Басма сөз: Атамбаевдин жеңиши Орусия менен бекем кызматташтыкка негиз түзөт


Алмазбек Атамбаевдин  президенттик шайлоодо алдыга чыгышы Кыргызстандын Орусия менен тыгыз байланыштын түзүлүшүнө жана бажы казматташтыгына кирүүгө алып келиши ыктымал,- деп чет элдик басма сөз барактары баяндайт. «Блумберг» басмасы экс-премьердин жеңиши өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн дейт.

2-ноябрда «Регнум» маалымат агенттиги Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин жиберген куттуктоо телеграммасына таянуу менен Россия Федерациясы Кыргызстан менен тыгыз байланышта иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

«Дайымкыдай эле,  биз сиздердин мамлекетке көмөк көрсөтүү мамилебизди уланта бермекчибиз. Орусияга да Кыргызстанга да пайда алып келе турган ар тараптуу кызматташтык жолун өнүкттүрүүгө толук мүмкүндүк бар», — деп  берди«Регнум» куттуктоо телеграммасынын мазмунун .

31-октябрда «Ведомости» гезити Кыргызстан,  балким бажы кызматташтыгына кошулуп калат деген билдирүүсүн чыгарган.

«Тышкы саясатта Атамбаев басымды Орусияга жасайт. Анын компаниясы аяктап жатканда бекеринен Кыргызстан бажы кызматташтыгына кирүү кабарын жарыялаган эмес. Атамбаев президенттикте турган мезгилде бул мамлекет Орусиянын Москва шаарынан келип туруучу насыя жана башка көрсөтүлгөн жардамдарды актап турууга болгон күч-аракеттин  жумшайт», — деп жазган «Ведомости».

«Манас» аэропортундагы АКШнын аскер базасынын Кыргызстандын аймагындагы ишин 2014-жылы токтотуу тууралуу Атамбаевдин чечими,  АКШнын кызыкчылыгында деп эсептейт «Известия» гезити .

««Манастагы» аскер базасын жабуу чечимин жарыялоо менен Атамбаев ким менен кызматташтык мамиледе болоорун аныктады. Демек, эми өлкө башчысы АКШ тарабынан боло турган кысымдарды көтөрө билиши керек», —деп «Известияга» «Национальная оборона» журналынын редактору Игорь Коротченко билдирген.

Америка кошмош штаттарынын Кыргызстандын аймагындагы аскер базасынын ишин токтотуу тууралуу чечимин Атамбаев төмөнкү жоболор менен негиздеп, биринчи орунда Кыргызстан элинин коопсуздугу тураарын айтты.

«Бул жарандык аэропорт. Кайсы бир мезгилдерде Америка менен Ирактын ортосунда согуш болгон, билким ушундай согуш Америка менен Ирандын ортосунда болуп калат. Эгер АКШ, Иран жана Ирак «Манас» аэропортуна бирден ракета жиберсе, анда эмне болот?», — деп Атамбаев Би-би-сиге берген маегинде айткан.

«Түндүк менен түштүктү бириктиргенге Атамбаевдин кудурети жетеби?»

Башка чет элдик басма сөздөр 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн улуттар аралык конфликттерге өзгөчө маани берүү менен аны сынга алышкан.

«Уолл стрит джорнал» гезити Атамбаев Кыргызстандагы этнос аралык каршылашууну жылмалап кете алабы деген суроону койду.

«Расмий санактар билдиргендей Атамбаев шайлоочулардын 63% добушуна ээ. Атамбаевдин бийликке келиши Кыргызстандын түндүгү жана тынчсыз түштүктөгү коркунучтар менен күрөшүп чыгуугак өбөлгө болушу керек», — деп  жазылган гезиттин бетинде .

«Блумберг» маалымат агенттиги 31-октябрда шайлоодо ОБСЕнин байкоочулары тарабынан катталган чоң шайлоо мыйзамына төп келбеген туура эмес итшерди кабарлап, Атамбаевдин шайлоодон озунуп чыгышы өлөнүн түштүк аймагындагы жаңжалдардын чыгышына алып келиши мүмкүн,- деп билдирди.

«Атамбавевдин жеңиши башка талапкерлер Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевдин түштүкөгү саясий базасынын курчушуна алып келиши мүмкүн», – деди басма сөз «АйЭйчЭс Глобал жана денсайт» борборунун серепчиси Лилит Гевогяндын сөздөрүнө таяна.

Шайлоо-2011

Кыргызстанда президенттик шайлоо  30-октябрында болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендердин 90% ашуун бюллетенин иштеп чыгып, ага ылайык Атамбаев 63% добушка ээ болгонун билдирди. Экинчи орунду коопсуздук кеңешинин эск-катчысы Адахан Мадумаров ээлеп, ал шайлоочулардын 14% ашык добушуна ээ боло алган.

Шайлоо таза эмес өттү деген арыз, даттануулар бир гана өтпөй калган талапкерлер, митингчилер тарабынан эмес, көз карандысыз байкоочулардан да болуп келүүдө.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» укук коргоо коалициясы эң аз дегенде 2 жолу массалык бююлетен таштоону каттоого алганын айтып келет.

Бул шайлоодо чоң маселелердин бири бул шайлоочулар өз аты-жөнүн тизмеден таппай калып, добушун бере албай кетип жаткандыгында болду. Борбордук шайлоо комиссиясы буга аймактык шайлоо комиссиялары жоопту деп билдирди.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева