Кыргызстан жана Өзбекстан 25-октябрда «Дустлик-авто» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачууну макулдашты. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара Өзбекстан тарабынан 2010-жылдын апрель төңкөрүшүнөн соң жабылган.
Кыргызстандагы апрелдик төңкөрүштөн кийин, 17 көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын ичинен биринчилерден болуп «Дустлик-авто» өткөрүү пункту ачылды.
КУККнын чек ара басма-сөз кызматынын билдирүүсүндө, өткөрүү пунктуларынын бири өзбек жана кыргыз чек ара кызматынын башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин ачылган. Сүйлөшүүлөр Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысы генерал-майор Закир Тиленов менен Өзбекстандык кесиптеши Руслан Мирзаевдердин жолугушуусунда болгон.
« Эки жактык жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эл аралык «Достлик-авто» пункту Өзбекстан тарабынан ачылат деген чечимге келишкен», — деп билдирди чек ара кызматынын басма сөз кызматы.
«Дустлик-авто» көзөмөл-өткөрүү пункту кыргыздын «Достук-автодорожный» пунктунун алдында жайгашкан.
Басма-сөз кызматынын билдирүүсүндө, чек араны өтүү штаттык режимде жүргүзүлөт. Чек арадан эки өлкөнүн тең жарандары, транспортору жана жүк ташуучу унаалар өтө алат.
Айнеги караңгылатылган жана оң жактан башкарылуучу автоунаалар чек арадан өткөрүлбөйт.
Өткөрүү пункту кыш мезгилинде таңкы саат сегизден кечки саат алтыга чейин, ал эми жай мезгилинде эртең мененки жетиден кечки сегизге чейин иш алып барат.
Өзбекстан менен болгон чек аранын жабылышы
Өзбек-кыргыз чек арасы 2010-жылдын апрель айында Кыргызстандын аймагында болгон элдик төңкөрүштөн улам жабылган.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда экинчи революция болуп, экс-президент Курманбек Бакиев Бишкек шаарынан Жалал-Абад шаарына качып кеткен. Бир жумадан кийин өлкө башчысы өз кызматынан баш тарткан. 6-7-апрель күндөрү болгон каргашалуу күндөн 87 киши каза тапкан.
Өзбек-кыргыз чек арасы 2010-жылдын июнь айында болгон улут аралык кагылышуулар учурунда кайра ачылган. Жыйынтыкта 426 адам каза тапкан.
Ошол убакта Кыргызстан тараптан качкан качкындардын миңдейин чек арадан Өзбекстан өзү жакка өткөргөн.
Киммо Кильюнен Эл аралык комиссиясынын изилдөөсүндө, 111,000 адам Өзбекстан тарапка көчүрүлгөн, ал эми калган 300,000 адам ички көчүрмөдө калышкан.
- Чек араны ачуу өлкөнүн экономикасын көтөрөт
Кыргызстандын нифтерейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеевдин билдириминде, кыргыз-өзбек чектешкен пункттардын бирин ачуу Кыргызстандын экономикалык абалын жогорулатат.
«Карасуу базары иштеп баштайт, андан түшкөн каражат өлкөнүн түштүк аймагынын экономикасынын 30 пайызын түзөт. Анткени бул Борбор Азиядага «Дордойдон»кийинки эң чоң базар. Менин оюмча чек ара ачылса биздин экономика бир жарым пайызга көтөрүлөт», — дейт серепчи.
Саясат таануучу Марс Сариев ассоциация башчысынын оюна кошулуп, чек аранын ишин жандандыруу максатында өзбек тарап коңшу Кыргызстан менен достук мамилесин сактап калууну көздөп жатканын айтат.
«Кыргызстан бажы союзуна кошулганы жатат, анын артынанТаджикистан дагы кошулат. Ошол себептен Өзбекстан коңшулары менен достук мамиледе болушту каалайт. Биздин көз караштарыбыз акырындык менен күч алып жатат», — дейт саясат таануучу.
Сариевдин айтымында, Кыргызстанда стабилдүүлүк орногондон улам Өзбекстан чек араны ачкан.
Авторлор: Бекмат Азаматов жана Данияр Омурзаков
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы