Роза Отунбаева өткөөл мезгилде


Кыргыз Ресбукликасы эгемендүү мамлекет болгондон бери ажолук кызматты тынчтык жолу менен тапшырып берүү биринчи жолу болот. Роза Отунбаева, 31-декабрда бийликти шайлоонун жеңүүчүсү Алмазбек Атамбаевке өткөрүп берет.

30-октябрда өз шайлоо участкасында добушун берип жатып, Роза Отунбаева бийликти өткөрүп берген соң Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүнө салымын кошуп, иштей бере турганын айткан.

«7-апрелден кийин мамлекет тандап алган жолду кармап, ошол калыбында улантып кетүү үчүн өлкөнүн күчүн бириктирип, туура пайдаланыш керек», – деди президент.

Өлкө башычысынын басма- сөз кызмат башчысы Султан Каназаров, Роза Отунбаева кызмат ордун өткөрүп бергенден кийин Кыргызстандын чет мамлекеттеги өкүлү болот,- деген маалымат жөн гана ушак-айың деди.

«Роза Исаковна мамлекеттин аймагында эле болуп, экс-президентик статусунда Кыргызстандын гүлдөп, өнүгүшүнө салымын кошо бермекчи. Азырынча өлкө башчысы анын тажрыйбасы кайсы тармакта керек экендиги тууралуу ойлоно элек. Бирок, Роза Исаковна билим берүү же жаңы технологиялар менен байланышкан жаатта иш алып барышы мүмкүн», – деп  кеп салды Каназаров «Клоопко» берген маегинде .

Кыргызстандын тарыхында биринчи президент-айымдан бийликти расмий негизде анын партиялашы Алмазбек Атамбаев кабыл алат. Аталган эки саясатчы тең 2005 жана 2010-жылдары болгон эки элдик төңкөрүштөргө катышып, оппозициянын башында турган.

Жакшысы-жаманы

Кыргызстанда башчылык катары кызмат аткарып келген Роза Отунбаеванын ишкердигинен саясат таануучулар жаман жана жакшы жактарын да белгилешет. Алар Отунбаева, Кыргызстан өткөөл мезгилде турган кезде бийлик башына келди деген ойду көп серепчилер бөлүшөт.

«Отунбаева бийлик башында турган мезгиле, революциялык жагдай, Оштогу улуттар аралык кагылышуу, парламенттик андан кийин президенттик шайлоолор туш келген. Балким, ушул көрүнүштөр анын аткарган кызматында терс жагын көргөзүп койгондур, бирок көпчүлүктүн айтымында бул үчүнчу жактардын кылган иши дешти», – деп билдирди Марс Сариев.

«Эгалите» фондунун аналитиги Иван Каменко, Отунбаеваны эрктүү саясатчы,- деп атады.

«Отунбаева бийликке келген мезгил кризистүү болду. Башкаруу абдан алсыз болуп турганда, Роза Исаковна өзүнө жоопкерчиликти алып, аны өйдө көтөрүп кете алды», – деди Каменко.

"Өткөөл мезгилдеги өлкө башчысы Кыргызсандын аймагын жарандык согуштан алыстата алды",- дейт дагы бир серепчи Шерадил Бактыгулов.

«Балким анын дипломат катарында эл аралык тажрыйбасынын бар болушу,  Кыргызстан башка өлкөлөрдөн бөлүндү болуп чыгып калбашына чоң жөлөк болду. Мисалы, мындай кырдаал Андижандагы болгон окуядан кийин Өзбекстанда катталган», – деп эсептейт Марс Сариев.

Эл аралык мамиле

Дээрлик көп серепчилер Отунбаеванын эл аралык деңгээлдеги кылган ишине татыктуу баа берип, анын дипломаттык тажрыйбасы өлкөдө болгон реформаларды чет мамлекеттер бат таанып, аны кабыл алышына өбөлгө болду дейт.

«Роза айым дипломат болгондугуна жараша эл аралык деңгээлде таанымал болду. Акаев жана Бакиевдин бийлик башында турган мезгилинде алардын мамлекеттер арасында алган ордун көп деле айтышчу эмес, ал эми азыр көпчүлүк саясатчылар Отунбаева менен алгылыктуу иш алып барса болот деп айтышат», – дейт «Эгалите» фондунун серепчиси Татьяна Выговская.

Сеперчилердин айткандарына карабастан саясат таанычулар Отунбаеванын алып барган саясатында кемчиликтер да бар дешет.

Серепчи Иван Каменконун айтымында, Мамлекеттин тышкы саясатында бир кыйла көз караштардын өзгөрүлгөндүгү байкалган.

«Өзүнүн билгени боюнча,  өлкө башчысы АКШ, батыш өлкөлөрүнө көп карап, алар менен кызматташууга умтулду. Ал эми Москвага иш сапары менен барган эмес. Тескерисинче бул мезгилде премьер-министр Москва жана Анкара бийликтери менен көп байланышты. Орусияны четке чыгарып коюу бул айым тарабынан туура эмес болуп калды», – дейт Каменко.

«Кемтик» укуктар

Сурамжылоого алынган кээ бир серепчилер бул айым аткарган кызматында толук мүмкүнчүлүктөргөө ээ болбогондуктан жана башкарууда аз убакытка туруп калгандыктан улам алдыга койгон максаттарын ишке ашыра алган жок деди.

Кыргызстандын түштүгүндө июнь айында болгон баш-аламандык учурунда Роза Отунбаева кыймыл-аракети так болгон жок деп эсептейт серепчилердин бири Токтогул Какчекеев.

«Жалал-Абад жана Ошто болгон кан төгүүлөрдү убактылуу өкмөт башчылары убагында токтотуп кала албагандыгы чоң ката болду», – деп Какчекеевдин сөздөрүнө саясат таануучу Икбол Мираидов да кошулат.

Бийликти өткөрүү

Бийликти өз колуна алып, башкаруу керек болгон мезгилде Роза Отунбаева жана ошол кездеги өкмөт өкүлдөрү баардык жоопкерчиликти парламентарийге берип койду деген ишенимде Иван Каменко.

«Жаңы президентке көптөгөн маселелерди чечүүгө туура келет. Биринчи кезекте парламенттик башкаруу бутагын конвреттештирип, экинчиден социалдык маселелерди чечиш керек. Мисалга биз мындан ары насыяларды алып турабызбы, же өзүбүздүн күчүбүз менен өнүгүүгө аракет кылабызбы? Жаңы бийлик башчысын чечилбеген көптөгөн маселелер күтүп турат», – дейт Каменко.

Мындан тышкары саясий талдоочулар ушул жолу Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн бери биринчи ирээт бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү болот деп белгилешет.

«Бийликти тынч абалда тапшырып берүү аземи болот, бул биздин өлкө үчүн чоң нерсе, анткени мындан муруңку эки президент тең качып кетишти. Эл биздин өлкөнү башкарган баардык эле президенттер коррупционер эмес экендигин түшүндү», – дейт талдоочу Марат Казакпаев.

Оор мезгилдеги президент

Роза Отунбаева Кыргызстанды башкарууга 2010-жылдын апрель айында өткөн элдик төңкөрүштөн кийин, Курманбек Бакиев тактыдан кулаган соң келди. Ошол эле күнү ал убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп дайындалган.

Төңкөрүштөн кийин өлкөдө легитимдүү бийлик болгон эмес. Президент кетип, парламент убактылуу өкмөттүн декрети алдында таркатылып, ал эми жаңы келген саясатчылар бүт башкаруу жоопкерчилигин өз моюнуна алган.

2010-жылдын май айында убактылуу өкмөттүн чыгарган декретине ылайык Роза Отунбаева өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланды. Документ боюнча ал өлкө башчысынын кызматын 2011-жылдын 31-декабрына чейин аткарат.

Кыргызстандын эки элдик төңкөрүштөн кийинки дагы бир оор акыбалы үстүбүздөгү жылдын 11-14 июнуна туш келет. Бул мезгилде Ош жана Жалал-Абад облустарында этникалык кыргыз жана өзбектердин ортосунда кагылышуу болду. Расмий маалыматтарга караганда улуттар аралык жаңжалда 426 адам жарык дүйнө мене кош айтышкан.

Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуунун келип чыгышын иликтөө максатында атайын комиссия Роза Отунбаеванын буйругу менен 2010-жылдын 15-июлунда түзүлгөн.

Жарым жыл өтүп, жыйынтыктоочу отчетун бергенде комиссия убактылуу өкмөт мүчөлөрүн айыптап, жаңжалды убагында токтотуп калганга мүмкүнчүлүктөр бар болгон деп жыйынтык чыгарып коюшту.

«Мамлекеттин башчыларына атайын кызматтын мүчөлөрү түштүк тарапта башаламандыктар даярдалып жаткандыгы тууралуу кабар бергендигине карабастан алар эч кандай чара көрбөй коюшкан», – деп андагы комиссия жетекчиси Абдыганы Эркебаев билдирет.

Эл аралык комиссия башчысы Киммо Кильюнен июнь окуясына ким күнөөкөр экендигин так айткан эмес. Бирок, ал көрсөткөн отчетто убактылуу өкмөт башчылары, күч структуралары жана жергиликтүү башкаруу тарабынан кеткен кемчиликтер белгиленген.

«Бул окуя чоң масштабда болгондуктан аны убактылуу өкмөт тиешелүү деңгээлде өз убагында туруктуу кылып кармай алган жок деп аргументтештирген Роза Отунбаеванын сөздөрү бийликти элди коргоо боюнча жоопкерчилигинен бошотпойт.

«Өлкөнүн түштүгүндө июнь айында болгон окуя алдын ала пландаштырылган иш болгону маалым болгондуктан, убактылуу өкмөт башчылары аны болтурбоо үчүн тез аранын ичинде кандай иш-аракеттер көрүү керек экендигин ойлонуштуруп коюшу керек эле», – деп отчетто жазылган.

2010-жылдын 27-июнуна карата жаңы конституцияны кабыл алуу максатында референдум өткөрүү белгиленген. Бийлик өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндө болгон башаламандык референдумду болтурбай салуу максатында жасалган атайын иш-аракет деп билдирди.

Мамлекеттеги кырдаалдын курч болуп турушуна карабай, референдум боюнча шайлоо өтүп, анда эл жаңы конституцияны колдоого алды. Ага ылайык өлкөдө парламенттик башкаруу системасы орноду. 20 жылдан бери колдонулуп келе жаткан аралаш башкаруу системасы натыйжасыз деп табылды.

Шайлоо

Бийликти легитимдүү жолго салуунун дагы бир этабы парламенттик шайлоону өткөрүү болду. Бул шайлоонун жыйынтыгында 10-октябрда Жогорку Кеңешке беш партия келди. Алардын экөө элдик төңкөрүштөргө катышкан КСДП жана «Ата-Мекен», бири «Ар-Намыс» оппозициялык партиясы жана жаңы чыккан – «Республика», «Ата-Журт» партиялары.

Шайлоочулардын эң көп добушун 2010-жылдын жай айларында түзүлгөн «Ата-Журт» партиясы алып, анын курамына Бакиевдин бийлиги учурунда саясатчы катары иштеп келген ӨКМнын экс-министри Камчыбек Ташиев,  Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Тюлеев кирген.

«Ата-Журт» партиясынын парламентке өтүшү эл ичинде көптөгөн нааразычылыктарды жаратты. Шайлоонун жыйынтыгынан кийин эки жолу коалиция түзүү болду. Алардын биринчиси төраганын жоктугунан улам үч күн да иштей алган жок.

Экинчи коалиция ийгиликтүү түзүлүп, ага – «Ата-Журт», КСДП жана «Республика» партиялары кирди. Коалициянын чечими боюнча өкмөт башчысынын ордуна Алмазбек Атамбаев, ал эми вице-премьерге Өмүрбек Бабанов дайындалды.

Бир нече айдан кийин «Мегаком» уюлдук операторун улутташтыруу боюнча талаш-тартыш пикир пайда болуп, божомолдорго караганда анын башында Максим Бакиевдин жакындарына аталган компания тиешелүү болуп турган. Анда депутаттардан турган атайын комоссия түзүлүп, Өмүрбек Бабановдун буга тиешеси бардыгы же жоктугу текшерилди.

Иликтөө иштери жүрүп жаткан мезгилде Өмүрбек Бабанов бир айга эс алууга кетип, кайра келип кызматын улантты.

2011-жылдын май айында өлкө кезектеги кризиске туш болуп, Орусия кара майды экспорттоосун толугу менен токтотуп, андай мамлекеттердин катарына Кыргызстан да кирип калды. Бир аз убакыт өткөн соң эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн улам Кыргызстанга Орусия арзандатылган баада күйүүчү майды берип тураары макулдашылган.

Парламенттин демилгеси алдында соттук реформа өткөрүү башталып, сотторду тандоо боюнча кеңеш түзүлдү. Аталган топ соттук курамды, Конституциялык палатаны жана Жогорку сотту калыптандыруунун үстүндө иш алып барды.

2011-жылдын жай айларында Кыргыз Республикасынын өлкө башчысын тандоо боюнча иштерди жүргүзүү башталып, шайлоо 30-октябрга белгиленген.

Прездиденттик тактыга башында 80 талапкер ат салышууну каалап, бирок шайлоо күнүндө расмий түрдө 16 талапкер шайлоочулардын добуштарына ээ болду. Булардын ичинен президенттик шайлоодо шайлоочулардын 60% ашуун добушуна ээ болуп, бийлик өкүлү Алмазбек Атамбаев жеңишке жетти.

Жаңы президент кызматын 2012-жылдын 1-январынан артып аткарууга укуктуу.

Авторлор: Анна Лелик жана Улугбек Акишев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы