Шайлоо - 2011: Атамбаев алдыда болгонундуктан, анын каршылаштары "административдик ресурс колдонууда",-деп күнөөлөшүүдө


Кыргызстанда президенттик шайлоо болуп өттүүдө. Өлкө башчысынын тактысына 16 адам ат салышууда. Байкоочулар, башкы маселе катары шайлоочулар өз аты-жөнүн тизмеден таппай калганында болуп жатканын белгилешти. Алардын катарында Роза Отунбаеванын уулу жана президенттикке талапкер Сооронбай Дыйканов болду.

23:43 Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы учурда бюллетендердин 30% эсептеп чыгып, талапкер Алмазбек Атамбаев 64,86% менен алдыда келе жатканын билдирет.

Ташиевке добуш бергендердин пайзы 14,5ти түзсө 13,71 шайлоочу Мадумаровду колдоодо.

Калган талапкерлердин көпчүлүгү 1 пайыз  добушка да ээ боло элек.

23:34 Талапкер Кубатбек Байболов «Твиттердеги» баракчасына, Алмазбек Атамбаевдин толук ыйгарымдуу өкүлү жана шайлоо участокторунун биринде төрагалык кылган адамдын ортосундагы телефондук байланышты жаздырып алгандыгы тууралуу тастыкталбаган маалыматты жайгаштырган.

Сүйлөшүүдө Атамбаевдин өкүлүмүн деп өзүн тааныштырган адам шайлоо комиссиясынын башчысына кандайдыр бир конвертти сунуш кылып, Атамбаевке карата көрсөткүчтөр жогору болсо, ал конверттин ээси боло тугандыгы жөнүндө айтат.

23:22 БШК шайлоо бюллетендеринин төрттөн бир бөлүгүн иштеп чыкты.

22:11 7% жогору бюллетендер иштелип чыкты.

Лидер болуп Атамбаев калууда — 65,39%. Ташиев жана Мадумаров бири-бирине тең тайлаш келе жатат — 14,73% жана 14,02%.

21:53 БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Жалал-Адабтагы шайлоо участкаларынын биринде видео тасмага тартуу фактысы болгонун айтты.

«Жалал-Абадтагы Барпы жергесинде бюллетендери жалпы таштоо катталгандыгы тартылган видео тасма алынды. Иш жакынкы арада каралып чыгат», — деди Абдраимов.

21:51 Бюллетендердин 4,5% иштелип чыкты.

Атамбаев — 64,45%, Мадумаров (15,09%) жана Ташиев (14,62%).

21:43 Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кандай гана кагылышуу болбосун аны калыбына келтирип, өлкөдөгү тынчтыкты сактоого мүмкүнчүлүгүбүз бар дейт.

21:43 Вице-премьер Шамиль Атаханов шайлоо ийгиликтүү өттү деди.

«Кемчиликтер кетпей койгон жок, бирок шайлоонун жалпы жүрүшүнө алар кедергисин тийгизе албайт», — деп вице-премьер өкмөттүн жыйынтыктоочу пресс-жыйынында билдирди.

Атаханов ошондой эле шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон талапкерлер бул тууралуу сотко кайрылса болот деди.

«Нааразы болуп, айып коюп жаткан талапкерлердин оозунан мен жок дегенде бир факты айтылганын уккан жокмун», — деди ал пресс-жыйын өткөрүп, нааразы болгон талапкерлерди айтып премьер-министри.

21:33 Өкмөттүн пресс-жыйыны башталып, анда ички иштер министри Зарлыбек Рысалиев азыркы тапта өлкөнүн аймагында абал тынч деп белгиледи.
«Но всё равно мы следим за обстановкой», — добавил он.

«Талапкерлердин укук коргоо органдарынын кызматкерлери таза эмес иштеп атат деген маалыматы туура эмес — ал ушак», — деди министр.

Анын айтымында төрт мыйзам бузуу катталып, анын ичинде Воронцовкада шайлоочуларды пара берип, добушун сатып алуу жүргүзүү учурунда Адахан Мадумаровдун өкүлү кармалды.

21:11 Протоколдордун бир пайыздан бир аз ашыгы, тактап айтканда 3218 шайлоо участколорунун ичинен 24 участок текшерилип, Атамбаев — 69,51%, Ташиев — 16,05%, Мадумаров — 8,97% ээ болду.

20:54 2318 шайлоо участогунун арасынан сегиз участоктоктогу болгон шайлоонун жыйынтыктары чыгарылды.

Азырынча Атамбаев алдыда келе жатат. Ага берилген добуштардын саны 55,25%, Ташиев (24,86%) и жана Мадумаров (13,71%).

20:31 БШКнын интернет баракчасында Ыссык-Көл облусундагы Ак-Суу айылынан орун алган №3123 шайлоо участогу биринчилерден болуп протокол берди.

Бул участок боюнча 70 шайлоочу добуш берген болсо анын 59 добушу Алмазбек Атамбаевди колдоого багытталган.

20:23 Жергиликтүү шайлоо участокторундагы шайлоочулардын добуштары акырындык менен санала баштады.

«Твиттердин» колдонуучусу Бишкектеги шайлоо участокторунун биринде болгонун билдирип, анда Алмазбек Атамбаев — 704, Мадумаров 79 ал эми Ташиев 51 добуш алды дейт.

Өлкөнүн Түштүк аймагында башкача кырдаал түзүлгөн. Биздин кабарчыбыз Суербек Амановдун маалыматына караганда Оштогу шайлоо участокторунун биринде шайлоочулардын бюллетендери саналып, Ташиев — 138, Мадумаров — 132, Атамбаев 39 добушка ээ болгонун билдирди.

20:18 Талапкер Кубатбек Байболов Бишкектин Кандидат Кубатбек «Ак-Өргө» конушундагы шайлоо участогунда бюллетендерди массалык түрдө таштоо болду деп белгилейт.

«№1019 участогуна жаш жигиттердин тобу уруксаатсыз кирип келип, бюллетендерди тобу менен урнага салышкан», — деди ал.

19:49 Президентти шайлоого жарандардын 50,58% катышты деп БШК билдирет.

Жогорку активдүүлүктү Чүй облусунун шайлоочулары көрсөтүп, алардын 70% добуш берсе, Ош шаары артта калып, ал жакта 25% шайлоочулар гана добуш берүүгө келген.

19:39 Атамбаевдин каршылаштарынын пресс-жыйыны жыйынтыкталды.

Бузуулар туура эмес көп катталгандыктан улам шайлоону өткөн жок деп жарыялоо керек деди талапкерлердин бири Марат Иманкулов.

«Атамбаевдин жеңишке жетише тургандыгы алдын ала чечилип, анык болгон иш», — деди ал.

Жыйында отурган талапкерлер БШКны таркатып жиберүү керек деген ойду айтты.

«Бул мыйзам бузуулар тууралуу баардык жерде айтып келгенбиз. Маркерлөө сапаттуу эмес жүргүзүлүп, шайлоочулардын көбү тизмектен өзүн таппай шайлоого катыша алган жок», — деди Кубатбек Байболов.

Административдик ресурс колдонулуп, студенттерди массалык түрдө шайлоого алып келүү болду.

19:27 БШКсы шайлоочулардын активдүүлүгү тууралуу атайын көрсөтмөлөрдү шайлоо участоктору жабылганда саат 19:00до билдирди.

Шайлоочулардын жалпы санынан өлкө боюнча 39,22% шайлоочу өз добушун берди. БШКсы бул көрсөткүчтөр божомолдуу экенин айтып, сандар дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин айтты.

19:23 «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Талас облусундагы Бакай-Ата районунда 10 бюллетенди жалпы таштоо болду деп белгилөөдө.

19:16 Журналист Нэйт Шенккан Кыргыз улуттук университетиндеги башаламандык тууралуу айтууда. 500 ашуун киши эшикте кезекте турганы менен, шайлоо убактысы расмий түрдө бүттү.

«КМУда хаос, 500 адам өз добуштарын берүүгө аракет кылып жатат, бирок процестин жүрүшүн батыраак кылуу үчүн эчкандай чаралар колдонулган жок.

Шайлоо участогундагы комиссия тобунун жетекчиси эмне кылуу керек экендигин билбей турганын журналист кабарлады.

«Шайлоо комиссиясынын башчысы байкоочуларга келип, эмне кылалы деп, кеңеш сурап жатат», — деди Шенккан.

19:10Добуш берүү аяктап, шайлоо участоктору жабылды. Аз убакыттын ичинде добуштарды саноо башталат.

18:59 «Таза Шайлоодон» байкоочу Гульдезде Жуманазарова Оштогу 5288 шайлоо участогундагы укук бузуулар тууралуу кабарлады.

«Башаламандык болуп жатат: Бир эле адам бирнече жолу кирип добуш берип, маркерлөө колдон оңой эле өчүп калып жатат», — дели байкоочу.

18:45 Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев пресс-конфеерцияга катыша албай турганын билдирди.

18:308 талапкердин катышуусу менен «24.kg» маалымат агенттигиндеги атайын пресс-жыйын башталды. Алар администритивдик ресурска каршы чыгып жатышат.

18:15 Ош шаарында орун алган 1312 шайлоо участогунун байкоочуларынын биринин айтымында көптөгөн шайлоочулар жөндөн-жөн гана шайлоого катыша албай калып жатышат дейт.

«Бул тизмелерден көбүнчөсү өзбек улутундагы шайлоочулардын аты-жөндөрү оңой эле табылып, өз добуштарын берип кетип жатышат. Шаардык шайлоо комиссиясына кайрылсак, шайлоо тууралуу жаңы киргизилген мыйзамдарга карата баары компьютерде болуп, башаламан болуп жатат деп жооп берип коюшту», - деди атын атагысы келбеген байкоочу.

18:10 Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин каршылаштары жана талапкерлер бир пресс-конференцияга чогулду.

Алардын ичинен Атамбаевдин башкы карылаштары — Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров — ошондой эле Курманбек Осмонов, Кубанычбек Исабеков, Анарбек Калматов жана Сооронбай Дыйкановдор бар.

Саат 18:30 боло турган пресс-чогулушта алар божомолдуу түрдө колдонулган административдик ресурстар тууралуу айта турганы маалым болууда.

17:37 «Таза Шайлоо» уюмунан укук коргоочу Азамат Жорокулов Бишкектеги №5 мектепте жайгашкан 1327 шайлоо участогуна элди массалык түрдө алып келүү болуп, кээ бирлери маркерлөөсүз добуш берди деди.

Байкоочу Чолпон Шаршенова биздин кабарчыбыз менен болгон маегинде бир байкоочуну каяктан келгени, кайсы уюмдан экени белгисиз болгон байкоочуга алмаштырып койгон. Бирок бул учурда аны шайлоо комиссиясынын төрагасы Калиман орозбекова токтотуп. Шаршенова баарына нааразы боло берээрин айтты.

Шаршенова сотко берем деп коркутту.

17:21 Өз атын атабаган Кыргыз улуттук университетинде орун алган шайлоо участогунун төрагасы 100 ашуун шайлоочулар өз добушун бере албай кеткенин билдирди.

Ошол эле шайлоо участогунун байкоочулары Улуттун университеттин мугалимдери тышта туруп, тизме боюнча шайлоочуларды текшерип жатканын маалымдады. Алар көбүнэсе стунденттерди текшерип жатат дейт.

Мугалимдер бул маселе тууралуу биздин кабарчылар менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

17:07 Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бориса Турдубаева шаарда чындыгында эле атышуулар болгонун тастыктап, бирок бул чыр-чатак «Кньюс» маалымат агенттиги кабарлагандай №2103 шайлоо участогунда болгон эмес деди.

«Атышуулар стадион тарапта болду деп бизге айтышты. ИИБгына чалсам мунун шайлоого эч кандай тиешеси жок дешти. Калган маалыматтар расмий эмес», — деди ал.

16:50 Президенттикке талапкер Сооронбай Жусуев дагы өзүн шайлоочулар тизмесинен таппай, добушун бере алган жок.

«Мен жубайым менен Ленин райондук төрагасына бардык. Мындан мурунку шайлоолорду ушул эле шайлоо участогунан катышкам. Мага окшогондор Кыргызстан боюнча абдан көп. Бул атайын жасалган иш деп ойлойм. Анткени салык төлөөргө келгенде бизди абдан бат табышат, ал эми добуш берели деп келгенде биз жок болуп калабыз», — деди Дыйканов.

Анын айтымында тизмектер менен болгон кырдаалдар адамдын конституциялык укуктарын бузуу болуп саналат.

«Эгер адамдын колунда паспорту бар, тирүү болуп туруп бирок өз добушун бере албаса, анда ал адамдын укуктарын бузуу болуп калат. Кандайдыр бир туура эмес иштерден улам эл четте калып жатат», — добавил кандидат.

16:42 БШКнын өкүлү Рашид Бекбасаров тизмектер менен маселени күтүп жатканын айтып, бирок бул учурларда аймактык шайлоо комиссиялары күнөөлү экенин белгиледи.

«Шайлоочулар өз аты-жөнүн тизмеден таппай калганына жергиликтүү шайлоо комиссия мүчөлөрү жооп бериши керек», — деди Бекбасаров.

16:38 Талапкер Кубатбек Байболов Твиттердеги блогунда ААтамбаевдин пресс-катчысы Токтогуловко төмөнкүдөй жооп берген.

«Алар эч нерсе көрбөй жаткан адам катары болуп жатканы таң калыштуу. Калп жол менен жеткен жеңиш тез аранын ичинде утулуууга алып келиши толук ыктымал», — деген Байболов.

16:33 Москвада жашап жаткан Орусиянын жараны Патила Тезекбаева 1500 миңден ашуун Кыргызстандыктар добуш бере албай жатканын айтат. Анын кабарында Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде анын кызматкерлери шайлоочулар өз убагында келип, каттоодон өткөн эмес деген шылтоосун айтышууда дейт.

«Биз 4 ай мурун каттоодон өтүп коюшубуз керек болчу. Милиция кызматкерлери биздин алдыбыздан элчиликтин каалгасын жаап алып, киргизбей койду», — деди Тезекбаева.

16:28 «Твиттердин» колдонуучусу Мээрим Матураимова өзүнүн аты-жөнүн башка шайлоо участогунан тапкан.

«Элдер, эгер өзүңөрдү таппасаңар БШКга кайрылыңыздар, балким сиз башка участокко кирип калгансыз Мен шайлайын деп атканда ошондой болду. Мен мурун шайлап жүргөн 1044 шайлоо участогунун ордуна 1004 участогуна түшүп калган», — деди Мээрим.

16:18 БШКнын маалымында азыркы тапта элден 20 арыз келип түшүп, алардын көбү өз добушун берүүгө мүмкүнчүлүк алды.

«Бизге келип түшкөн арыздарды биз тез аранын ичинде карап, жообун берип жатабыз. Өзүн тизмеде таппай калгандар маселени биздин юристтер менен чечип жатышат», — деп БШКдан кабарлады.

Буга карабастан тизмеден өзүн таппай калган жарандардын саны барган сайын көбөйүп жатат.

№1051 шайлоо участогунун байкоочулары Гүлмира Седова жана Алмаз Исабековдун маалыматына караганда, бир эле участокто 100 адам өз атын таппай, шайлоого катыша албай кетти.

16:00 БШК саат күндүзгү 15:00 карата маалыматты жарыкка чыгарды. Өлкө аймагы боюнча шайлоочулардын 36,41% өз добушун берди.

Эң активдүү деген көрсөткүчтү Чүй облусу берип, анда шайлоочулардын жалпы санынын 48,96% пайызы шайлоого катышты.

Активдүүлүгү төмөн болуп азыркы тапка чейин Ош шаары калууда. Шайлоочулардын жалпы санынын 25,98% добуш берген.

15:51 «Твиттерге» колдонуучу Mekajona тизмекте шайлоочулардын жок болгону мушташка алып келип жатат деген.

«Кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулар арасында мушташ чыгып кетип жатат. БШК баарын тактаган эмес!» — деген ал.

15:48 «Демократия жана жарандык коом» коалициясы «Кыргызстандагы шайлоо мониторинги» веб-сайтында Жалал-Абадтагы №2010 шайлоо участогунда бюллетендерди таштоо менен шайлоо жүргөндүгү тууралуу берилгенин айтат.

Бирок бул бюллетендерди таштоо кайсы талапкерлерди колдоо менен болгонун уюм кабарлаган жок.

15:44 Укук коргоочу Тимур Шайхутдинов Кыргыз Улуттук университетинин студенттерин уюшулган түрдө добуш берүүгө мажбурлап, ким үчүн добуш бергендерин текшерүүгө алышты дейт.

«Кээ бир адамдар ким, кантип добуш берип жатканын белгилүү бир тизме менен байкап турган.Биз бул кайсы тизмек экенин билбейбиз, бирок студенттер экенин биз даана билебиз. Ош жана Бишкек шаарларында шайлоочуларды массалык түрдө алып келүү көп катталууда. Бирок башкы маселе болуп озүн тизмеден таппай, добуш бере албай калгандардын санынын көбөйүшү болуп жатат, - деди Шайхутдинов.

15:01 Коалиция «Жарандык коом» кабарлагандай, алардын кызматкерлери Таласта коркутуп-үркүтүүгө кабылган.

«Талас шаарындагы №6111 шайлоо участогунда отурган биздин коалициянын кызматкерлери сопрттун дене түзүлүштөгү жигиттер тарабынан коркутууга алынган. Биздин мобилдүү топ окуя болгон жерге барып, аларды дагы жигиттер коркутту», — деп кабарлады уюм.

«Байкоочулар шайлоо участогунан кетүүгө аргасыз болушууда. Азыркы тапта биз укук коргоо органдарына кайрылуу жасап жатабыз», — деп коалициянын пресс-катында берилген.

14:44 «Твиттердин» VoiceofSouth Оштогу колдонуучусу шайлоо участокторунда тимзелер менен маселелер көп байкалып жатат дейт.

«№5280 шайлоо участогуна баардыгы болуп 80 шайлоочу келсе, алардын ичинен 50 өзүн тизмеден таппай, кетип калышты», — деген ал.

14:42 Интернеттеги социалдык тармактар шайлоочулардын тизмеде жок экендиги тууралуу маалыматтарга жык-жыйма толгон.

«Шайлоочуларга добуш бергени келгиле деген маалымдоо баракчасы келгени менен бүгүн өзүн тизмеден таппай калышты. Ким жардам бере алат?» — деп Адилет Исраилов «Твиттердеги» блогуна жазды.

14:39 №1008 шайлоо участогунун төрайымы Дарига Имангоджоева «Кыргызстандагы шайлоо монитринги» сайтында жарык көргөн маалыматты жокко чыгарды.

Анын айтымында эртең менен узун кезектер болгондуктан улам биздин участокто 5 мүнөттүк тыныгуу болуп, шайлоочуларды алып келүү болду.

14:14 Өзүн тизмеде таппай калып, добуш бере албай калган шайлоочулардын даттануулары артууда.

«Өмүр бою №65 мектептеги №1332 шайлоо участогунда добуш берип келгем. Бирок бул шайлоодо эмнегедир №45 мектептеги №1322 шайлоо участогундагы тизмесине кирдим. Бул шайлоодо тизмелер башаламан. Жарандар, өзүңөрдүн ысымыңарды БШКнын сайтынан көзөмөлдөгүлө. Балким, сиз башка участогунда катталып, жана сиздин ордуңарга бюллетендерди ыргытуу жолу менен добуш берилип калышы мүмкүн», — деп «Кыргызстандагы шайлоонун мониторинги» сайтынын анонимдүү колдонуучу жазган.

Аталган сайтка Бишкектеги №1008 шайлоо участогу эч кандай себебин түшүндүрүүсүз жабылгандыгы тууралуу маалымат келди.

«Добуш бербестен эле элдер кетип жатышат. Участоктогу шайлоо комиссиясы маселе жакын арада чечилет деп убада берүүдө, бирок 50 жакын адам бир сааттай күтүп, үйлөрүнө кетишти. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул участокто көрүнбөдү. Шайлоочулар тарабынан агрессия байкалган жок, бирок эл абдан нааразы», — деп веб-сайттын дагы бир анонимдүү колдонуучусу жазууда.

Бул тууралуу маалыматты сайтта «дале текшериле элек кабарлар» катарына кошкон.

14:05 Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Курманжан Датка округу боюнча толук ыйгарымдуу өкүлү Аскар Мадамиров, Адахан Мадумаров президенттикке ат салышуусун токтоткон талапкер катары эки шайлоо бюллетенинен чийилип калгандыгын айтты.

«Бул эки бюллетенден Мадумаров президенттик тактыга карата таймашуусун токтоткон талапкер катары чийилип калган. Аталган эки бюллетен жок кылынды», — деди Мадаминов.

Бюллетендер басылып чыккан соң сегиз талапкер өз каалоосу менен таймаштан баш тартып, алардын ысымдары чийилген.

14:00«Твиттер» интернет баракчасынын Ош шаарындагы колдонуучусу Акылай Каримова №5312 шайлоо участкасындагы КСДП партиясынан дене бою спорттук түзүлүштөгү өкүлдөрүн байкагандыгы тууралуу жазган.

«Дене бою спорттук түзүлүштөгү жигиттер байкоочуларга сүрөткө тартып алууга тыюу салып, бир жерде отуруп берүүсүн талап кылууда», — деп Акылай жазган.

13:58 Президенттикке талапкер Кубатбек Байболов «Твиттердеги» баракчасына Атамбаевдин жактоочулары атайын унаа менен шайлоочуларды алып келип жата деген сүрөттү киргизген.

13:54БШК Кыргызстан түшкү саат 12:00ге карата шайлоочулардын активдүүлүгү тууралуу маалыматты жарыялады - өлкө боюнча 584 миңден ашуун шайлоочу өз добушун берди. Бул жалпы шайлоочулар санынын 19,29% түзөт.

Алдыңкы активдүүлүк Нарын облусунда байкалды — ал жакта шайлоочулардын жалпы санынын 27,15% өз добушун берген.

Төмөн активдүүлүктү Ош шаарынын шайлоочулары көрсөттү. Түштүк калаада 13,63% добуш берди.

13:36 БШКнын теңтөрайымы Айнура Шаимкулова маркирлөөнүн сапаты тууралуу суроолор көпчүлүк шайлоо участокторунда көтөрүлүп жатканын айтты.

По ее словам, маркировка должна ставиться во внутренней границе ногтя.

«Маркирлөө өчүп калбаш үчүн аны тырмактын ички тарабына келтирүү зарыл», — деп кошумчалады Шаимкулова.

13:30«Кньюс» маалымат агенттигинин маалыматында Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов шайлоого катыша алган жок.

Ал №1215 шайлоо участогуна түшкө жакын келип шайлоо берейин деген учурда өзүн тизмеден тапкан эмес.

«Президент катталган батирде мен дагы катталгам. Ушул эле дарек боюнча мен үч жолу, 2005-жылы президенттик шайлоодо, 2010-жылы референдумда жана парламенттик шайлоодо эч тоскоолдуктары жок өз добушумду бере алгам», — деди Садыбакасов.

Мамлекет башчысынын маалыматына караганда ал азыр Биринчи май райондук шайлоо комиссиясына арыз жазып жатат.

Отунбаева өзү Бишкектеги №1215 шайлоо участогунда өз добушун берди.

13:22 БШКнын теңтөрайымы Айнура Шаимкулова Заместитель председателя ЦИК Айнура Шаимкулова тизмеден өзүн таппай калган шайлоочулар кат жүзүндө арыз жазып, жарандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү менен БШКга келсин дейт.

«Ар бир факт БШКсы тарабынан каралат», — деп кошумчалады Шаимкулова.

13:02 «Кыргызстандагы шайлоонун мониторинги» интернет сайтында Баткен аймагындагы Гулистон айылынын №8069 шайлоо участкасында чучукулак тартылбаганын «Ойлойм. Добуш берем. Келечек бар!» жаштар компаниясына таянып билдирген.

12:58 «Кыргызстандагы шайлоонун мониторинги» сайтынын маалыматында Жалал-Абадтын Майлы-Суу шаарындагы №2214 шайлоо участогунда кабинкалар байкоочулардан тескери каратылып коюлганын билдирет.

12:47 Президенттик тактыга талапкер Камчыбек Ташиев шайлоодо административдик ресурс колдонулуп жатат дейт.

12:43 Жогорку соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев сот кызматкерлери шайлоо учурунда күчөтүлгөн кызмат алып барып, элдин арыздарын тез аранын ичинде чечип берүүгө даяр экенин билдирди.

12:40 «Кньюс kg» маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, вице-премьер-министр Шамиль Атаханов өзү катталган Шубин атындагы музыкалык окуу жайындагы № 1215 шайлоо участогунда талапкерлердин бири Алмазбек Атамбаевке добушун берген.

«Менин оюм боюнча Атамбаев азыр эң татыктуу талапкер. Ал мамлекетти туура башкарып, бийликтин баардык бутактарын бириктирип, эффективдүү иштей алат», — деп маалымат агенттиги вице-премьер-министрдин сөзүнө таянып жазган.

12:29 Добуш берген шайлоочулардын саны [Таңкы саат 10:00 «Шайлоо» интернет сайтынан бул маалымат алынды]

Баткен облусу – 6 341 киши – шайлоочулардын жалпы санынын 2,55%зы

Бишкек – 11 676 киши – шайлоочулардын жалпы санынын 2,74%зы

Ыссык-Көл облусу – 9 304 – шайлоочулардын жалпы санынын 3,8%зы

Жалал-Абад облусу – 19 918 – шайлоочулардын жалпы санынын 3,69%зы

Нарын облусу – 5 464 – шайлоочулардын жалпы санынын 3,48%зы

Ош облусу – 26 407 – шайлоочулардын жалпы санынын 4,15%зы

Талас облусу – 5117 – шайлоочулардын жалпы санынын 4,06%зы

Чүй облусу – 21 375 – шайлоочулардын жалпы санынын 4,39%зы

Ош шаары – 1 579 – шайлоочулардын жалпы санынын 1,23%зы

¶ 12:17 Оштогу №5309 шайлоо участогунун байкоочуларынын бири Дилгир Касымалиев кээ бир шайлоочулар добуш бере албай калып жатат деди.

«11:30га чейин ушул тегеректе 30 жылдан бери жашап келе жаткан 30дан ашуун шайлоочу келип, бирок шайлай албай кетип жатышты. Алар тизмеде жок болгондуктан улам шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шаардык сотко барып бул тууралуу билип келгиле деп айткандан башка эч бир чара колдоно албай жатышат», — деди Касымалиев.

12:10 Ош шаардык ИИБнүн басма сөз кызматынын башчысы. инспектор Замирбек Сыдыков милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен биргеликте шайлоо участокторунда коопсуздукту камсыз кылып жатканын билдирди.

Азырынча эч кандай мыйзам бузуулар каттала элек.

Ош шаардык ШКнын төрайымы Саадат Маматалиева шаар боюнча 73 шайлоо участогу ачылып, иш алып барып жатат дейт.

«Өзүн тизмеден таппай калган шайлоочулар нааразы экенин билдирип, эмне себептен биз тизмеде жокпуз деп атышат. Кээ биринин каттоосу жок же ИНН туура эмес», — деп кабарлады Маматалиева.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эртең мененки саат 10:00 өзү катталган №277 шайлоо участогуна барып, добушун берди.

«Азаттыктын» билдиргенине караганда, мэр колун маркирлөөгө уруксаат бербей, ал адамдын укуктарын бузуу болуп саналат деди.

Ошондой эле ал Ошто азыр шайлоо тынч өтүп жатат деген оюн билдирди.

«Шайлоо учурунда административдик ресурстар колдонулбаганы жакшы, эгер андай болсо аны колдонгондон жазаланат», — деди мэр.

11:51 Каракол «Клооптун» кабарчысы биржарым сааттын ичинде №3149 шайлоо участогунда 531 шайлоочулардын ичинен 40 шайлоочу добуш берди деп билдирет.

Шайлоо участогун ачуу учурунда укук коргочулар же элдик кошуундар болгон эмес, бир гана адам баарына көзөмөл салып турган.

Мындан мурун басма сөз кызматынын башчысы ар бир участокто 2 укук коргоочу жана 10 элдик кошуундун мүчөлөрү болот деген маалыматын берген.

Кары айым өзүн шайлоочулардын тизмегин тапкан жок. Анын айтымында ал шайлоо участогуна келгенде өзүн дагы деле мурун алып жүргөн атасынын фамилиясы менен жүргөнүн билди.

«Мен бул шайлоо участогуна үч жолу ар кандай тастыктоочу документтери көтөрүп алып келгем. Бирок комиссиянын төрагасы мени өз добушумду бердирбей койду», — дели аял.

Бирок шайлоо комиссиясынын мүчөсү баардыгы мыйзам чегинде болуп жатканын билдирди.

11:16 Жалал-Абад БШКнын катчысы Майрамбек Адылбеков түшкү саат он экиде шайлагандардын так саны билинет деди.

«Шайлоочулар абдан активдүү экенин көрсөтүп жатышат. Азырынча укук бузуулар жок», — деп кошумчалады Адылбеков.

11:11 Талас Шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мундус Досалиев шайлоо участкалары өз убагында ачылды дейт.

«Таңкы 08:00 09:00 чейин Таластын жашоочуларынын 3% өз тандоосун жасап бүткөн», — деп кошумчалады Досалиев.

11:02 Нарын БШК катчысы Бакытбек Жолочиев Нарын шаары боюнча 752 шайлоочу өз добуштарын бергенин кабарлады.

«Катталган шайлоочулардын арасынан 4% добуш берди», — деп кошумчалады Жолочиев.

10:25 Баткен БШК Баткен боюнча атайын өкүлү Дүйшөнаалы Токтогулов шаарда азыркы тапка 287 адам өз тандоосун жасады деп билдирди. Азыр эч кандай мыйзам бузуулар шаарда боло элек.

«Бизде баары жакшы өтүп жатат, мыйзам бузуулар жок», — деди Токтогулов.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер катары көрсөтүлгөн Адахан Мадумаров архитектуралык-курулуш техникумундагы №1211 шайлоо участогунда жубайы менен келип, талапкерлердин бирине өз добушун берди.

«Бүгүн менен шаңдуу маанай менен шайлоого келдим. Кыргызстанда биринчи жолу таза шайлоо өтөт деп ишенем. Утулуп калам деген оюмда деле жок, баардык нерсеге аптимисттүү болуп, көз жүгүртүш керек. Кудай буюрса менин экинчи турга өтүүгө толук мүмкүнчүлүктөрүм бар», — деди Мадумаров.

10:16 Президенттикке талапкер Кубатбек Байболов Политехникалык университетинде жайгашкан 1204 шайлоо участогунда добуш берип, шайлоо жасалма негизде өтүп жатат деди.

«Бул эң таза эмес өткөрүлүп жаткан шайлоо», — деди талапкер.

10:12 Суваналиев шайлоо эки тур менен өтөт деген ойдо.

«Экинчи тур дагы болот. Шайлоонун биринчи тур менен бүтүп калышы толугу менен пиар болуп калат. Эгер бийликтен чыккан талапкер утулуп калса жакшы болот эле. Өзүмдүн штабымда отуруп, шайлоонун жүрүшүн байкап турам жана бул добуш берүү туура өтөт деп ишенем», — деп Суваналиев айтты.

10:09 «Дизель» популярдуу форумунун npokuror312 аттуу колдонуучусу шайлоо учурунда колго атайын жасалган маркировка эң жөнөкөй жол менен өчүп калаарын айтат.

«Жарым мүнөт сүргүч менен иштегенде маркировка жок болуп калды. Мындан акча жөн эле королгонун жана бул мехинациядан эч коргой албау тургандыгы тууралуу жыйынтык чыгарып койсо болот. Менин маалыматым боюнча бир маркирлөөчү жабдык 1500 сом турат, өлкөнүн баарын камсыз кылуу үчүн канча маркерлөө бекерден-бекер эле сатылып алынган», — дейт npokuror312

10:00 №1214 шайлоо участогуна студент кыз Перизат Бейшеналиева биринчи жолу өз добушун берүү үчүн келген.

«Мен абдан толкундандым», — деп айтты студент кыз.

9:49 Азыркы тапта чет өлкөлөрдө жашап жаткан Кыргызстандыктардын ичинен 73 жаран өз добушун берди.

9:41 Шубин атындагы музыкалык окуу жайынан орун алган 31215 шайлоо участогунда өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов паспорту жок келип добуш берди. Бирок Твиттерге кийинчерээк жазылгандай, премьер-министрдин паспортун анын жардамчылары алып келип көргөзүштү.

9:34 шайлоону өткөрүүгө 480 миллион сом сарыпталган.

9:30 Президенттик тактыга талапкер Өмүрбек Суваналиев №67 мектепте орун алган 1041 шайлоо участогунда өз добушун берди.

9:17 Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий интернет баракчасында БШКнын өкүлдөрүнүн жана БШКнын төрагасынын биринчи коомдук телеканалдын түз эфиринде 30-31-октябрларда кайсы маалда маалымат бере тургандыгы жөнүндө атайын график жайгаштырылган.

8:00 Шайлоо старт алып, биринчи шайлоочулар келип, өз добушун бере баштады.

Автор: Данияр Омурзаков
Которгон: Кундуз Сырдыбаева