«Ата-Мекен» партиясынын депутаттары жаңы коалицияга каршы

Айрым «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары партиялашы Равшан Жээнбековдун жаңы коалиция түзүү боюнча пикирин колдошкон жок. Ал «Ата-Журт» фракциясыз эле жаңы төрт партиялуу коалиция түзүүнү сунуштаган.

«Ата-Мекен» фракциясынын депутатты Равшан Жээнбековдун айтымында, жаңы коалициянын курамын «Республика», Социал-демократическая партиясы (СДПК), «Ата-Мекен» жана «Ар-Намыс» партиялары түзмөкчү.

Азыркы кезде коалициянын курамын СДПК, «Республики» жана «Ата-Журта» партиялары түзөт.

Жээнбековдун оюу боюнча, СДПК партиясынын лидерине уттуруп жиберген «Ата-Журт» фракциясы коалицияга кирбей калышы мүмкүн.

«Азыр баары байкалып калды. Учурунда бир ойго келе албай жаткан каршылаштар убакытка байланыштуу бирин бири колдоп жатат. Менин көз карашым боюнча, «Ата-Журт» оппозицияга кетсе жакшы болмок»,- деп айтты Жээнбеков «КирТАГ» маалымат агентствосуна берген интевьюсунда.

Анын байкашынча эгерде, жаңы коалиция кабыл алынса, анда «Ата-Журт» фракциясынан тандалган Ахматбек Келдибеков төраганын ордуна жаңы төрага да тандалмак.

Жээнбековдун партиялашы Ширин Айтматова, жаңы коалиция түзүү боюнча кесиптешинин оюун колдобойт. Анын айтымында коалицияда күчтүү оппозиция болушу шарт.

«Шайлоонун шарапаты менен Атамбаев президент болуп калды. Ошондой экен, азыр күчтүү жана коркунучтуу бийлик пайда болду»,-деп айтты Айтматова «Клооп» маалымат порталына берген интервьюсунда.

« «СДПК» жана «Республика» курамында турган парламент да бар. Ошон үчүн биз күчтүү оппозитция түзүүнү ойлонушубуз керек. Антпесек, биз өткөн учурдагы «Ак-Жолдун» жолуна түшүп калабыз»,- деп айтат Айтматова, Курманбек Бакиевдин учурундагы партияны эске ала.

«Ата-Журт» фракциясынан депутат Роман Шин кесиптеши Жээнбековдун арызынан саясатчыларды түндүк жана түштүккө бөлүү максаттын көрүп жатканын билдирет. Себеби, «СДПК», «Республика» жана «Ата-Мекен» партиялары түндүк жакттык күчкө ээ, ал эми «Ата-Журт» туштүк жактан.

«Коалиция түзүүдө түндүк түштүккө бөлбөө керек. Коалицияда ар тараптын депутаттары болуусу зарыл деп ойлойм. Ошондой эле, коалиция «Ата-Журтсуз» боло турган болсо, баары бир ата-жарттук кесиптештерибиз кирет. Жээнбековдун арызын керексиз деп билем. Себеби, мурда дагы «Ата-Журт» коалицияга киришине каршы болушкан, бирок баары бир кирген »,- деди Шин.

«СДПК» фракциясынан депутат Заирбек Жоошбеков дагы Жээнбековдун оюун колдогон жок. Ошондой эле, Жогорку Кеңештен бул нерсени кайрадан карап чыгуусун өтүндү.

Анын партиялашы Төрөбай Зулпукаров, Жээнбековдун арызын комментарийлөөдөн баш тартты.

«Азыр шайлоо болуп өттү. СДПК комментрийлей албайт»,-деп айтты Зулпукаров.

Саясатчы Марат Казакпаевдин айтымында, жаңы коалициянын «Ата-Журт» партиясыз болушу өлкөдө ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн.

«Бийлик аябагандай алсыз. Туштүк жак ишенбейт. Эгер коалиция «Ата-Журтсуз» боло турган болсо, түзүлгөн биримдик артынан өтө күчтүү оппозиция түзүлүшү ыктымал. Курамында түштүк жергеси колдогон «Ата-Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» болушу мүмкүн»,-деп айтты саясаттчы.

Анын оюу боюнча, Атамбаев ийгиликтүү иш алып барышы үчүн каршылаштарына кайрылышы керек.

«Элдин ишеничине кириш үчүн Атамбаев, Ташиев жана Мадумаров менен келишиши зарыл»,-деди саясатчы.

Эгер, жаңы коалиция кабыл алына турган болсо, анда ал эсеп боюнча үчүнчү болуп эсептелет. 2010-жылы сунушталган коалиция бир күн гана жашаган.

Ошол мезгилде «Ата-Мекен» партиясынын баштоочусу Өмүрбек Текебаевдин төрага болуп шайланбай калышынан, коалиция кабыл алынбай калган.

Экинчи иштеген коалиция «Республика» партиясынын баштоочусу Өмүрбек Бабанов тарабынан кабылданган жана өз катарына СДПК жана «Ата-Журт» париясын чакырган.

«Ата-Журт» жана «Республика» партиясы, «Мегаком» уюлдук байланышынын иштерине байланыштуу келишпестиктердин айынан, коалиция 2011-жылы чачыроо алдында турган.

Автор: Данияр Омурзаков жана Диана Рахманова

Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы