IWPR: Кыргызстандын жаңы баштоочусу каршылаштары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатат


Жаркыраган сонун шайлоодон кийин, Алмазбек Атамбаевге өзүнүн эки каршылашы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүү оңойго турбасы байкалууда, себеби алардын бири жогорку жайды ээлесе кимдир бирөөсү четте калышы ыктымал.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоодо жеңишке жетиши экинчи жолку шайлоонун болбой турганынан белги берип турат. Эгерде, экинчи шайлоо болсо, анда экинчи жана үчүнчү орундагы талапкерлер менен ат салышмак. Ар кандай келишпестиктердин алдын алыш үчүн бирөөсүнө же экөөнө тең жогорку постордон орун берүү керек болуп калат.

Атамбаев кесиптештерин тынчтандыруу максатында, экөөнө тең бийликтен орун сунуштаган жана аларды «чыныгы саясатчылар»,-деп белгилеген.

«Баардык нерсени сүйлөшүүлөр аркылуу чечсе болот. Мындан кийин Кыргызстанда митингдер болбойт»,-деп айтты Атамбаев.

Жеңишке жетүү үчүн 50%ды басып өткөн талапкер, 30-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгында 55-жаштагы Алмазбек Атамбаев 63% менен жеңишке жеткен. Добуштарды эсептөө бүткөн.

Анын жакынкы атаандаштары жана артта калган мурунку жогорку кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров 15 %га ээ болгон. Ал эми, «Ата-Журт» партиясынын баштоочусу Камчыбек Ташиев 14%га ээ болду. Атамбаевден айрымасы эки каршылашы тең, өлкөнүн саясат тармагында бийик деңгээлге ээ болгон түштүк жактан болот.

Калган талапкерлер жүрүштө четте калышты, эч кимиси шайлоочулардын бир пайыздык добушуна ээ болгон жок.

БШКнын маалыматтында, жыйынтык 3 млн шайлоочулардын 60 пайызын түзгөн.

Курманбек Бакиевдин мезгилиндеги 2010-жылдын апрель айындагы нааразычылыктан соң, мамлекет өткөөл кырдаалдагы өлкө болуп саналган. 2010-жылдын октябрь айынан кийин парламенттик шайлоо болуп өткөн. Анын негизинде, шайлоого катышуудан мурда Атамбаев, бириккен өлкөдө премьер-министрдик кызматты ээлеп келген.

Аналитиктердин айтымында Атамбаев, бардык жагынан жетиштүү жеке ишкер. Кыргызстандын түндүк тарабынан бийик абройго жана колдоого ээ. Ошондой эле, өз кызматы менен биргеликте шайлоо алдындагы жүргүзүү иштери ийгиликтүү болгон.

Мамлекетти башкаруу аймагындагы серепчи Шерадил Бактыгуловдун билдирүүсүндө, Атамбаев мыкты жеңүүчү болбосо да, мындан да беттер болушу мүмкүн эле. Себеби, талапкерлердин арасында улутчулу да башкасы да бар эле.

Өткөн шайлоо-Кыргыз тарыхындагы ынтымак жол менен өткөрүп берилүүчү бийлик болуп калды. Акаев жана Бакиев көп жыл бийлик кылып, акыр акыбетти эл нааразычылыктары менен тактан кетишкен. Мисал катары 2005-жылдык төңкөрүштү айтууга болот. Өткөөл кырдаалдын президенти Роза Отунбаева өз талапкерлигин коё алган жок. Бирок, эч кандай өзгөрүүлөрдү кылууга аракет жасаган да жок.

Өткөн шайлоо мамлекеттеги саясий рефармалоонун аяктагандыгынан кабар берет. 2010-жылдагы конституциялык реформалоону өткөрүп, президенттик эмес парламенттик башкарууга көбүрөөк укук берген. Кыгызстан- Орто Азиядагы биринчи мамлекет болгон.

2010-жылда борбор калаада болгон элдик төңкөрүш Оштогу энтос аралык кагылышуу менен уланды. Бул өзү бешинчи президенттик шайлоо кандай өткөндүгү тууралуу маалым берип турат.

Алмазбек Атамбаевдин шайлоо-2011 президенттикке койгон талапкерлиги өттү деген. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү калк ичинде расмий негизде тарады. Эми алдыда бул талапкер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп турган эки каршылашын нааразычылык жаратабыз деген ойлорун жоюуга белсенди.

«Шайлоодо Атамбаев 50 пайыздан кем добушка ээ болду, ал эми мен 32 пайыз добушту топтой алдым, демек шайлоонун экинчи турун өткөрүүгө толук негиз бар»,- деген нааразы талапкер Мадумаров болду. Бирок ал эл ичинде дүрбөлөң жаратпастан баарын мыйзам негизинде чечүүгө аракет кылам,- деди өз сөзүндө Мадумаров.

Мадумаровдон айырмаланып, дагы бир алдыда келе жаткан талапкер Ташиев, «шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылбаса азыркы бийлик өкүлдөрү кыргыз эли тарабынан жазаланат»,- деди.

Жалал-Абад облусунда Ташиевдин, үч жүзгө жакын шайлоочулары чогулуп митинг жарыялашкан. Ошондой эле Ош-Бишкек кан жолун тосуп алышкан. Кабарчыбыздын билдирүүсүндө болуп жаткан окуя укук короо органдары тарабынан көзөмөлгө алынып, митинг уюштуруучулары бир саат өткөн соң кетишкен.

«Бүгүн шаар абалы тынч. Митинг эч кандай таасир берген жок. Эл арасында ызы-чууга түшкөн жан болгон жок. Баардык дүкөндөр иштеп жатты. Облустук администрация имараттын милиция кызматкерлери тарабынан коргоодо болуп, эч кандай жардам күчтөрү талап кылынбады»,- деп айтты кабарчы.

Ташиевдин өкүлүнүн айтымында, митинг алар тараптан уюштурулган эмес. Болгону жөнөкөй адамдардын өз оюн билдирүүсү гана болду.

«Ал жолду тоскула деп митинге чакырган жок. Биз аларды митинг токтоткула деп чыкпайбыз»,-деп айтты Нургазы Анаркулов Knews.kg. маалымат агентствосуна.

Ошондой эле, Ош жергесинде 30 адам биргеликте администратция алдында нааразычылык митингин өткөрүшкөн. Алардын оюу боюнча шайлоо таза өткөн жок, Атамбаев өз кызматынан пайдаланып, жеңишин колго алды, деп билдиришет.

«Шайлоодо өтпөй калып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талапка койгон талапкерлердин бул кадамы өз пайдасына карата кылган иши»,- деген оюн билдирет Бактыгулов.

Кандай гана болбосун негизги каршылаштардын бирине жогорку бийликтен жумуш орду сунуш кылынышы мүмкүн. Балким алардын бири премьер-министр же вице-премьер-министрдин кызматын аткарып калышы толук ыктымал. Бирок, ушул эле учурда эгер, бул орун эки талапкерлердин бирине сунушталса, экинчиси нааразы болуп, эл ичинде тополоң уюштурушу да мүмкүн.

«Эгер Ташиев кызмат ордуна ээ болбой калса, ал парламенттке келип, депутаттык ишин уланта берет. Андан тышкары Атамбаев жактан түшкөн критикадан улам, ал парламентте отуруп өзүнө бал топтой берет. Ал эми Мадумаров оппозицияда туруп, 2015-жылга белгиленген парламенттик шайлоогоо даярдана баштайт”, – деди Бактыгулов.

ОБСЕнин кызматкерлери байкоочу болуп, бул шайлоонун өткөрүлүшү Кыргызстандагы демократия тууралуу оптимизмди кабарлап турду,- дешет да, шайлоо жетишээрлик деңгээлде ачык-айкын өткөн жок,- деп белгилешти.

«Талапкердердин саны адаттагыдан абдан эле көп болду. Ошондой эле көпчүлү шайлоочулар өзүн тизмеден таппай калып. Добуштарын бербей үйүнө кетүүгө аргасыз болду. Бир эле адам бир нече жолу шайлоого кирип, элди массалык түрдө шайлоо участкаларына ташып келүү болгондон тышкары бюллетендерди бир нечелеп урнага салуу да катталган»,- деген маалыматты ОБСЕ билдирди.

Жарандык коом жана демократия коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунованын айтымында, шайлоо таза эле болду, бирок, шайлоо бөлүктөрүндө аябагандай катуу мыйзам бузуулар болгон. Ошондой эле БШКны баардык ишти кылдаттык менен кароого жана туура иш алып барууга чакырды.

БШКнын орун басары Гульнура Журабаева, болуп өткөн бузуулар жөнүндөгү мисалдар менен макул экенин билдирип, азыркы кезде изилдөө иштери жүруп жатканын билдирди.

«Айрым бөлүктөрдө мыйзам бузуулар болгонун моюнга алабыз, Кээ бир шайлоо бөлүктөрүнүн комиссиялары талапкерлер үчүн иш алып барганы белгилүү»,- деп айтты ал.

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Ирина Карамушкина, Атамбаевдин өкүлдөрү элдин добушун пара берип сатып алууга аракет кылды,- деген маалыматты текшерип чыкканын билдирип, жалган кабар бирөөнүн кызыкчылыгы үчун эл ичинде тарап кеткен,- деди.

Анын айтымында эгер кимдир бирөө ушундай ишти жасаган болсо дагы ал шайлоонун жалпы жыйынтыгына эч кандай кедергисин тийгизбейт деди.

Карамушкинанын айтымында, жеңилген талапкерлер шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу арыз муңун айта бербестен, алар да Кыргызстандын келечегин ойлосо жакшы болмок.

«Бул элдик жеңиш болду. Атамбаевдин жеңиши эмес. Эл ага өлкөнү, жашоону ишенич менен тапшырды. Мындан ары көрө жатарбыз, ал элдин ишеничин акташ керек, муну алты жылдан соң билебиз»,-деп айтты депутат.

Макаланын өзү «Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунада» (IWPR) жарыяланган.

Автор: Тимур Токтоналиев IWPRдын Кыргызстандагы редактору- «Клооп»интернет-журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү

Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы