КТРК Орусия теле көрсөтүүсүн, шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан соң жандандырат


КТРКнын техникалык мүдүрү  Бахтияр Алиевдин  билдирүүсүндө, БШК шайлоонун жыйынтыктарын жарыялаганга  чейин КТРК Орусия телеканалдарынын көрсөтүүлөрүн бир сааттык кечигүү менен алып көрсөтүп турат . Ал эми «Ала-ТВ» кабелдик каналы чет элдик жаңылыктар көрсөтүүлөрүн түз алып чагылдыруусун шайлоо бүтөөрү менен баштаган.

26-сентябрда президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталышы менен, Коомдук телерадиокорпорация Орусиянын «Биринчи канал» жана «Россия-24» телеканалдарынын көрсөтүүлөрүн бир саат кечигүү менен берип баштаган.

Бул-шайлоо тууралуу жаңы мыйзамда жазылган жоболордун улам жасалган. Ага ылайык чет элдик массалык маалымат каражаттарына үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксаат берилбеген.  Жергиликтүү телеканалдар чет элдик көрсөтүүлөрдү жаздырып алып, талапкерлердин «кадыр баркына шек келтирген» жерлери кездешсе, аны эфирден алып салуу кажетти  болгон.

Шайлоо бүтөөрү менен «Ала-ТВ» кабелдик каналы үгүт иштери учурунда көргөзүүдөн алынып салынган чет элдик каналдардын көрсөтүүлөрүн жандандырып, «Евроньюс» жана Си-Эн-Энди да кайра көрсөтө баштаган.

«Үгүт иштери бүткөндөн кийин биз дароо эле көрсөтүүлөрдү эфирге бердик», — деп  билдирди аталган каналдын мүдүрү Василий Гончаров .

Кабелдик телеканалдан айырмаланып коомдук биринчи канал Орусиянын «Биринчи» жана «Россиянын» көрсөтүүлөрүн эфирге кошо электигин айтып, мыйзамга төп келүүгө аракет жасап жатканын билдирди.

«Клоопко» берген маегинде КТРКнын техникалык башчысы Бахтияр Алиев,  шайлоонун расмий жыйынтыгы 19-20-ноябрда жарыйялангандан кийин Орусиялык телеканалдар түз эфир аркылуу өз көрсөтүүлөрүн чыгарып тураарын айтат. Ал БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, элдин көп добушуна ээ болгон премьер-министр Алмазбек Атамбаевди президент деп жарыялайт деген ойдо.

Шайлоо тууралуу мыйзамдын өзүндө жаздырып алып ретрансляциялоо шайлоо жүргузүлүп жаткан учурда болуп турушу керек деп жазылгандыгына карабастан, анда бул мезгилге кайсы убакыттар  кире тургандыгы так жазылган эмес.

Кечигип көрсөтүү  үчүн ылайыктуу жабдыктар жок

«Ала-ТВ» – Бишкек шаарындагы эң ири кабелдик тармак катары эсептелет. 60 телеканалды өз абоненттерине сунуштайт. Аталган канал  жаңылыктарды тиешелүү жабдыктардын жоктугунан улам жаздырып алып көрсөтө алган жок.

«Талапкерлердин кадыр баркына шек келтирген жерлерин таап чыга турган атайын кызматкерлерди жалдап, андан тышкары жаздырганга жакбыктарды да алыш керек. Мунун баарын ишке ашырганга  40-50 миң АКШ доллары керек болот», — деп билдирген «Ала-ТВнын» башчысы 12-сентябрда .

Кечигүү менен ретрансляциялоого тиешелүү жабдыктардын жок болгондугуна байланыштуу Бишкектеги «Долон» жана «Смарт» кабелдик телеканалдары дагы 25-сентябрдан тартып, 30-октябрга чейин чет элдик каналдардын жаңылыктарын токтотууга аргасыз болгон.

Алыдын ала жаздырып алып эфирге көрсөтүүлөрдү алып чыгуу боюнча жаңы мыйзам Кыргызстандыктардын арасында бир топ талкууланды. Орусиянын НТВ телеканалынын көрсөтүүлөрүн алган Кыргызстандагы НТС каналынын жетекчиси Бакыт Аманов чектөөчү  норманы «адам укуктарын бузуу» деп атады.

Бир катар укук коргоочулар шайлоо тууралуу бул мыйзамдын киргизилиши менен катар эле цензура киргизилди дешет.

Кыргызстандагы шайлоо алдындагы компанияга башка өлкөлөр кийлигишпесин деп бул мыйзамды чыгардык дегендер, Өмүрбек Текебаев башында турган «Ата-Мекен» партиясынын парламенттеги өкүлдөрү болду.

2010-жылы болгон парламенттик шайлоодо Орусия телеканалдарынын берген маалыматтарынан улам жапа чеккенин Өмүрбек Текебаев билдирет. Чет элдик канал берген видео тасмада Текебаев белгисиз бир айым менен жыныстык катнашта болуп жаткандыгы көрсөтүлгөн. Фавориттердин бири болуп эсептелингендиги менен бул партия жыйынтыгында шайлоодо бешинчи орунга араң илинген.

Редактор: Бектур Искендер
Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы