Шайлоо-2011: Ташиев жана анын жактоочулары шайлоонун жыйынтыгына нааразы


Президенттик шайлоодо үчүнчү орунга жеткен Камчыбек Ташиев шайлоонун жыйынтыгына нааразы экенин билдирди. Себеби, ал жеңишке ээ болушу керек эле. Анын жактоочулары Ош жана Жалал-Абадда митинг өткөрүшүп, Ош -Бишкек кан жолун тосуп алышты.

Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев Би-Би-Синин корреспондентине интервью берип, мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртпөстөн ошол турпатында калтыраарын айткан.

«Биз президенттик башкаруу системасын күчөтпөйбүз. Сот системасын, парламентти жана башка бийлик бутактарын так бөлүштүрүү керек», — деди Атамбаев.

Ошондой эле, ал 2014-жылы «Манас» аэропортундагы транзиттик жүк ташуу борбору жабылат деп билдирди.

«АКШ бийлиги менен түзүлгөн рамий келишим бар. Аны алар аткарышы керек. Документ боюнча борбордун иши 2014-жылы токтотулушу зарыл. Бул жарандык аэропорт. Америка жана Ирактын ортосунда согуш болгон. Эгер Ирак, Иран же АКШ ракеталардын бирин биздин аэропортко багыттап жиберсе эмне болот?», — деп кошумчалады премьер-министр.

Оштогу нааразычылык акциясынын катышуучулары тарап кетти. Бирок митинг кайра 1-ноябрда Ташиевдин пайдасына уланаарын айтты.

Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов, Ташиевдин айпытарын четке кагып, административдик ресурстар колдонулган жок деди.

«Алмаз Шаршенович административдик ресурстардын колдонулушуна каршы. Бул метод кандай жыйынтыкка алып келээри баарыбызга маалым. Административдик ресурс 2005-жылдагы шайлоодо колдонулган. Бюллетендерди массалык түрдө ташто болгон күндө деле, ал шайлоонун жүрүшүн чечпейт. Шайлоочулар биз үчүн Ошто, Жалал-Абадта, Баткенде өз добуштарын берген. Эгер, андай фактылар болсо дагы Алмазбек Атамбаевдин атын каралооо максатында жасалган иш болуп эсептелет», — деди Токтогулов.

Токтогуловдун айтымында шайлоо-2011 таза өттү.

«Баары таза өттү. Биз 50%дан ашуун добуш чогулта алдык. Ошондуктан эгер, башка талапкерлер экинчи турдун өткөрүлүшүн талап кылса туура эмес болуп калат. Өздөрүнүн алына карап иш кылышсын. Ал эми эгер нааразычылыктары болсо БШКга же сотко кайрылышсын», — деди Токтогулов.

Ош шаарында Ташиевди колдогон митинг башталды. Нааразы болгон отузга жакын адам, колдорунда алдын ала Атамбаев белгиленген бюллетендер сыяктуу далилдер бар экенин айтып, бирок аларда Бишкек шаардык мөөрү турганын билдиришти.

«Бул шайлоо таза эмес, тескерисинче элдин добушун пара берип сатып алуу менен өттү. Мындай окуя муруңку өлкө башчылары учурунда байкалган эмес», — деди митингдин катышуучуларынын бири Тамерлан Дадиев.

Губернатордун орун басары Абдурашид Умарбеков Жалал-Абадтагы митинг аяктап, нааразычылык акциясынын катышуучулары Ош-Бишкек унаа каттамын ачканын айтты.

Ташиевдин басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов, Жалал-Абадта башталган митинг бул талапкер үчүн күтүүсүз жерден болгон окуя деди. Катчы элдин таза эмес өткөн шайлоонун жыйынтыктары менен канааттанбастыгын туура кадам деп атады.

Түштүк жергесинде болуп жаткан нааразычылык акциясына Ташиевдин эч кандай тиешеси жоктугун Анаркулов баса белгилеп өттү.

«Митингди биздин тарап атайын уюштурган деген маалымат жалган», — деди катчы өз сөзүндө.

Ташиев «Клооп» интернет порталына берген маалыматтында, митинг тууралуу эч нерсе билбестигин жана азыркы кезде башка жерде экенин билдирди.

Президенттик тактыга талапкерлердин бири Алмазбек Каримов «Клооптун» кабарчысы менен болго маегинде Шайлоо-2011 өттү деп эсептебейм жана 63% добушка ээ болгон Атамбаевди дагы колдоого албаарын белгиледи.

«Атамбаев кайсы жол менен алдыда келе жатат. Мен өзүм өлкөнүн аймактарын кыдырган кезде административдик ресурстар колдонулгандыгын көрдүм. 2010-жылдын апрель айында болгон окуядан кийин ушунча пайыз добушка ээ болгону жана эң башкы каршылашын артта калтырып ийгиликке жетишкени нонсенс болду», — деди талапкер.

Алмазбек Каримов ошондой эле башка талапкерлер менен биргеликте БШКдан кайра шайлоо өтөрүү керектиги тууралуу талабын коерун белгиледи.

Ташиедин 300дөн ашуун жактоочулары Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын маңдайына чогулганын биздин кабарчыбыз Александр Ким билдирди.

Облустук администрациясынын басма сөз катчысы Кадырбек Сатыбалдиев, митингчилер азырынча негиздүү талап кое электигин айтып, бирок алар административдик ресурстар колдонулганын айтып жатышат,- деди.

Мадумаров жана Ташиев алардын байкоочуларын пара берип, алдап кетүүгө кээ бирлер аракет кылганын айтышууда.

Мадумаровдун айтымында, анын байкоочуларынын бирине 5 миң АКШ долларын сунуштап, Атамбаевди колдогон массалык бюллетендерди таштоого көңүл бурбай коюусун айтышкан.

Бул талапкердин байкоочулары мындай мыйзам бузуулардан 92 факт катталды десе, Кубатбек Байболовдун жактоочулары 100дөн ашык фактыга күбө болушканын айтат.

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Алмазбек Атамбаевдин штабында кызмат кылгандар азырынча анын каршылаштары айтып жаткан маалыматтарга карат эч кандай комментарийлер бестигин билдиришти.

Үчүнчү орунда келе жаткан Адахан Мадумаровдагы шайлоону өткөн жок деп кабыл алып, добуштарды кайра санап чыгуу керек деди да, Камчыбек Ташиевден айырмаланып митинг өткөрбөстөн маселени мыйзам чегинде чечип алууга аракет кылаарын айтты.

Мадумаров шайлоонун жыйынтыктары боюнча өз маалыматтарын келтирди. Ал боюнча Атамбаев 49,8 пайызга, Мадумаров өзү 32 пайыз добушка ээ болгон. Анын негизинде экинчи турду өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар деди.

Эгер түз эфирге Алмазбек Атамбаев макул болсо Адахан Мадумаров аны менен сүйлөшүүгө бараарын баса белгиледи.

Ата-Журттан талапкер болгон Камчыбек Ташиев Кыргызтандагы шайлоо-2011 эң начар өткөнүн айтып, азыркы бийлик өкүлдөрү экс-башчы Аскар Акаев жана Курмабек Бакиейдин жолун жолдоо менен катар эң начар шайлоону өткөрдү дейт.

1,5 миллион Кыргызстандыктар Ташиевке шайлоодо добушун бериши керек болчу. Эгер, шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылбаса, эл ичинде кандайдыр бир көтөрүлүштү баштоого бараарын айтат президенттике талапкер Ташиев.

«Андай болбосо бийлик катуу жазаланып, кыргыз элинин күчүн сезет», — деди Ташиев.

Мындан мурун, тактап айтканда 28-октябрда бул талапкер өз сөзүндө, эгер шайло таза эмес административдик ресурстарды колдонуу менен өткөрүлсө, төңкөрүш уюштура тургандыгы тууралуу маалымат тараткан.

Авторлор: Данияр Омурзаков, Диана Рахманова, Айбек Жумабеков
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы