Байкоочулар: Төрт телеканал шайлоо алдындагы үгүт иштер эрежесин бузду


«Маалыматтык укуктуулук» борбору «Журналисттер» фонду менен биргеликте 3-ноябрь күнү атайын отчетун жарыкка чыгарды. Анда 3 телеканал шайлоодо лидер болгон талапкер Алмазбек Атамбаевке өзгөчө баа берип, дагы бир канал «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди колдоду, деп жазылган. Телеберүүлөрдүн жетекчилиги байкоочулардын отчету менен макул эмес.

Байкоочулар Кыргызстандагы 7 телеканалдардын мониторингин жүргүзүп, алардын ичинен төртөө шайлоо тууралуу мыйзамды кайсы бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн  бузган деп кабарлайт.

Алардын айтымында үгүт иштери  тууралуу мыйзамды  КТРК, «Бешинчи канал», «Пирамида» жана Жалал-Абад аймактык телеканалдары тарабынан бузулуп, алар тигил же бул талапкерге жогору баа берген.

КТРКнын маалыматтык берүүлөрүнүн биринде Атамбаевди жактоочу жашыруун үгүт материалы болгон. Анда «Ак‐Шумкар», «Замандаш» жана «Республика» партиялары Атамбаевди колдоо үчүн шайлоого катышпай тургандыгы жөнүндө маалымат берилген. Бул, иш шайлоо алдындагы жарыш иштерине төп келбейт дешти байкоочулар.

«Атамбаевдин Орусия элинин расмий өкүлдөрү менен жолугушуусу эки жолу эфирге чыгарылган. Бул талапкерлер арасындагы теңдүүлүк жөнүндөгү принциптерди бузат», — деп отчетто берилген. Ушул эле үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар «Бешинчи канал» жана «Пирамидада» байкалган.

«Орусиянын атайын өкүлдөрү менен Атамбаевдин жолугушуусу жаңылыктардын түрмөгүндө биринчи берилип, күндүн кабары болду. Бул шайлоо алдындагы үгүт иштери тууралуу мыйзамга төп келбейт. Эки телеканал бирдей Атамбаевди жашыруун үгүттөгөндүгү белгиленген», — деп отчетто жазылган.

Жалал-Абадтагы 7-канал шайлоо алдындагы үгүн иштерин жүргүзүү принциптерин бузуучулардын бири болгон дешет байкоочулар.

Президенттик шайлоодо үчүнчү орунга илинген талапкер Камчыбек Ташиев жөнүндө аталган канал «жарнамалык негизде» деген атайын жазуусун кошпой материалдарды өз эфиринде кетирди деп берилген отчетто.

«Ташиевди колдогон пиар ар бир жаңылыктар бөлүмүндө кездешет. Андан тышкары «Сайтка саякат» берүүсүндө канал ар түрдүү гезит, сайттардан алган маалыматтарды чыгарып турат. Мындай цитаталарды чыгарууда алар шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча эрежелерге туура келбегендерин да колдонгон», — деп байкоочулардын берген отчетунда берилген.

Мониторинг жүргүзүү учурунда президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев, Кубатбек Байболов жана Турсунбай Бакир уулуна карата «кара пиар» колдонгонлугу да байкалды.

«Октябрдын алтысында улуттар аралык чыр-чатактын келип чыгышын чагымдаган факт катталган. Кабарчы «Учур» гезитинен цитата келтирип, анда Сулайманов менен Турсунбаевдин жашыруун сүйлөшүүсү берилген. Эгер, алар шайлоо учурунда талапкер Мадумаровду жактабаса, аларды Оштун эли аябай тургандыгы айтылып, кандай болгон күндө да Мадумаровду колдогонго аракеттенүү керек экендиги айтылган», — деп каналдын кабарчысынын сөздөрү отчетто цитата түрүндө берилген.

Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык ММКлар талапкерлер тууралуу бирдей негизде жана объективдүү маалыматтарды бериши керек. ММКлар президенттикке талапкерлердин ишин тең салмактуу кылып эл ичине таратышы абзел. Ошондой эле телеканалдар талапкерлердин аткарган кызматына тешелүү болгон маалыматтарды да чагылдырып турууга укуктуу.

«Сандырактаган байкоочулардын отчету»

«Пирамида» каналынын башкы редактору Марианна Логачева,  байкоочулардын шайлоо алдындагы президенттикке талапкерлердин үгүт иштери тууралуу мониторинги жана чыгарган отчету сандырактоо экенин айтты.

«Биз жаңылыктарда Атамбаевди же болбосо башка талапкерлерди мактаган эмеспиз. Атамбаевди башка партиялар колдоого алгандыгы жана анын Орусияга иш сапары мене баргандыгы тууралуу биздин каналдан чыккан сюжет үгүттөө эмес жөн гана маалымат. Элди маалымат алуудан чектеп кое албайбыз биз», — деди Логачева.

"Көпчүлүк видео материалдар Атамбаев премьер-министрлик кызматты аркалып келген учурда эфирге чыгарылган",- деп кошумчалады редактор.

«Ошондуктан бул материалдар эч кандай үгүт иштерин өз ичине камтыбайт», — деди аталган каналды башкы редактору.

«Бешинчи каналдын» жетекчиси Евгения Бердникова дагы өз сөзүндө эгер, үгүт иштери болсо, алар БШКга берилген атайын пресс-баракчаларында көрсөтүлгөн жана мындай материалдар атайын белгилер менен эфирге чыгарылган деди.

«Жаңылыктарда чыккан үгүт материладары БШКга биз өткөрүп берген прайс-барактарында көрсөтүлгөн. Атайын тамгалар менен эфирге чыккан сюжеттер кандай маанини берээри атайын белгиленген», — деди башкы жетекчи.

КТРКнын жетекчилиги байкоочулардын отчету менен жакындан тааныш болгон соң комменатрий берээрин айтса, Жалал-Абадтын жетинчи каналы бул макаланы жазууда байланышка чыга алган жок.

«Эл аралык стандарт»

Медиа-серепчи Александр Кулинский,  байкоочулардын берген отчетундагы учурлар эл аралык медиа стандарттары боюнча мыйзам бузуучулук болоорун белгилеп өттү.

«Отчетту жасагандар эл аралык көз карашта бул маселелерди талдаган көрүнөт. Баардык жарнамалык негиздеги материалдар маалыматтык жаңылыктардан атайын белгилер менен бөлүнгөн. Тактап айтканда алып баруучу алмашат, эфирге атайы өзүнчө ачылыш берилет жана башкалар», — деп кабарлады серепчи өз сөзүндө.

Кулинскийдин айтымында, катталган мыйзам бузууларга укуктук баа берилиш керек.

«Эгер бешинчи канал жана андан башкалары БШКга үгүт материладарына болгон бааларды көрсөтүү менен бирге, ал материалдар жалпы маалыматтык берүүлөрдүн катарында чыгаарын көрсөткөн болсо, анда канал белгиленген баардык эрежелерди аткарган», — деп серепчи сөзүн жыйынтыктады.

ММКларды мониторингтөө тууралуу бул отчет жалгыз эмес. Медиа-полиси институту ММКда шайлоо алдында үгүт иштери катары чыгып турган метариалдарды да сынга алган. Изилдөөнүн жыйынтыгында президенттикке талапкер Атамбаев гезит-журналдагы жана радио, телеберүүлөрдө жарык көргөн материалдарында биринчи орунда тургандыгы маалымдалган.

Авторлор: Диана Рахманова жана Данияр Омурзаков
Которгон: Кундуз Сырдыбаева