Бишкектеги кафелердин биринде болгон ууланууда - кардар өзү күнөлүү

5-ноябрда борбордогу «Арал» кафесинде   куран окутулгандан кийин кырктан ашуун киши Республикалык ооруканага кайрылышкан. Кафенин жетекчилиги жана саламаттык сактоо министрлиги,  эскерүү кечесин уюштургандар өздөрү бузулган тамак алып келген деп билдирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова «Клоопко» берген маалыматында, тамактануудан ууланып кайрылган 41 кишинин арасынан 20 оорулуу  дарыланууда. Ал эми калган 21 адам медициналык кызматкерлердин кароосунан кийин үйүнө жиберилген.

«Калган жабыркагандардын абалы азыр канааттандырарлык",- деп билдирди  басма сөз кызматынын башчысы.

«Арал» ашканасынын ээси Дөөлөтбек Жусупбековдун билдириминде, куран окутууга имаратты 5-ноябрда ижарага алган Нургазы Камбаров өзү массалык уулануунун келип чыгышына себепчи болду.

Куран окутуу күнү элдин алдына коюлуучу тамак-аштын баарын уюштуруучу тарап өзү алып келээри сүйлөшүлгөнүн ашкананын жетекчиси айткан.

«Азыр заман оор. Ошондуктан биз кардарлардын капчыгына төп келген сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көп учурларда алардын шарттарына макул болобуз. Ошондуктан алар казы-карта, чучуктарды бир күн мурун даярдап коюшуп, эртеси дасторконго салышат. Бир күн туруп калган тамак бузулуп кеткендиктен улам, келген коноктор ууланууга дуушар болду», — деп эсептейт ашкана ээси Жусупбеков.

Ал эми эскерүүгө конок чакырган Камбаров өзү тамак-ашты үйдөн алып келгенин айтып, ашкананын башчыларына карата эч кандай доомат артпай турганын билдирди.

Ашкананы жабуу

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Баялинова, азыркы тапта массалык ууланууга дуушар болгондордун себеби эмнеде экенин мамлекеттик санэпидем көзөмөлдөө кызматы иликтеп жатканын кошумчалады.

«Ошол учурда колдонулган тамактар адистер тарабынан лабораториялык текшерүүгө алынган. Мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө кызматынын башчысы Төлөн Исаковдун алдын-ала берген маалыматы боюнча,  келген коноктордун ууланышы, бир күн туруп калган тамак-аштар менен байланыштуу. Имаратты ижарага алган кишинин үйүндө жарым фабрикаттар жасалып, оозу жабык целлофан баштыктарында бир күндөн ашык убакыт туруп калган», — деп саламаттык сактоо министрлигинин пресс-катында жазылган.

Баардык нерсе такталганга  чейин ашканын иши токтотулганын катчы кошумчалап, анализдин жыйынтыгы ушул жуманын аягында билинет деди.

Бирок ашканын ээси министрликтин чыгарган чечимине нааразы болуп, макул эместигин билдирди.

«Мен имаратты ижарага бергендигим үчүн күнөөлүү болушум керекпи. Ижарачылар алып келген тамак-ашынын анализин алып, анан санэпидемстанциянын чечимин үч күн күтүшүбүз зарылбы, же аларга үч күндүн ичинде жылкыны союп, баарын даяр кылгыла деп айтышым керекпи?» — деп нааразы болду Жусупбеков.

Жакында эле элдин бул ашканадан ууланышы эч нерсе болбойт деген дагы бир кардар Мурадил Балыбаев, өзү бир ай мурун пландаштырган иш-чараны ушул жактан өткөрөөрүн билдирди.

«Менин саламаттык сактоо министрликтин койгон санкциясы менен ишим жок. Алар эртерээк мага бул тууралуу эскертип койсо болмок. Коноктор менен мен эмне кылышым керек эми? Саат түш болду, биздики болсо эт дагы быша элек, дасторкон да жайыла элек», — дейт Балыбаев.

«Арал» ашканасында катталган кырдаал биринчи жолу болгон жок. 2008-жылдын 3-мартында, «Светлячок» окуу-тарбия бала бакчасында да түшкү тамактануу болгондон кийин он бала жана бир тарбиячы ууланган.

Баардык жабыркагандар дароо ооруканага жеткирилген.

Кичине балдардын уулануусунун себеби, тамак даярдоодо санитардык нормаларды сактабай, коопсуздук талабына жооп бербеген азык-түлүктөрдү колдонгондуктан улам келип чыккан деген чечим болгон. Мектеп жашына жете элек кичине балдардын уулануусу боюнча кылмыш иши козголгон.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы