Караколдуктар "канкордун" пайда болгонунан улам эшикке чыгуудан коркушат


Каракол шаарынын тургундары, жакында сөөгү табылган аялдарды бир эле киши өлтүргөн деп айтышууда. Ыссык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бир нече жолу өлүмгө алып келген кылмыш ишин анык эместигин айтып,табылган аялдардын сөөктөрү ар башка убактарда жансыз калган деп билдирди.

Караколдун тургуну,  24-жашар  кыздын сөөгү 6-ноябрь күнү  ИИБнүн кызматкерлери тарабынан табылган.

Ал эми,  39-жашаар аялдын жансыз денеси  "зордукталган деген белги менен"  28-октябрда Каракол шаардык мал базарынын жанынан табылган.

Караколдо,  шаар тургундары «канкор» пайда болду деп шектенишүүдө.  Эки адамдын өлүмүнөн  кийин шаар жашоочулары кечкисин эшикке чыгуудан коркуп калышкан.

Караколдун тургуну Аскат Турдубеков,  шаарда канкор адамдын  пайда болгонуна ишенээрин айтып, кыздарды сак болууга чакырды.

«Ал (канкор) эки аялды өлтүрдү. Мен кээде эшикке чыккандан коркуп калдым. Кыздардын  кечинде чыкканы коопту», — деди Турдубеков.

Айгүл Казбекова,  эшикке чыгуу азыр адаттагыдан да коркунучтуу экенин билдирди.

«Албетте мен корком, элдин баары эле кечинде баскандан коркуп калды. Анткени «маньяктар» психикалык жактан оорулуу болушат, эркектерди өлтүргөнгө кудурети жетпей, аялдарга асылышат», — деди Казбекова.

Шаардын дагы бир тургуну Айсулуу Бакыт кызы киши өлтүргүч бар экенине ишенбээрин айтат.

«Далилдер жок, ошондуктан мен ишенбейм. Ал эми бар болгон күндө деле,  бул албетте жаман. Элдердин көпчүлүгү шаарда «маньяк» пайда болду дегенден баштап мен көчөгө чыккандан коркуп калдым», — деп кошумчалады Бакыт кызы.

Үй кожойкеси Айнура, кеч куруун эшикте баскандан корпойм,- дейт.

«Эч кандай маньяк жок, мунун баары ушак. Мен коркпойм,  дайыма эле жумуштан кеч келем», — деди Айнура.

Ыссык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Руслан Балапанов, Караколдогу «маньяк» тууралуу маалыматты жалган экенин билдирди.

«Каракол шаарында «маньяк» пайда болду деген факт -жалган. Бул эки аялдын өлүмү бири-бири менен байланыштуу эмес. Алар ар кандай убакытарда жана башкача жагдайда өлтүрүлгөн. Мындан мурун бул аялдардын туугандары арызы менен бизге кайрылышкан эмес», — деди Балапанов.

Кыздардын өлүмү

24-жашар  кыздын  башы жок денеси ОсОО «Пилорама Садус» мүмкүнчүлүгү чектелген коомдун жанында табылган.

«Милициянын нөөмөтчүсүнө белгисиз адамдан телефондук чалуу болгон. Анда «Пилорама Садус» мүмкүнчүлүгү чектелген коомдун жанында жайгашкан Токтогул атындагы көчөдө бир аялдын сөөгү жатканын кабарлаган. Аялдын баш сөөгү табылган жок. Балким ал спирт ичимдиктерин ичип жүргөн жана кылмыш ишин анын бөтөлкөлөш достору жасап койгон», — деп билдирет Балапанов.

Басма- сөз кызматынын башчысы каза тапкан келиндин жолдошу жана эки баласы бар экенин кошумчалады.

Ал эми, экинчи 39-жашар аялдын табылган сөөгү боюнча кылмыш ишинин издери бар экенин Балапанов билдирди.

Анын айтымында, аялды зордуктоо менен өлтүргөн. Азыркы тапта ИИБ тарабынан шектүү деп каралып жаткан адамды колго түшүрүү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат,- деди.

Көз жумган аял 1972-жылы туулгандыгын жана ал христиан чиркөөсүнүн сакчылар үйүндө тиричилик кылып келгенин ИИБ иликтеп чыккан.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, аялдын моюнунун капталы курч нерсе менен кесилгенин билдирди.

Ички иштер министрлигинин берген маалыматына караганда, Ыссык-Көл облусу адам өлтүрүү жана киши өмүрүнө кол салуу кылмыштуулугу боюнча биринчи орунда турат. Үстүбүздөгү жылы ушул сыяктуу 32 кылмыш иши катталып, 2010-жылга салыштырмалуу 33%га көп болгон.

Өткөн жылга салыштырмалуу зордуктоо жана адам өмүрүнө кол салуу кылмышы быйыл Ыссык-Көл облусунда 20 пайызга көбүрөөк катталган.

Автор: Азат Рузиев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы
Сүрөт flickr.com сайтынан алынды