Мэрия: Сууктун эрте башталышынан улам, быйыл жылуулук эрте берилет

Шаардык мэрия, 27-ноябрдан тартып борбор калаадагы үйлөргө жылуулук берүү тууралуу токтомго кол койду. Бийликтин билдирүүсүндө сууктун эрте түшкөндүгүнө байланыштуу өткөн жылга салыштырмалуу быйыл жылуулук берүү жылдагыдан беш күнгө эрте башталат.

Мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Чынара Усупбаеванын айтымында, жылуулук менен камсыз кылуучу тармактардын баары ишке даяр.

«Бишкек жылуулук тармагынын» жетекчилиги да  кательныйлар кышка даяр экенин билдирди.

Усупбаеванын билдирүүсүндө; мэрия «Бишкек жылуулук тармагы», Бишкек ТЭЦ жана «Бишкек жылуулук энерго» тармактарына Бишкектиктердин үйлөрүндөгү жылуулукту камсыз кылуу тууралуу тапшырма берген.

«Биринчи кезекте мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулук менен камсыз болот. Кийинки кезекте керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы болбогон жана объекттин кышкы шартта иштөөгө даярдыгы жөнүндө актысы бар - турак үйлөр, өнөр жай ишканалары жана мекемелерге берилет»-деп билдирди басма-сөз катчысы kloop.kg маалымат порталына берген интервьюсунда.

"Бишкек шаарынынын тургундарынын үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо үч күндүн ичинде, 27- 30-октябрга чейин жүргүзүлөт», — деп билдирди басма сөз кызматтын катчысы.

2010-жылга салыштырмалуу быйыл жылуулук берүү системасы беш күнгө эрте башталды. Өткөн жылы жылуулук 1-ноябрдан баштап берилген.

Гидрометеорологиялык станциясынын берген маалыматынан кийин, мэрия мезгилден эрте жылуулукту берүү чечимин кабыл алды.

Гидрометеорологиялык станциясынын айтымында, 28-октябрдан 30-октябрга чейин аба ырайынын температурасы Кыргызстандын аймагында кескин төмөндөйт. Бишкек шаарында +1 градустан +6 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Кыргызстандын башка аймактарында жааган жамгыр карга айланышы мүмкүн.

«Бишкек жылуулук тармагы» 2011-2012-жылдарда берилүүчү жылуулукка болгон баалар эч өзгөртүлбөстөн ошол бойдон калат,- деди. Мурун жылуулуктун  Гигакалорий 715 сомду түзуп келсе, быйыл дагы кардарларга ошол баа менен сатылат.

Автор: Айкөл Болотбекова

Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы