Бүйүр кызыткан шайлоо Атамбаевдин чоң айырмалуу жеңиши менен жыйынтыкталууда


Алмазбек Атамбаев презденттик шайлоодо алдын ала жыйынтыктар менен шайлоочулардын 63%добушу менен жеңишке жетти.

Фаворит деп эсептелген— парламент депутаты Камчыбек Ташиев жана улуттук коопсуздуктун экс-катчысы Адахан Мадумаров — андан болжолу менен 50%  артта калышты.

Атамбаевдин жеңиши көптөгөн мыйзам бузуулар боюнча арыздар менен коштолду. Арийне, бардык эле арыздар премьер-министрдин дарегине айтылган жок.

8 талапкерден турган топ Атамбаевди «административдик ресурс» колдонду деп айыпташты.
Ал эми Атамбаевдин командасы шайлоо адилет өткөндүгүн айтып жатышат.

«Биз ушул убакка чейин адилетсиз шайлоо өткөрөбүз деп күрөшкөн эмеспиз», — деди Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов.

Доо-арыздар ошондой эле башка талапкерлердин өкүлдөрүнө түшкөн - «Таза шайлоо» ассоциациясы анын байкоочусуна Жалал-Абад облусунда Ташиевке иштеген «спортсмен» жигиттер кол салганын айтты.
Добуш сатып алуу аракети боюнча күнөөлөр Адахан Мадумаровдун өкүлдөрүнө да коюлган.

Премьер-министрдин тобу өзүлөрүн колдогон факт катары, көпчүлүк жергиликтүү чиновниктердин Атамбаев башкарган Социал-демократ партиясынын мүчөсү болбогондугун, алардын Камчыбек Ташиев лидерлик кылган «Ата Журт» сымал коалициянын башка партияларынын өкүлү экенин билдирди.

Бирок, Арыздар утулуп калган талапкерлерден эле эмес, көз карандысыз байкоочулардан да түшүүдө
«Демократия жана жарандык коом үчүн» укук коргоо коалициясы, бюллетендерди салып жиберүү учуру эң аз дегенде 2 жолу катталганын билдирген.

Чоң көйгөйлөрдүн дагы бирөө шайлоочулардын тизмеси болуп чыккандыгы. Көпчүлүк өзүн тизмеден таппай, добуш бере албай калышты.

Боршайком буга территориалдык шайлоо комиссияларын жана жарандардын өзүлөрүн айыптады.
Тизмеден өзүн таппай калгандардын санын өлкө башчы Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов жана талапкерлердин бири Сооронбай Дыйканов толуктады.

Дыйканов тизмеде шайлоочулардын мындай көп санынын жоктугу, шайлоо жыйынтыктарын бурмалоо үчүн атайын уюштурулган иш деп болжолдоду.

«Клооптун» корреспонденттери Бишкектин кээ бир шайлоо участокторунда тизмеден өзүн таппай калгандардын саны жүздөн ашып кеткен учурларды белгилешти.

Эгер БШК Атамбаевди жеңүүчү деп тапса, анда ал Кыргызстандын тарыхында 4-президент болуп калат.
Атамбаевдин Орусия Федерациясынын жетекчилиги менен болгон жакын мамилесин көпчүлүк билет —ал ушул эле жылы премьер-министр Владимир Путин менен бир катар жемиштүү жолугушууларды өткөргөн.
Жолугушуулардын бирөө шайлоо алдындагы агиттация учурунда болуп өткөн. Бул окуя конкуренттердин арасында сын жараткан –себеби,учурдагы мыйзам башка өлкөлөрдү лидерлерди колдонуу менен агитация жүргүзүүгө тыюу салат

Атамбаев үчүнчү аракеттен кийин женишке жетүүдө — 2жыл мурун оппозициядан негизги талапкер болуп, кийин кулатылган президент Курманбек Бакиевге уттуруп койгон. Кийинчерек бул шайлоолор эл аралык байкоочулар тарабынан Кыргызстандын тарыхындагы эн таза эмес катары катуу сынга алынган.
Ал эми 2000-жылы Атамбаев президенттик шайлоодо андагы ажо Аскар Акаев жана «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди астына чыгарып үчүнчү орунга ээ болгон.

Атамбаев 2-жолу премьер-министрлик кызматын аркалаган — 2007-жылы жана 2010-2011 жылдарында.