Жалал-Абад: «Мас абалдагы» милиция кызматкери айдоочуну атып салган


Жалал-Абадтын прокуратурасы кабарлагандай, Ноокен ИИБнүн мас абалындагы милиция кызматкери Ош-Бишкек жол каттамындагы айдоочу менен келип чыккан чырдан улам ага карай ок атткан. Жабырлануучунун абалын догдурлар орто деп айтышууда.

Тергөө иштерин жүргүзүүдөн улам ок ачкан милиция кызматкеринин аты айтылбайт деген Жалал-Абад облустук прокурорунун ага жардамчысы Руслан Жолоев, окуя ушул жылдын 1-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамаларында болгонун айтты. Бишкек-Ош унаа каттамынын 480 чакырымында Баткенди карай бараткан автоунааны укук коргоо кызматкери мас абалында токтоткон.

«Алардын ортосунда чыр-чатак чыгып, натыйжада милиция кызматкери айдоочунун оң ийинин атып салган», — деди Жолоев.

Жабыркаган 29 жашаар Нурбек Мамытов Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасына жеткирилген.

Догдурлар жабырлануучунун абалы азыркы тапта орточо экенин билдиришти.

Макаланы жарыялоодо «Клооптун» кабарчылары жабыркаган айдоочунун бир- туугандары жана өзү менен байланыша алган жок.

Кылмыш иши

Прокурордун ага жардамчысы Жолоев, окуяга жараша прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун айтты.

Ошондой эле ал милиция кызматкерине адам өлтүрүүгө аракеттенген жана кызматтык абалы менен физикалык күч жана тапанча аркылуу колдонгон деген айыптар коюлуп жатканын кошумчалады.

Шектүү деп табылган милиция кызматкери укук коргоочулар тарабынан 2-ноябрь күнү колго түшүрүлгөн.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы болуп өткөн окуяны комментарийлөөдөн баш тартты.

«Биз иштин чоо-жайын билбейбиз. Анткени ишти прокуратура кызматкерлери иликтеп жатышат», — деп билдирди облустук ИИБнин басма сөз катчысы.

Автор: Асель Талантбекова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Сүрөттө: Ош-Бишкек жолунда болгон митинг
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы