БШК: 2011-жылдын соңуна чейин Атамбаев башкарууну өз колуна алат


Алмазбек Атамбаевди өлкө башчысы катары расмий түрдө инаугурациялоо белгиленген  мөөнөтүнөн 11 күнгө  эрте болот.  Жаңы шайланган президент  өткөөл кырдаалдын  ажоосу  Роза Отунбаеванын ордуна 2012-жылдын 1-январында келиши керек эле. Бирок, 20 декабрга чейин так алмашуусу болуп өтмөкчү.

БШКнын айтымында,  белгиленген мөөнөтүнөн эрте, тактап айтканда 2011-жылдын 20-декабрына чейин Алмазбек Атамбаев бийлик башына келет.

Конституциянын 58- беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык «Жогорку Кеңеш жана президентти шайлоо» тууралуу мыйзамга карата,  Атамбаев шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан соң, 30 күн аралыгында  инаугурациядан   өтүшү керек.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы, болуп өткөн күндөн 20 күн аралыгында чыгарылат.

«19 же 20-ноябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жарыялап, жеңүүчү ким болгонун айтат», — деп билдирди БШКнын өкүлү Рашид Бекбасаров .

Макаланы жазып жаткан учурда  президент Роза Отунбаеванын басма-сөз катчысы Султан Каназаровдан  комментарий алууда  байланыша алган жокбуз.

БШКнын божомолдуу түрдө берген маалыматтарына караганда, Атамбаев шайлоочулардын 63%дан жогорку добушуна ээ болуп, президенттик шайлоодо алдыга чыга алды.

Анын айтымында, эгер шайлоо-2011 өткөн жок деп табылса, анда жеңишке жеткен талапкердин инаугурация аземи болбой да калышы  мүмкүн.

30-октябрда шайлоо убактысы аяктагандан кийин  утулуп калган 8 талапкер, анын ичинде алдыда келе жаткан Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевдер,  БШК шайлоону жараксыз деп таанышын талап кылган. Атамбаев тарабынан административдик ресурстар колдонулду деп билдиришкен.

Андан бир күн өтүп, 31-октябрда Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов, административдик ресурстар колдонулду деген айыптарды четке кагып, шайлоо-2011 Кыргызстанда ачык жана таза өттү,- деди.

Эгер,  БШК Атамбаев президенттик шайлоодо жеңди деп расмий билдирүүсүн жарыяласа, бул талапкер эгемендүү Кыргызстандын төртүнчү башчысы болуп калат.

30-октябрда өзүнун шайлоо учаткасында добуш берип жатып. Роза Отунбаева бийликти өткөрүп бергенден кийин «Кыргызстадын өнүгүшү үчүн» кызмат кылуусун уланта берээрин билдирген.

Жаңы тандалып алынган президент Кыргызстандыктардын астында 2011-жылдын 31-декабрынан 2012-жылдын 1-январынада жаңы жылдык куттуктоосу менен сөз сүйлөйт.

«Орусия менен жакын кызматташтык»

Алмазбек Атамбаев Орусия Федерациясынын башкаруучулары менен жакын досук мамилеси бар экени элге таанымал болду. Ушул эле жылы ал премьер-министр Владимир Путин менен бир нече ирээт расмий жолугушууларды өткөргөн.

Мында жолугушуулардын бири шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жаткан мезгилде өтүп, Атамбаевдин аппоненттери азыр иштеп жаткан мыйзамга был туура келбейт деп айтып, анын кылган иштерине нааразы болушкан.

Чет элдик массалык маалымат каражаттарынын айтымында, Кыргызстан Орусия менен жакын мамиледе болуп,  балким бажы кызматташтыгына кошулуп калат деп билдирет.

«Тышкы саясатта Атамбаев басымды Орусияга жасайт. Анын компаниясы аяктап жатканда бекеринен Кыргызстан бажы кызматташтыгына кирүү кабарын жарыялаган эмес. Атамбаев президенттикте турган мезгилде бул мамлекет Орусиянын Москва шаарынан келип туруучу насыя жана башка көрсөтүлгөн жардамдарды актап турууга болгон күч-аракеттин жумшайт», — деп жазган «Ведомости».

Президенттик кызматтка киришкен соң,  Атамбаев «Манас» аэропортундагы АКШ аскер базасын Кыргызстандын аймагынан чыгарып салууну көздөөдө.

"Бул жарандык аэропорт. Америка жана Ирактын ортосунда согуш болуп өттү. Балким, Америка Иран менен кагылуушусу болуп калышы ыктымал. Алар, биригип "Манас" аэропортуна ракета жиберсе эмне болот?",-деп билдирген Атамбаев Би-Би-Синин корреспонденти менен болгон маегинде.

"Атамбаевдин жеңишке жетиши түштүк аймактык козголууну пайда кылышы  мүмкүн. Ал жакта Мадумаров жана Ташиевдин саясатты күчтүү",-деп билдирет  АйЭйчЭс Глобал Инсайт борборунун серепчиси Лилит Геворгян "Блумбергге" берген интервьюсунда.

Авторлор: Диана Рахманова жана Азат Рузиев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы