Ошто эки күндөн соң газ кайрадан берилди

Шаардык газ башкармалыгынын ын маалыматында, аба ырайынын кескин төмөндөгөнүнөн улам, элдин көгүлтүр отко болгон талабы көбөйүп, Өзбекистандан берилген газ жетпей калган. Көгүлтүр оттун эки күн жоктугу шаар тургундарына бир топ кыйынчылыктарды жаратты.

31 октябрдан 2 ноябрга чейин газ берүү токтотулган. Мэрияга караштуу газ чарба башкармалыгынын билдиргенине карагандаӨзбекстан көгүлтүр отту жайкы келишим менен берген. Коңушу мамлекет менен сүйлөшүүлөрдөн кийин газдын көлөмү көбөйтүлүп бериле баштаган.

«Алар бир күндүн ичинде чечип бере турган болду»,- деди газ чарба башкармалыгын башчысы Таалайбек Максутов.

Ошондой эле күндүн суугунан улам, элдер кескин түрдө атайын жылыткыч колдонуп жибергендиктен, газ жетпей калгандыгын түшүндүрдү.

Азыркы убакта газ түтүктөрүн да ондоо иштери болуп жатканын кошумчалады.

«Жогорку чыңалуудагы газ өткөргүчтөрүбүздү алмаштырып, кышка даярдыктарды көрүп жатабыз»,- деди Максутов.

«Кыйынчылыктарды жаратты»

Шаардын тургуну студент Исманалы Муратов, эртен мененки тамагын ичпегендиктен сабагын калтырып тамактанып келүүгө мажбур болгон.

«Эрте менен чай ичейин десем газ жок. Анан биринчи сабакты окуп, экинчи сабакка катышпай, ашканалардан тамактанып келдим»,-деди студент.

Дагы бир шаар тургуну Кубанычбек кызы Кайринса кыям кайнатып жаткан учурда газ өчүп калган.

«Түнү кыям кайнатып жаткам, ал бышпай, ошол бойдон турат. Суук күндө эч нерсе болбостур эми»,-деп ишенет Кайринса.

Ашканалардын биринде иштеген, атын атагысы келбеген ашпозчу көгүлтүр оттун жоктугунан тамактарын бышыра албай жатканын айтып кейиди.

«Азыр «шам- шум» этме тамактардан башка эч нерсе бышыра албай жатабыз. Себеби газ жок. Элдин жашоо турмушу газ мене болуп калган да»,- деп айтты ашпозчу.

Жибек Ашимова  үйүн газ аркылуу жылытуутчу. Эми электр жылыткыч алганы туура келгенин айтты.

Базардагы электр жылыткычтарына суроо талап көбөйгөн менен баасы өзгөрбөгөнүн айтты, сатуучу Бакыт Кудайбергенов. Мисалы, мурун кичинекей жылыткычтардын баасы 550 сомдон болсо, азыр деле ошол бойдон сатылууда.

«Азыр суукка байланыштуубу эмнегедир элдер жылыткычтарды  көп алып жатат. Бирок, баасын өзгөртпөстөн эле сатып жатабыз»,- деди сатуучу.

Бул сатуучунун сөзүнө башка кесиптештери да кошулду.

« Арзан сатып жатабыз, алгандар мурункуга караганда көбүрөк болууда»,-деп айтты Дильфуза.

Редакторлор: Айзат Шакиева жана Айгул Гуламидин кызы
.