«Шайлоо таза өткөн жок» деген далил болсо, Оштун губернатору кызматтынан кетет


"Президенттик тактыга аттангандардын арасынан алдыга озунуп чыккан Алмазбек Атамбаев тарабынан админстративдик ресурстар колдонулду",- деп митингчилер нааразы. 500 ашуун митингчилер чогулуп, шайлоонун кайра өткөрүлүшүн талап кылган соң, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков кызмат ордунан кетээрин  билдирди.

"Нааразычылык акциясынын катышуучулар кат жүзүндө кайсы шайлоо участкаларында, кандай мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу маалымат бериши керек",- деди Жээнбеков.

Тигил же бул шайлоо участогунда катталган, мыйзамга төп келишпестиктер тууралуу фактылар келтирилсе, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылаарын  облус башчысы билдирди.

«Өткөн президенттик шайлоо учурунда административдик ресурстар колдонулгандыгы тууралуу далилдер келтирилсе, мен азыр аткарып жаткан кызматымдан кетүүгө даярмын», — деп Жээнбеков митингчилердин алдында билдирди.

Жетекчинин айткан сөздөрү чогулган элдин нааразычылыгын күчөттү.

«Сооронбай кетсин!», — деп митингчилер кыйкырды.

"Жеңишке жетпей  калган талапкерлердин колдоочулары эмеспиз",- деген митингчилердин нааразычылык акциясы, Ош шаарында 2-ноябрдан бери болуп келе жатат. Алар, Алмазбек Атамбаевдин административдик ресурстарды колдонуу аркылуу өткөн, таза эмес шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талапка коюда.

Бирок,  нааразы болгондордун катарында жүргөн Камила Закированын билдирүүсүндө,  Шайлоо-2011де Адахан Мадумаров жеңүүчү болуш керек эле.

«Бул жолу шайлоо коррупция менен өттү. Биздин Ноокат аймагында жана башка айылдарда элдин көпчүлүгү Мадумаровго  добуштарын беришкен. Шайлоодо Атамбаев жеңүүчү болуп калганы таң калыштуу? Ошол себептен биз президенттик шайлоонун кайра өткөрүлүшүнө талап койдук», — деди нааразы болгон митингчи айым.

Юрист-байкоочунун айтымында, Атамбаевдин жеңиши интернет баракчаларында шайлоонун жыйынтыгы,  борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чыгарыла элек мезгилге жетпей жарыяланган.

«Акаевдин да, Бакиевдин учурунда мынчалык деңгээлдеги таза эмес шайлоо болгон эмес. Шайлоочулардын көбү тизмеде жок. Комиссия мүчөлөрү Атамбаевди колдогон добуштарын берип жатышты. Шайлоо участкаларына кире бериште Атамбаевдин сүрөттөрү илинип турган. Бул эмнени түшүндүрөт? Албетте бул элдин баары Атамбаевке добуш бергендигин айкын айтып турат», — деди юрист өз сөзүн жыйынтыктап жатып.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Жээнкул Асранкулдун айтымында, митингчилер нааразычылык акциясына «таза шайлоонун өтүшүнө күрөшүп, өз укугун коргоо үчүн» чыкан.

«Биз белгилүү бир саятчынын кызыкчылыктарын, максаттарын көздөбөйбүз. Мадумаров дагы, Ташиев дагы биз жактык эмес. Биз болгону гана таза шайлоонун өтүшүн колдойбуз», — деди Жээнкул.

31 октябрда Атамбаевдин басма-сөз катчысы Кадыр Токтогулов,  административдик  күчтөрдүн колдонулганы тууралуу маалыматты четке какты.

"Биз эч кандай күчтөрдү колдонгон жокбуз, баары жалган. Алмаз Шаршенович администртивдик күчтүн колдонулушуна каршы болгон. Себеби анын кесепетти эмнеге алып келишин билет",-деди Токтогулов.

Кыргызстанда шайлоо-2011 таза өттү,-деп билдирди  Токтогулов.

"Баары таза өттү, биз 50 пайыз добушка ээ болдук. Экинчи жолку шайлоону өткөрүү акылга сыйбайт. Эгер, алардын арыз-муңдары болсо БШКга же сотко кайрылышсын",-деп кошумчалады Токтогулов.

Боршайком Оштогу нааразычылык акциясынын талаптарын комментарийлөөдөн баш тартты.

Нааразы болгон элдин тобу борбордук аянтка 4-ноябрь күнү кайрылып келүү убадасын берди.

Ташиевдин жактоочулары уюштурган митинг

Оштун тургундары ушуну менен биринчи эле нааразычылык акциясын уюштурган жок. Добуш берүү аяктаган соң, 31-октябрда Оштун эли президенттик тактыны талапкер Камчыбек Ташиев ээлеши керек болчу деген нааразычылыгын билдирип, митингке чыгышкан.

Анда Ташиевдин жактоочулары «Атамбаевке» деген белгиси менен алдын ала даярдалган, Бишкек шаарынын мөөрү басылган бюллетендери бар экенин айтып чыгышкан.

Ташиевдин дагы башка жактоочулары Жалал-Абадка кире бериш унаа каттам жолун тороп алышып, 300 ашуун киши Жалал-Абад облустук администрацясынын бет маңдайына ушундай эле нааразычылыктары менен чогулушкан.

"Административдик ресурстарды колдонуу аркылуу президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев жеңишке жетти",- деген оюн билдирген Камчыбек Ташиев, шайлоонун жыйынтыгын туура деп кабыл алган жок.

«Мен бул шайлоодо жеңишке жетишим керек эле, анткени мен үчүн 1,5 миллион эл добуш бермек», — деп Ташиев 31-октябрда өткөн пресс-жыйында кабарлаган.

Эгер, шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылбаса, кандайдыр бир эл ичиндеги көтөрүлүштөр башталаарын билдирди.

«Андай болбой турган болсо, бийлик өкүлдөрү кыргыз элинин күчүн сезет », — деди Ташиев.

Бирок «Клооптун» кабарчысына берген маегинде Ташиев болуп жаткан митингдерге эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди.

Шайлоо-2011

Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендердин 90% ашуун бюллетенин иштеп чыгып, ага ылайык Атамбаев 63% добушка ээ болгонун билдирүүдө. Экинчи орунду коопсуздук кеңешинин эск-катчысы Адахан Мадумаров ээлеп, ал шайлоочулардын 14% ашык добушуна ээ боло алган.

Шайлоо таза эмес өттү деген арыз, даттануулар бир гана өтпөй калган талапкерлер, митингчилер тарабынан эмес, көз карандысыз байкоочулардан да болуп келүүдө.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» укук коргоо коалициясы эң аз дегенде 2 жолу массалык бююлетен таштоону каттоого алганын айтып келет.

Шайлоодо чоң маселелердин бири бул- шайлоочулар өз аты-жөнүн тизмеден таппай калып, добушун бере албай кетип жаткандыгында болду. Борбордук шайлоо комиссиясы буга аймактык шайлоо комиссиялары жоопту деп билдирди.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы