«Гугл Транслейтте» 2012-жылы кыргыз тил котормочусу пайда болот


«Кыргыз интернет биримдиги» коомдук фонду [ISOC] 2012-жылдын февраль айынан тартып «Гугл Транслейтке» кыргыз тилинин котормочусун кошууну максат кылууда. Ишти мөөнөтүнө чейин бүтүрүүгө долбоордун катышуучулары күнүнө 8600 сүйлөмдү иштеп чыгып, которушу абзел. Кыргыз тилин коомчулук арасында интернет аркылуу таратуу долбооруна 25 АКШ доллары сарыпталган.

Азыр долбоор жаңыдан алдыга кадам шилтеп келе жаткан мезгили, азырынча 212 түйгөйлүү сүйлөм-сөздөр иштелип чыккан. Кыргыз тилин «Гугла» сервисине кошуу үчүн биринчи кезекте кыргыз котормочулары миллиондон ашык сөз жана сүйлөмдөрдү мамлекеттик тилге буруп, даяр материалды «Гугл Транслейт» сервисине тасыктоого жөнөтүшү керек.

«Долбоорду биз, Гугл транслейттке  февраль айынын аягында өткөрүп берүүнү максат кылуудабыз. Баарына түшүнүктүү болушу үчүн, биз кыргыз тилинен орус тилине которгонбуз.  Сервистин жардамы менен  орусчага которулган сөздөрдүн баары  кыргыз тилинен  дагы   башка 57 тилге  которулат», — деп билдирди «Кыргыз тили Гугл Транслейт» долбоорунун менеджери Атай Жунушов.

Гугл котормосунда кыргыз тилинин пайда болушун долбоордун катышуучулары  интернеттеги кыргыз тилинде котормосу бар сайттар жана интернет тармагындагы кыргыз тилиндеги макалалардын жарык көрүп турушу менен түшүндүрөт.

Долбоордун волонтеру Эркин Мамасалиевдин айтымында, азыр интернет тармагында өз мазмунун үзгүлтүксүз жаңыртып турган 60 кыргыз тилдүү интернет сайттары бар.

"Бул кыргыз тилиндеги макалалардын Википедия энциклопедиясында болушу  анда жайгаштырылган 2600 мамлекеттик тилдеги макалалар менен шартталат",- деди Мамасалиев.

"Долбоордун алкагында «Энетил.kg», интернет сайты ачылган. Ага ар бир каалоочу башка тилден которулган тескстин жиберип, долбоордун катышуучуларына атайын архив сыяктуу өзүнчө баракчаны түзүүгө  көмөгүн көрсөтө алат. Келген тексттердин баары редакторго андан соң башкы котормочунун текшерүүсүнө жиберилет",- деп кошумчалады ISOCтун өкүлү Төлөгөн Аматов .

«Гугл Транслейт» менен иштөө принциптери

«Транслейт» «Гугл» компаниясы тарабынан көрсөтүлгөн бекер тил котормочусу. Дүйнөнүн 57 тилине сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү которуп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары бул сервистин жардамы менен интернеттеги белгилүү бир баракчаны толугу менен каалаган тилге которуп алууга болот.

Жүз миллиондогон документтердин арасынан жана шаблондордун ичинен котормочу эң жакшы которулуштардын бирин колдонуучуга сунуштайт. Ал «Статистикалык автоматтык которуу» деп аталат.

«Документтердин арасында сиз талап кылган сөз же сүйлөмдүн которулушун издеп жатып онлайн котормочу бир нече түрүн табып, анын варианттарын сиздин тандооңузга сунуштайт жана анын ылайыктуусун тандап алууга мүмкүндүк берет», — деп сервистин сайтында жазылган.

Бирок, сиз сураган сөздөрдүн которулушун атайын машиналар издегендиктен кээ бир учурларда сунушталган которулуштар мааниси боюнча төп келбей калышы ыктымал. Ошол себептен, белгилүү бир тилде которулуштары бар сөздөрдүн түрлөрүнүн көп болгондугу «Гугл Транслейтте» талапка ылайык жоопту алууга мүмкүндүн берет.

«Гугл» сервисинде мындан тышкары «альфа-тилдер» бар, алар которулмалардын сапатынын төмөнкү деңгээлдеги түрлөрүн көрсөтөт. Мындайлардын катарына азыр армян, азербайджан, баск, грузин, креол жана урду тилдери кирет.

Азыркы тапта «Гугл Транслейт» сервисинде, Борбор Азиядагы колдонулуп келе жаткан бир дагы тилдин котормочусу орун алган эмес.

Автор: Эльдияр Арыкбаев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы