Гинекологдор: Кыргызстандык айымдар айла жоктон жасалма уруктандыруу жолунда эне болууга макул


Репродуктивдик ден-соолук тармагында эмгектенген адистердин билдириминде, Кыргызстандын аймагында жасалма уруктандырылган эне болуу тажрыйбада көп кездешпейт. Баланы тогуз ай бою көтөрүп, төрөп берген энелер бул ишке акча каражатына болгон муктаждыгын айтып, өз тажрыйбасы тууралуу көп айткылары келбейт.

Баш кошкон жаш жубайлар Айгүл жана Эркин балалуу болууну каалашкан. Бир нече жолу натыйжасыз аракеттен Эркин чылым чегүүнүн таштап, Айгүл атайын адистерге кеп-кеңеш сурап барып калган. Гистероскопия – жыныстык текшерүүдөн кийин адистер жатындын потологиясын аныктап чыгып, ал балалуу болууга жол бербей турганын, тукумсуз экенин билдиришкен.

«Ден-соолугума көзөмөл салган гинеколог-дарыгер, менде репродуктивдик система туура эместигин, мындан ары бала көтөрө албастыгымды айтты. Мен өмүрүмдү кыйып салгым кеген. Анткени аял заты бала төрөп, наристеге жаңы жашоо берүү үчүн жаралган да. Жолдошум мени таштап кетсе менин эчкимге керегим жок болуп калат деп коркком», – деди Айгүл.

Жаш үй-бүлө бала багып алуу жөнүндө ойлонушкан. Бирок, бир туугандары каршы болуп, баланын ата-теги кандай, ким билет деген ой менен келинге жолтоо болушкан.

Келиндин жолдошу Эркин наристени боюнда көтөрүп, төрөп бере алгандай, жасалма жол менен уруктандырууга макул болчу эне табууну сунуштаган. Айгүл табылган суррагат эненин атын атагысы келген жок.

«Суррагат энени табуу оңойго турган жок. Эне болуп берүүгө 34-жашаар, шаардык аял макул болгон Анын өзүнүн жети жашаар баласы бар. Эмне себептен бул ишке барган жатасыңар деген суроомо акча каражаты керек деп билдирди. Жолдошу катуу оорудан кайтыш болуп, чогулткан акчанын баары аны даарылоого жумшалган. Калган акча күйөөсүн жерге берүүгө, ашын өткөрүүгө, эстелик тургузууга кеткен. Каражаттын тартыштыгынан улам батирин сатып, баласы менен энесиникинде жашап калган. Анын таанышы суррагат эне болууну сунуштаган, андан кийин Эркин аны таап келди», – дейт Айгуль.

[stextbox id="custom" caption=Терминдер float="true" align="right" color="222222" ccolor="ffffff" bcolor="dddddd" bgcolor="dddddd" cbgcolor="800000" image="null"]

Суррогаттык эне болуу — үй-бүлөлүк ден-соолук жаатында кошумча колдонулуучу технология. Анда өз эрки менен биологиялык жактан ага тиешеси жок болгон баланы боюна көтөрүп, төрөп берүүгө макул болгон аялдан наристе алынып, өз генетикалык ата-энесинин колуна тапшырылат. Наристени жасалма жол менен боюна көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келген энесине карабастан генитикалык жактан ата-энеси деген адамдар юридикалык жактан дагы балага толук укуктуу боло адышат [/stextbox] Эне болууну калааган келинге гинекология жаатында эмгектенген адистер Алматыдагы клиникаларга, «ЭКОмед» клиникасына кайрылуусун сунушташкан. Алардын айтымында көбүнчө Кыргызстандык айымдар ошол жака барышат.

Жасалма жол менен уруктандырылган эненин кызматына таянса болобу, канчалык деңгээлде эффективдүү болоорун көпкө дээри үй-бүлөлүк кеңеште талкуулаган жаштар, башка жолду да кароону ойлонушкан. Айгүл жолдошу менен боюнда көтөрүп берүүгө макул болгон аял акчаны алып качып кетет деп коркушкан. Балким, ал ден-соолугу таза эмес наристени төрөп береби деген ойлор да болгон. Бирок, акырында жубайлар бул жол менен балалуу болууну туура көрүшкөн.

Айгүл менен Эркин менчик нотариуска кайрылып, келишим түзүшкөн. Анда жасалма жол менен уруктандырылган энени камсыз кылып турууга кандай каражаттар кетээри, эмне керек болоору, наристе төрөлгөн соң аны ата-энесине беребй койгон учурда кандай чаралар колдонулат жана баланы ата-энеси алуудан баш тарткан учурда эмне кылыш керек экендиги жазылып, макулдашылган.

Гинекологиялык клиникада Экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО) процедурасынан өтүп, атайын кутучада өстүрүлгөн эмбрион урукчаларын аялдын жатынына киргизип, эмбриондун андан ары өрчүшүнө өбөлгө түзүп берген.

Уруктандыруунун алдында суррагат эне менен атайын психолог иш алып барат. Айгүлдүн айтымында, жасалма жол менен уруктандырылган энеге психолог, ал өзүн «инкубатор» катары элестетип, жатындагы балага эч бир мээрим сезими болбошу керек деген даярдыктардан өткөрөт.

Айгүл жасалма уруктандыруу менен төрөгөн эненин кызматына муктаж болгонун анын ата-энеси жана жолдошу Эркиндин ата-энеси билген. Кош бойлуу деген ойду келтирүү максатында ал жасалма ичти пайда кылып, бир нече ай тагынганга аргасыз болгон.

Жасалма жол аркылуу уруктандырылган айымдын жубайлардын үйүнө көчүп келишин Айгүл өзү суранган. Кош бойлуулук кандай өтүп жатканын көзөмөлдөп турган.

Жаш келин, суррагат эненин тамактануусуна жана башка аракетине көнүл булуп турган. Жасалма жол менен уруктандырылган аял жана Айгүл тогуз айдын ичинде абдан жакшы достук мамиледе болуп калышкан. Айгүлдүн айтымында, ал абийрдүү, жан дүйнөсү таза, жакшы айым болгон.

Наристенин төрөлө турган мезгили жакындап калган учурда Айгүлдүн тынчы кете баштаган. Суррагат эне баланы бербей койсо эмне болот деп ойлонгон. Бирок мындай болгон учурда жасалма жол менен уруктандырылган эне келишимдин негизинде, кош бойлуу учурунда кеткен чыгымдардын баарын кайра кайтарып, төлөп бериши керек болчу.

«Ал төрөп жатканда жанында болгом, наристе жарык дүйнөгө келээри менен аны алып чыгып кетишти. Аялдын көз жашы азыр деле көз алдымда турат. Баланы бербей коебу деп корктум, бирок ооруканадан чыгаргандан кийин жолдошум акчасынын баарын төлөп берди. Ошондон кийин биз көрүшкөн жокпуз», – деп Айгүл окуяны жыйынтыктады.

Наристе төрөлгөндөн кийин көп өтпөй ал баардык медициналык билдирүүлөрдү, карточкаларды жана башка тиешесиз документтерди өрттөп жибергенин ачык айтты.

Жубайлар жасалма уруктандыруу жолу аркылуу төрөлгөн баланын энесин жашырып, ачыкка чыгарбоо максатында акушерге «пара беришкен». Наристени төрөгөн аялды ошол эле күнү чыгарып, анын ордуна Айгүлдү төрөгөн эне катары жаткырып коюшкан.

Үч жыл мурун болуп өткөн окуяда Эркин жана Айгүлдүн ден-соолугу чың эркек баласы жарык дүйнөгө келген. Эки жаш жети ай болуп калган баланын аты Белек. Айгүл баланын карындашы болсо деп эңсегени менен анын жолдошу бул ойго каршы чыккан.

«Уулубузга өтө кымбат жол менен жете алдык жана жасалма жол менен уруктандырылган эне бул баланы сатып алуу эмес, балалуу болуунун акыркы жолу», - деди Айгүл өз сөзүндө.

Айгүлдүн айтымында, медициналык кызматтарга, жасалма жол менен уруктандырылган энени камсыз кылууга жана кош бойлуулук менен байланыштуу болгон чыгымдарга 70 миң АКШ доллары кеткен.

Каражаттын тартыштыгы

Депутат Гүлнара Асымбекова парламенттеги саламаттыкты сактоо комитетинин теңтөрайымы жана Бишкектеги клиникаларынын бирини башчысы, хирург-репродуктолог.

Асымбекованын клиникасы жасалма жол менен уруктандырып, төрөп берүүгө даяр болгон энелерди өзү тапкан жубайлар менен иш алып барат. Клиника аткаруучу катары эненин жатынын уруктандырып берет, ал эми калган иштерине аралашпайт.

«Юридикалык жактан тастыкталган документтерин көргөзгөндөн кийин, биз бул процедураларлы аткарып бере алабыз. Документте эки тараптын тең укуктары бузулбашы шарт, пайда боло турган наристенин, төрөп берүүчү суррогаттык эненин жана болочок ата-эненин дагы укуктары бузулбашы керек», – деди Асымбекова.

Каражаттын тартыштыгынан улам эки баланын энеси болгон Чынара жасалма жол менен уруктандырылган эне болууга макул болгон. Жолдошунун жеке иши болбой калган. Аял насыяларды төлөп кутулуу жолун издеп, Кыргызстандагы телеканалдарга жүгүртмө жарнама берген.

Балалуу боло албай жүргөн жубайлар Чынарага кайрылышкан. Жасалма уруктандыруу процедурасы Бишкек шаарындагы клиникалардын биринде өткөн. Баланы көтөрүп жүрүп, ден-соолугу чың наристени жарыкка алып келген. Чынара акча алары менен бардык каражат маселесинен кутулган. Андан ары суррогаттык эне болуу мезгилиндеги тажыйрбасын айтып берүүдөн баш тартты.

Атайын клиникалардын жоктугу

Адамдын чың ден-соолугу борборунун акушер-гинекологу Айнур Азарова, Кыргызстандагы жасалма жол менен уруктандыруу кеңири эместигин айтат. Алматы шаарындагы «ЭКОмед» клиникасында мындай эне болууну калаагандардын атайын тизмеги бар.

«Бизде жасалма жол менен уруктандырууда эне болгон энелик чоң масштабдагы тажрыйба жок. Болсо дагы сейрек кездешет», – деди гинеколог.

Айнур Азарованын бейтабынын жатыны чоң көлөмдөгү миома оорусуна кабылган. Кийинчерээк жатынын алып салуу боюнча операция жүргүзүлгөн. Алматадан ага жасалма жол аркылуу эне болуп, бала төрөп берүүнү каалаган аялды таап беришкен.

«Эгер аялдын жатыны хирургиялык жол менен алынып салынган болсо, төрөт учурунда оорчулуктар келип чыгышы толук ыктымал. Операция кылуу жолу менен биз адамдын өмүрүн сактап калуу максатын көздөйбүз, мисалга ошол эле чоң көлөмдөгү миома. Суррогаттык эне болуу процедурасы абдан зарыл. Генетикалык жактан атасына да, апасына да окшош балага жетүүдө, баласы жок үй-бүлөлөрдүн бир гана жолу- бул жасалма жол менен уруктандырылган аялдын жардамы менен наристелүү болуу болуп саналат», – деп түшүндүрмө берди даарыгер.

Аялдардын жыныстык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү менен алектенген Асымбекованын клиникасында жасалма жол аркылуу эне болууну каалагандардын тизмеги жок.

Саламаттыкты сактоо министрлиги алдындагы эне жана баланы коргоо бөлүм башчысынын айтымында, Кыргызстандын аймагында жасалма жол менен уруктандырылган эне болуу «расмий эмес негизде иштеп келет».

18-мыйзамдын 3 беренесине ылайык «репродуктивдүү жарандын укугу боюнча», медико-генетикалык кеңештерден жана баардык тараптан текшерүүдөн өткөн соң, 18 жаштан 35 жашка чейинки аялдар суррогаттык эне боло алышат.

Үй-бүлө мыйзамы боюнча ата-эне катары жубайларды көрсөтөт. Никеде турбаган жарандар ата-эне катары көрсөтүлбөйт. Ошондой эле суррогаттык энелик боюнча келишим түзүүдө жубайлардын макулдугу керек.

Жубайлар жазма түрдө макулдугун берген соң, башка аялга эмбрион инплантация кылынгандан кийин ымыркай төрөлүп, аны алардын атына катоого чейин наристеден баш тарууга мүмкүн эмес.

Франция, Германия, Дания, Норвегия жана Швецияда суррогаттык эне болууга тыюу салынган. Ал эми башка мамлекеттерде болгону коммерсиялык жол менен келишим түзүүгө мүмкүн эмес, жана сот иштерин кароого киргизилбейт. Мындай мамлекеттерге Канада, Израиль, жана Улуубритания кирет.

Автор: Айым Бакы
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы
Сүрөттүн автору: rshannonsmith