Ыссык-Көлдүн прокурору ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүн «кыйнап-кыстоо жолуна барган»,- деген айып менен сотко кайрылган


Кыйнап-кыстоо алдында адам өлүмү тууралуу айыпты өз моюнуна алганга мажбурлаган тергөөчүгө каршы кылмыш ишин Ысык-Көл облустук  прокурору Өмүралы Бешенов козгодуБирок, тергөөчү дооматтар туура эмес экенин айтып, Бешенов кармалган адамдан пара алган  деп билдирет.

Ыссык-Көл облустук прокуратурасында 18-октябрда атайын коллегия өткөрүлгөн. Анда облустук прокуратура бөлүм башчысы Өмүралы Бешенов тергөөчү Аман Телепаевке карата кылмыш ишин козгоо тууралуу ишин айтты. Тергөөчү шектелип, кармалган Рустам Темирбековко карата кыйнап-кыстоо колдонуу менен  документтерди жасаган.

Бешеновдун "Клооп" маалымат порталына берген интервьюсунда, Темирбеков Караколдогу мал базарларынын биринде киши өлтүрүүгө шектүү  деп Рустам Телепаевди колго түшүргөнүн прокурор баса белгиледи.

Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Темирбековдун автоунаасын кароодо 4 грамм банги заты табылган.  Андан соң Темирбековго каршы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине ылайык 246- беренесинин 3 бөлүгүнө карата кылмыш иши козголгон.

Каракол шаардык сотунда Бешенов, шектүү деп кармалган Темирбековго карата каршы ачылган кылмыш иши жалган жана эч кандай далилдөөлөрү жок деп билдирет.  Анын унаасынын ичинде табылган баңги заты оперативдүү топтун кызматкерлери тарабынан атайын салынып калган деди.

Сот иши убагында прокурор, ошондой эле айыпталуучуга карата кыйнап-кыстоо чаралары көрүлдү дейт. Прокурордун айтымында, убактылуу кармоочу жайда Темирбеков тогуз күн кармалып, анын ичинде жети күн уруп-сокуга алынган.

«Соттук медициналык экспертиза жок. Из калтырбай адамды кантип сабап кое тургандыгын силер билесиңер да, балким Темирбековдун башына газ уусуна каршы баш кийим кийгизген, ким билет», — деди Бешенов.

Соттун жүрүшүндө айыпталуучу Темирбеков, ага каршы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кыйнап-кыстоо колдонулганын жана баңги зат анын унаасына атайын салынганын айтты.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери адам өлүмү тууралуу кылмыш ишти моюнуна алдыруу максатында аны мазактаганын билдирди.

Жарандык суттун жыйынтыгында Темирбеков акталган.

Биринчи инстанциядагы соттун чечимине карабастан тергөөчү Телепаев Ыссык-Көл облустук сотуна кайрылып, анда биринчи соттук чечимди ошол бойдон калтырган. Жогорку сотко кайрылган Телепаевдин үчүнчү арызы боюнча соттор биринчи эки чечимге кошулуп, Темирбековду актап чыкты.

«Кармалган адамга каршы кыйноолор болгон эмес»

Тергөөчү Телепаев прокурор Бешеновдун айыптоолору негизсиз жана кармалган адамды эч ким кыйнаган эмес деп билдирди.

Телепаевке каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим, прокуратурада өткөн коллегияда кабыл алынгандан кийин шаардык прокурор Кылычбек Токтогулов, Бешенов айыпталып жаткан адамдан пара алган деп билдирди.

«Темирбекового карата кыйнап-кыстоо чаралары колдонулган эмес жана кылмыш иши атайын жасалма жол менен козголгон жок», — деп шаардык прокурор билдирди.

Кылмыш ишин козгоодон тышкары Бешенов, башкы прокуратурага милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата колдонулуп жаткан кыйноо иштерине өзгөчө көңүл бурулушу керек тууралуу чараларды колдонуу сунушу менен кайрыла тургандыгын билдирди.

Автор: Азат Рузиев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы