Кыргызстандыктар 30-октябрда 16 талапкердин арасынан президентти тандап алышты. Байкоочулардын билдириминде, шайлоо бөлүкчөлөрүндө ар кандай бузуулар каталган: шайлоочуларга туура эмес маркировкалоо, бюллетендерди таштоодо, шайлоочулардын тизмеде жоктугу.
БШКнын билдирүүсүндө, эртең мененки саат сегизден баштап, кечки сегизге чейин, өлкө боюнча эки жарым миңдей шайлоо бөлүктөрүү иштеген. Дагы, ондон үч бөлүгү чет жакта иштеген.
Борбордук шайлоо комитетинде 3 млндон ашык шайлоочу катталган. Бирок, акыркы билдирүүлөргө караганда, шайлоочулардын активдүүлүгү 50,58 пайыз болгон.
Вице-премьер министр Шамиль Атаханов, шайлоону «ийгиликтүү» деп белгиледи.
«Мен, талапкерлерге карата эч кандай бузуулар жөнүндө фактылардан кабардар болгон жокмун»,-деп айтты. Мисалга, Адахан Мадумаров жана Кубатбек Байболов примьерди, «өз кызматтынан пайдаланды»,- деп айтат Атаханов.
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин билдирүүсүндө, шайлоо бөлүктөрүнүн жабылышынан соң, өлкө ичинде туруктуулук сакталууда. Анын айтымында, республика боюнча алты миң укук коргоочу кызматкерлери коомдук тартипти сактоо менен алектенген.
Учурдагы бузуулар
30-октябрда башталган президенттик шайлоодо эң биринчи бузуулар маркерлөө менен байланыштуу болгонун «Дизель» интернет форумунун колдонуучулары айтып чыгышты. Колго сүйкөлгөн атайын белги оңой жол менен өчүп калаарын кабарлашкан.
Укук коргоо уюмдарынын атынан байкоочу болгон бир нече атуулдар, бул көрүнүш баардык шайлоо участкаларында эмес экенин баса белгилешкен.
Бишкек, Каракол жана Ош жергелеринде тургундардын тизмеде жоктугунан арыздануулар пайда болгон. БШК 20 октябрга чейин Кыргызстандын жалпы элине, эртерээк шайлоо бөлүмдөрүнө барып тизмеде бар-жогун тактоону өтүнгөн. Эгерде, тизмеде жок болуп калган учурда, расмий түрдө арыз жазып тизмеге кошулуусун суранган.
Мындан мурун өткөн шайлоолорго өз участкаларына барып добуш берип жүргөн шайлоочулар, бул жолу кандайдыр бир белгисиз себептер менен өзүнүн аты-жөнүн тизмектен таппай калганын айтып, түшүнбөстүктө экенин билдиришти.
Мындай абалга өткөөл кырдаалдын ажоосу Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов туш болгон. Ал өзүнүн «Твиттеринде», анын аты тизмеде жок болгонун жана мындан мурунку өткөн шайлоолордо №1215 шайлоо бөлүмүндө добуш берип келгенин жазган.
Ошондой эле абалга президенттике талапкерлердин бири Сооронбай Дыйканов ла туш болгон. Анын билдириминде, мындай абалга туш болгондордун саны көп.
«Кыргыз Улуттук университетиндеги шайлоо участогунда 100дөн ашуун шайлоочулар тизмеден атын таппай, үйлөрүнө кетип жатты. Дагы бир учурда, студенттерди массалык түрдө алып келип добуш бердирүү болгон жана алардын кимге добуш берип жатканын көзөмөлдөп турушту»,- дейт укук коргоочу Тимур Шайхутдинов kloop.kg порталына берген маалыматтында.
Журналист Нэйт Шенккан өзүнүн интернеттеги баракчасында, шайлоо жыйынтыкталгандыгына карабастан Кыргыз Улуттук университетиндеги шайлоо участогунун алдында 500дөн ашуун адам добуш берүүгө кезекте турганын билдирген.
«Таза Шайлоо» ассоцациясынын өкүлү Азамат Жорокуловдун айтымында, №1327 шайлоо бөлүмүнө (№5 гимназия мектеби) бир топ адамдарды атайын алып келгенин байкаган.
Атамбаевке каршы айыптар
Өлкө башчысын шайлоо иштеринин аякташына жарым саат калганда Атамбаевдин каршылаштары, тактап айтканда 6 талапкер пресс-жыйын өткөрүп, административдик ресурстар колдонулганын айтышкан. Шайлоонун кандай жыйынтык берээри убдакыттан мурун баарына маалым болгон,- деп нааразы болушту. Бул талапкерлер шайлоо участокторунда ачык мыйзам бузуулар болгондугуна жараша БШК мүчөлөрүн таркатып жиберүү керек,- дейт.
Өткөөл мезгилдеги өлкө башчысы Роза Отунбаева өз шайлоо участогунда добушун берген соң талапкер Камчыбек Ташиевдин административдик ресурстар колдонулду деген маалыматын төгүндөдү.
«Эркин добуш берүү үчүн бардык шарттар жасалган. Шайлоону өткөрүп алуу максатында баардык шарттар түзүлгөн. Административдик ресурстар колдонулду деген маалыматтын маңызы жок. Бул тууралуу айтыштын деле кажети жок», – деп жазган Отунбаеванын сөздөрүн Орусиянын РИА жаңылыктары.
Ажоону алтынчы жолу тандоо
Кыргызстандыктар эгемендүү мамлекетте жашагандан бери өлкө башчысын тандоо ушуну менен алтынчы жолу өткөрүлдү.
Кыргызстанды эң биринчи Аскар Акаев 1990-жылдан тартып башчылык кылды. Анда, биздин мамлекет СССР өлкөлөрүнүн курамныда турган. Экинчи шайлоо 1995-жылы өтүп, Акаев элдин 70%дан ашуун добушуна ээ болгон соң, ал үчүнчү жолу 2000-жылдагы шайлоого катышып, анда да жеңишке жетишкен.
2005-жылы элдик төңкөрүштө коомчулук Аскар Акаевди өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылган. Анын ордуна ошол мезгилде оппозициянын башында турган Курманбек Бакиев келип, президенттик тактыны ээледи. Төрт жыл бийлик башында туган Курманбек Бакиев мөөнөттөн эрте шайлоо болоорун жарыялоо менен 90% добушту ала алды.
2010-жылдын апрель айында экинчи жолку төңкөрүш болгондон кийин, Бакиев эл тарабынан бийликтен кетип, Роза Отунбаева жетектеген убактылуу өкмөт курамы келди.
Ушул жылдын 30-октябрына белгиленген президенттик шайлоого карабастан өткөн жылдын май айында Роза Отунбаева расмий түрдө өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын президенти болуп бекитилди. Бул айым 2012-жылдын 1-январында шайлоодо эл тарабынан тандалып алынган талапкерге кызматын салтанаттуу түрдө өткөрүп берет.
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактор: Айгуль Гуламидин кызы
Автор: Анна Лелик жана Айкөл Болотбекова