Ошто бир жуманын ичинде алдыңкы терезеси караңгылатылган автоунаалардын ээлерине 183 протокол түзүлгөн


Ош шаарынын мэринин айтымында, түштүк борбордо айнектери караңгылатылган автоунаалар менен белгисиз адамдар «коркутуу» менен үгүттөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айткан. Ошондуктан шайлоо алдында калк коопсуздугун камсыздоо максатында Ош шаардык күч органдары караңгылатылган алдынкы терезелерди алып салуу боюнча атайын рейдтерди жүргүзүүдө.

Шаардык мэр Мелисбек Мырзакматов, алдынкы айнектери караңгылатылган, атайын номери жок автоунаалар акыркы кездерде кѳбѳйүп кеткендиктен улам, "тонировка рейдин" жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан.

Ички иштер министрлигинин алдындагы жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөнүн [ИИБ ЖКК] үгүт-насаат иштери боюнча инспектор Рашид Сыдыков рейдти жүргүзүүдө активдүү иш алып барган. Анын кабарында 22 октябрдан бери болуп келген текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 183 протокол түзүлүп, анын ичинен 62 автоунаа убактылуу токтоочу жайга киргизилген. Мыйзамга ылайык рейд учурунда кармалган айдоочулар 300 сом айыпка жыгылышат.

Бирок, мындай кабыл алынып жаткан чараларга карабастан машинелеринин алдыңкы айнектерин караңгылатып алган айдоочулардын саны басаңдабай келет дейт Сыдыков.

«Ошондуктан рейд дагы бир нече убакытка узартылып, улуттук коопсуздук кызматы, Ош шаардык жана облустук ички иштер кызматкерлери, жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы биргеликте чыгып, иштеп жатышат»,-деп белгиледи инспектор өз сөзүндө.

Рейдте терезелерин караңгылатып алган айдоочуларды мыйзам чегинде жоопко тартууда алардын коомдун арасында аткарган кызматы эчкандай мааниге ээ эмес деп белгилешти жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр.

«Кыргызстан мамлекетинин мыйзамы баарыбызга бирдей. Ким кайсы жерде иштегенине карабастан, протокол түзүп, убактылуу токтоочу жайга машиелерин коюп жатабыз»,- деди Сыдыков.

Айрым айдоочулар өз автоунаасындагы караңгылатылган фальганы чечүүдө инспекторлорго жардамын көргөзсө, кээ бири тескерисинче каршылыгын көрсөтүп, аны чечпей эле коюш керек деп айтышууда дейт Рашид Сыдыков.

«Анча- мынча түшүнбѳстүк кылып жатат жаш балдар. Түшүнгѳн адамдар мыйзамга кантип каршылык кѳргѳзсүн. Алар ѳзүлөрү айнектериндеги кара фальганы тазалап жатат»,-деди инспектор.

«Мыйзамга карабастан»

Drive2.kg автоунаалар туралуу интернет порталынын башчысы Айбек Баратовдун маалыматында, бул мезгилге чейин бир канча ушул сыяктуу рейдттер жүргүзүлүп келгени менен, натыйжа алуу кыйын болгон.

«МАИлер сыйрыганы менен кайра эле барып, жаӊылап бастырып алгандар кѳп эле кездешип жатат. Аны карапайым эл эмес, кайсы бир кызматта иштегендердин автоунааларынан кезиктирүүгѳ болот»,- деп билдирди Баратов.

Айдоочу Токтогул Приевдин оюнда, мыйзамга карабастан автоунаа жеке менчик болгондон кийин ар бир адам ѳзүнун машинесин калагандай колдонуусу керек.

«Мен автоунаага карап айдаганды жакшы кѳрѳм. Ошондуктан айнегин карартып карайтып алган элем. Бул туурасында мыйзам бар экенин билем»,-деп айтты айдоочу.

Ал эми дагы бир айдоочу Элмырза Кыдыралиев ѳз кызыкчылыгы үчүн алдыңкы айнектерине кара фальганы бастырган, бирок андай иштерге жол бербеген мыйзам бар экендигин билген эмес.

«Баардыгы айнегин караңгылатканда, мен дагы алдыӊкы айнектерге бастырганмын,. Мындай мыйзам бар экенин билген деле жокмун. Себеби, баардыгы эле жүрбѳйбү айнектерин карайтып алып эле»,-деди айдоочу ѳз сѳзүндѳ.

Даткабек Маматахуновдун айтуусунда, бир канча ай мурун автоунасынын алдынкы караңгылатылган айнектерин атайын усталарга барып сыйрытып салган.

«Мен машинамды сатып алганда алдынкы айнектери да карайтылган экен. Кийин МАИлер[ЖКК] кармап, 300 сом айып акча тѳлѳгѳм. Ошондон бери такпай эле жүрѳм»,-деп айтты айдоочу.

Кыргыз республикасынын администрадивдик жоопкерчилиги жѳнүндѳ кодексинин 228 беренесинин тѳртүнчү бѳлүгүнѳ ылайык, эгер автоунаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатып жүрсѳ мыйзамга карата үч эселенген айып акчасын мамлекеттин пайдасына тѳлѳшөт. Айыптын өлчөмү 300 сомду түзөт.

Редактор: Айзат Шакиева