Бишкек шаарында катуу кар жаашы күтүлүүдө


Кыргызгидромет билдиришинче, Бишкекте аба ырайы 8-9-ноябрда кески өзгөрүп, суук болушу күтүлөт. 9-ноябрь акыркы беш жылдыкта Бишкек шаарындагы  эң суук күн болуп катталышы  мүмкүн.

Абанын температурасы 8-ноябрда борбор калаабызда -2 градуска чейин түшүп, катуу суук  болушу күтүлөт. Кыргызгидрометтин нөөмөтчү синоптиги Евгения Коробицина «Клооптун» кабарчысы менен болгон маегинде,  Чүй аймагында абанын температурасы 9-ноябрда түнкүсүн -8, ал эми күндүзү -5 градуска чейин төмөндөйт,- деп билдирди.

Эгер, синоптиктердин айтканы туура келсе, анда бул күн Бишкектеги акыркы беш жылда ноябрь айындагы эң суук күндөрдүн бири болуп катталат.

-3,7 градуска төмөндөп, суук болгон күн акыркы жолу 2006-жылдын 24-ноябрына туш келген. Өзүнүн пресс-баракчасында Кыргызгидромет суу каардын электр линияларында жана бактардын шактарында туруп калуусун белгилеп, жолдор тайгак болуш мүмкүндүгүн билдирди.

«Мындай аба ырайынын болушу автотранспорт, энергетикалык жана коммуникациялык кызматтардын ишин оорлотуп коюушу мүмкүн», — деп билдирет Кыргызгидромет.

Ушул күздө жааган бул биринчи каар эмес. 27-28-октябрларда каар түшүп, бирок күндүз сырттагы температуранын жылуу болгондугунан улам тез арада  ээрип кеткен.

Бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук октябрь айынын акыркы күндөрүндө эле берилген. «Бишкек жылуулук тармактарынын» нөөмөт диспетчери Петр Кургановдун билдиришинче шаардыктар суук күндөрү үшүп калбайт.

Бирок,  жылуулук берүү түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан жерлерде оорчундуктар болуп калышы ыктымал.

Петр Кургановдун айтымында темир трубаларды кошуп, желим менен кураган жерлер аба ырайынын тез өзгөрүшүнөн улам жарылып кетет дейт.

«Азыр сантехниктер көбөйдү. Темирлерди кураштыруу технологиясын билишпейт, аларга акча алса эле болду», — деп нааразы болду Курганов.

Бишкек шаарындагы маршруттук такси жана башка унаалардын айдоочулары сууктан коркпой турганын билдирип, адаттагыдай эле мөөнөттө иштээрин айтышат.

Таксист Керим Алыбеков темир тулпарынын дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырып алган. Анын айтымында, таксист иштеген компания быйыл жүргүнчүлөр үчүн бааларды кымбаттатпайт. Мындай тажрыйба 2007-2008-жылдардагы ызгаардуу суукта болуп өткөн.

№9 шаардык автобустарынын айдоочуларынын бири Бекжан Султанов,  шаардык унаалар мурунку калыбында, тактап айтканда таңкы саат жетиден тартып иштей берет,- деди.

Ушул сыйктуу кабарын маршруттук таксилердин да айдоочулары билдирди.

«Манас» аэропортунда рестердин өзгөртүлүшү күтүлбөйт.

Аба ырайы

«Аба ырайы жана климат» метеопорталынын маалымында, ноябрь айында суук болушу  3-4-ноябрларда катталып,  температура -2,7 жеткен.

Кыштын келишине карабастан ноябрь айы жылуу, мисалы 2010-жылдын ноябрь айында борбор калаадагы аба ырайы бир дагы жолу -0 градусуна түшкөн эмес. Ал эми 2009-жылы мындай кырдаал бир гана жолу катталган.

Бишкекте ноябрь айындагы аба ырайы +4 градустун тегерегинде болуп, 2005-жылдан бери андан түшпөгөндүгү байкалат.

Байкоочулардын маалыматында,  ноябрь айындагы эң жылуу күн 2009-жылдын 4-ноябрында болгон. Анда күндүзгү температура +28 градуска чейин жеткен.

Эң ызгаардуу ноябрь айынын күндөрү 1952-жылдын 29-30-ноябрларына туш келген.  Анда өтө катуу суук болуп, түнкү температура -29 жана -30 градусту көрсөткөн.

Авторлор: Бектур Искендер жана Диана Рахманова
Сүрөттүн автору: Тимур Райымкулов
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы