташкын, Кыргызстандагы компьютердик жабдыктарды сатуу менен алектенген дүкөндөрдүн арасында ар түрдүү көз караштарды жаратты. Сатуучулардын айтымында хард дискке болгон баалар ташкындан кийин жогорулаган. Ал эми кээ бир дүкөндөрдө дискке болгон баа ошол эле бойдон калууда. «Светофор» интернет-дүкөнүндө «Сигейт» фирмасынын 1000 Гигабайттуу хард диски 4935 сом.  Дүкөндүн кызматкерлери акыркы эки жуманын ичинде дисктердин баасы 1371 сомго жогорулай турганын  айтышты.

«@.kg» дүкөнү өз кезегинде «Сигейт» фирмасынын дисктеринин баасын жогорулаткан. Дүкөндүн сатуучусунун айтымында  сырткы хард -диск эле эмес, ички хард-диске да бааны жогорулаткан. Ички хард-дисктердин  баасы 1600 сомго көтөрүлгөн.

«1000 Гигабайттуу диск  3100 сом болсо , бүгүнкү күндө 4700 сом», — деди сатуучу.

Link.kg компаниясынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, фирманын товарларына  болгон хард дисктердин баасы  жогорулаган бирок, көп эмес . Хард дисктердин баасы 4341 сом. Прайс-баракчаларын жаңыртуудан улам азыр так баалар белгисиз бойдон калууда.

Ал эми «Планета электроники» дүкөнүнүн кызматкери Алексей Ефименко, баалар өзгөргөн жок деп билдирет. Бул маалыматты «Лоджик» компаниясынын кызматкерлери да тастыктаган.

Кардарлардын пикири

«Фхтагн» веб-студиясынын башкы мүдүрү Сергей Хегай хард дисктер тез аранын ичинде кымбатап кеткенин байкаган.

«Азыркы тапта маалыматты алып жүрүүчү каражаттарды алып алуу керек. Анткени убакыт өткөн сайын аларга болгон баалар өсө берет», — деди Хегай.

Бишкек шаарынын тургуну Болот  Kloop.kg маалымат порталынын кабарчысы менен болгон маегинде, хард дисктердин баасы орто эсеп менен дүкөндөрдө 12 долларга көтөрүлдү,- деп айткан.

««Сигейт» фирмасынын дисктери 7-12 долларга чейин жогорулады. Мен анча деле кайгырганым жок, себеби, мен дисктердин бир нечесин сатып алгам. Негизинен эле хард дисктерди азыр сатып алыш керек», – деп өз сунушун билдирди Болот.

Бишкетин тургуну Артем баалардын көтөрүлгөнүн байкабаганын айтат.

«Эгер баалар көтөрүлсө деле, баа кардарлардын капчыгына туура келип, анча деле ыңгайсыздыктарды жаратпайт», — деп эсептейт Артем.

Товарлардын жеткирилиши кармалууда

Март айынан бери тынымсыз жаап жаткан жаандан улам Таиландагы суу ташкыны 20-октябрдан 24-октябрга чейин созулган. Анын айынан 350 адам кайтыш болуп, 720 киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Суу ташкынынан улам дүйнөлүк өндүрүш токтоп, хард дисктердин баасы кескин түрдө жогорулаган.

«Сигейт» дүйнөлүк хард диск чыгаруучу фирмасы, «суу ташкынына байланыштуу товарлардын жеткирилиши бир аз кармалат»,-деп билдирет.

«Туруктуулуктун жоктугунан улам Таиландта орун алган филиалдардын, дисктерди чыгаруусу мурункудай сапатта болбой калат деген божомолдор бар. Декабрь айында жана жакынкы үч ай аралыгында компаниянын продукцияларын өз убагында жеткирүү болбой калат», — деп билдирет «Сигейт» компаниясынын басма сөз кызматы.

«Вестерн Диджитал» компаниясы дагы өндүрүлгөн товарды тиешелүү жерге жеткирүү убагында болбой калаарын айтат.

«Суу ташкынынан улам биздин компания Банг-Па жана Наванактагы филиалдарынын ишин убактылуу токтотууга аргасыз болууда», — деп компаниянын расмий сайытнда жазылган.

«Сигейт» жана «Вестерн Диджитал» компанияларынын  Таиландта ири өндүрүштөрү  жайгашкан . «Вестерн Диджитал» өзүнүн продукцияларынын 60 пайызын Таиландтан чыгарат. Ал эми, «Сигейт» бул өлкөдөгү филиалдарынан 50 миллиондон ашык хард дисктерди чогултат.

Автору: Данияр Омүрзаков
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы