Кыргызстанда хоккей оюнуна кызыккандар көбөйдү


Кыргызстандыктар улуттук Азия-2011 курамасында жеңишке жеткенден кийин, хоккей оюнуна артыкча көңүл коюлду. Хоккей Федерациясы «С» тобундагы дүйнөлүк чемпионатты 2013-жылга карата өткөрүп алууну максат кылууда. Бирок, азырынча спортчулар каржылоонун азыдыгын айтып жатышат.

Кыргызстан хоккейчилери 2012-жылдын башталышында өзүнүн төрт жылдыгын белгилейт.

[stextbox id="custom" caption=Сандар float="true" align="right" color="222222" ccolor="ffffff" bcolor="dddddd" bgcolor="dddddd" cbgcolor="800000" image="null"]

Эл аралык хоккей федерациясынын интернеттеги баракчасында берилген маалыматка караганда, Кыргызстанда 320 хоккейчи бар. Алардын 218 оюнчусу чоңдор командасына кирсе, калган 102 оюнчулар жаш балдар тайпаларына кирет.[/stextbox]

Кыргызстандагы хоккей федерациясынын мүдүрү Анвар Оморканов хоккей оюнунун күйөрмандары 2008-жылдан тартып 20 кишиден 300 кишиге чейин көбөйгөнүн билдирди.

"Кышкы оюндардын түрлөрү боюнча хоккей акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында тездеп өнүгүп келе жаткан оюн болууда",- деген пикирде хоккей федерация башчысы Оморканов.

«Негизи эле кышкы оюндарга элдин кызыгуусу жылан жылга артып келе жатат. Биздин өлкө тоолуу аймак жана спорттун түрлөрү менен алектенбей коюу туура эмес болуп калат. Акырындап биз өнүгөбүз деген чоң ишенимим бар. Азыр Орусиянын жаштар хоккей лигасынын Континенталдык хоккей лигасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, келечекте кыргыз командасы ошол жакта ойноп калат», – деди Оморканов.

Өспүрүмдөр хоккейи

Кыргызстанда үч жылдан бери өспүрүмдөрдүн жалгыз гана «Илбирс» аттуу хоккей клубу иштеп келет.

8 жаштан 10 жашка чейинки жеткинчек балдар командасы 2010-жылы Казахстанда өткөн ачык чемпионатка катышышкан. Өспүрүмдөр хоккей мектептери арасынан экинчи орунга татыктуу болгон. Азыркы тапта «Илбирстин» командасы Казанда өтүп жаткан достук матчына катышууда.

Жогоруда айтылган клубдан тышкары хоккей менен алектенген өзүнчө балдардын тобу бар.  Алар, бир күндө эки ирээт Бишкек шаардык муз үстүндө жолугушуп, машыгып турушат.

Кыргызстандан жакшы машыктыруучу таппагандыктан улам, жеткинчекердин ата-энелери Орусиядан атайын адис машыктыруучуну алып келишкен.

«Эгер өкмөт жардамын берсе, татыктуу машыктыруучуларды тапса, Кыргызстан хоккейиинин келечеги кең болчудай. Бирок жаш балдарга машыктыруучу алып келиш керек, анткени азыр биздин улуу хоккейчилерибиздин дээрлик көбү пенсия курагында. Эгер жаш балдар хоккейи болбосо, өлкөдө хоккей такыр жок болот деп эсептей берсек болот», – деди баласын хоккейге барган Салават Султанбеков.

Орусиядан чакыруу менен келген машыктыруучу Александр Григорьев мамлекеттеги хоккейди өнүктүрүү үчүн өмкөттүн жардамы керек деген ойдо.

«Жогоруда отурган саясатчылар хоккейди өнүктүрүүгө кызыктар болсо, аны жакшылап колго алса болот», – дейт машыктыруучу.

Мындан тышкары жаш хоккей оюнчуларынын ата-энелери бул спорттун түрүн өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартып, спорттук жабдыктарды сатып алуу керек деп айттышат. Алардын айтымында, бир эле хоккей клюшкасы 100 АКШ долларынан өйдө, ал эми атайы шлем, жана башкалары 500 АКШ долларынан кем эмес.

Жаштар саясаты, дене-тарбияны жана спортту өнүктүрүү боюнча парламент алдындагы комитет өкүлдөрү «Клоопко» берген маегинде хоккей командаларын каржылоо боюнча суроолордун чечимин билбестигин айтышты.

Келечектеги максаттар

Анвар Оморканов 2013-жылы хоккей Федерациясы Кыргызстанда «С» тобундагы дүйнөлүк чемпионатты өткөрүп алууну максаттап жатканын билдирди.

«3000 киши баткан муз ордосун куруу иштери менен алек болуп жатабыз, шаардык мэрия максатты ишке ашырууга жер бөлүп берээрин билддирди. Арена куруу менен биз келечекте эл аралык чоң турнирлерди өткөрөбүз. «С» тобундагы дүйнөлүк чемпионатты 2013-жылы үчүнчү дивизиондо өткөрө алабыз», — деп ой бөлүштү Оморканов.

[stextbox id="custom" caption=Дүйнөлүк чемпионаттагы III дивизионfloat="true" align="right" color="222222" ccolor="ffffff" bcolor="dddddd" bgcolor="dddddd" cbgcolor="800000" image="null"]

Үчүнчү дивизион бул хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионаттын эшолону болуп саналат. Ал эң төмөнкү деңгээлдеги оюнчу командалардан турган. Үчүнчү дивизиондо биринчи эки орунга ээ болгон команда экинчи дивизионго өтүп, ал эми андагы эң начар деп эсептелген эки команда үчүнчү дивизионго түшүп калат.[/stextbox]

Кыргызстан чемпионаты

2011-жылдын сентябрь айында эл аралык хоккей Федерациясынан Кыргызстанга атайын өкүлдөр келген. Өлкөдөгү хоккейдин деңгээли кандай экенин жана спорттун бул түрүн өнүктүрүп, келечегин кең кылуу үчүн кандай иш-аракеттери керек экенин  талкуулашты.

Эл аралык федерациянын талаптары боюнча хоккей үч турда өтүшү керек. 2011-2012-жылдагы кышкы оюндарда хоккей сентябрь, декабрь жана февраль айларында болуп өтөт.

«Үчүнчү турдун жыйынтыктары боюнча биз эң жакшы деп табылган оюнчулардан курама команда жасап, 2012-жылдын 17-мартынан 25-мартына чейин өткөрүлө турган Азия кубогуна аттанабыз», — дейт Оморканов.

Оморканов ошондой эле,  эл аралык хоккей федерациясына жардам суроо менен кайрылгандарын кошумчалады. Анын айтымында, өлкө чемпионатын өткөрүүдө Орусиядан адистерди чакырылат. Азыркы тапта машыктыруучуларды даярдаган атайын киши керек.

Кыргызстанда хоккейдин өнүгүшү

Анвар Омуркановдун айтымында хоккей Кыргызстанда советтер союзу учурунда эле болгон, бирок анда оюн шайба менен эмес, топ менен 5-6 командалар арасында өткөрүлүп келген. СССР 1991-жылы урап, аны менен биргеликте хоккей да жок  калган.

«Каржылоо жок болгондуктан улам Нарын облусунун Жумгал районунда каражатты аз талап кылган, кичине көлөмдүү муз куюп, хоккейди шайба менен ойной башташкан», — деди Омурканов.

Эл аралык стандарттарга жооп берген Бишкек шаардык муздун курулушу аркылуу,  шайба менен ойнолгон хоккейди өнүктүрүүгө  мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Кыргызстанда хоккей Федерациясы 2008-жылы түзүлүп, андан бир жыл өтпөй Кыргызтан чемпионатына төрт команда катыша алган.

2010-2012 –жылдардагы үчүнчү хоккей чемпионатына катышууга кызыктар экенин 6 команда билдирди. Ал эми дагы 2 командага керектүү атайын кийим-кечектин жоктугунан улам оюнга катышууга мүмкүнчүлүк берилген жок.

«Хан Тенгри» Бишкек хоккейчилер клубу эки жолу өлкөнүн чемпиону болгон. Ал эми,  акыркы биринчиликте алтын медалга Ак-Түз айылынын «Горняк» командасы жеткен.
2011-жылда Казахстандагы VII Азия оюндарында Кыргызстан хоккей командасы премьер-дивизиондогу алты матчты тең утуп, таймашунун байге ээси болгон.

Авторлор: Анна Лелик, Анатолий Шаршеев, жана Улугбек Акишев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы